№667 14-август-20-август, 2015-ж
7-август күнү ырчы KG Эльмураттын унаасы Бишкек шаарынын 6-кичирайонунда 155-маршруттук такси менен кагылышып кеткен. Жол эрежесин маршруттук таксинин айдоочусу бузган. Ырчы рулда болгондуктан сынган терезенин сыныктары ырчынын колуна, моюнуна, буттарына кирип кеткен. «Бир аз жаракат алдым. Жол эрежесин бузган айдоочу машинаны оӊдотууга кеткен каражаттын 80 пайызын төлөп берди. Мен моралдык компенсация төлөп бер, доктурга кеткен акчаны төлөп бер дебестен тосмо арыз жазып бердим. Анткени былтыр жалгыз карындашымды машина сүзүп кетип каза болуп калган. Ошондуктан аман калганыма сүйүндүм. Мындай кырсыктардан Кудай сактасын деп түлөө өткөрдүм»,- дейт KG Эльмурат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |