№667 14-август-20-август, 2015-ж
Азыр артисттер эле эмес, жөнөкөй адамдардын арасында да кантип арыкташ керек деген маселе көп. Эл көзүндө жүргөн жылдыздарыбыз арыктоо үчүн кандай аракеттерди жасайт, сурап көрөлү.
Кенже Дүйшеева: «КҮЙӨРМАНДАРЫМА МУРУНКУ КЕНЖЕНИ БЕЛЕК КЫЛДЫМ»
– Учурда спорт залга барып машыгып жатам. Ага алымсынбай кечинде стадиондо чуркайм. Тердеп-кургап күнүгө 6 сааттан бийлейм. Андан сырткары мүнөздөп тамак жеп калдым. Жыйынтыгында 5 килограммга арыктаптырмын. Кандай максат койбо, ага жетиш үчүн бекем эрк керек. Мурда менде семирүү деген маселе болчу эмес. Анткени жаным тынбай кыймылда болчумун да. Акыркы кезде кыймыл азайгандыктан толуп кеткем. Жактырган көйнөктөрүм батпай калганда аябай жаман болдум эле. Азыр аларды кийип жыргап калбадымбы. Бир сөз менен айтканда, мен күйөрмандарыма мурунку Кенжени белек кылдым десем болот.
Мерген Турган: «АРТИСТТЕРДИН БААРЫН АРЫКТАТАМ»
– 6 айдын ичинде 13 килограммга арыктадым. Алдыма 20 килограмм салмак таштайм деп максат койдум эле, бирок ага жетпедим. Дагы бир аз арыктасам жакшы болмок, сахнага жапжаш болуп чыга келмекмин. Тааныштардын кеӊеши менен бир компаниянын азыгын ичип жатам. Жаӊы төрөлгөн баладай эле болуп калдым. Буюрса, артисттердин баарын арыктатам деп жатам. Райхан Абдувалиеваны 14 килограммга арыктатып салдым. Чолок шымдарды кийип, кичинекей жаш кызга окшоп калды.
Роза Шакирова: «БУТУМДУ АРЫ, БЕЛИМДИ БЕРИ ЧОЙДУ ЭЛЕ БАРБАЙ КОЙДУМ»
– Орозо кармагандан кийин эле арыктоону чечтим окшойт. Катуу диетага отурбадым, спорт залга барып атайын машыккан деле жокмун. Болгону кечки саат алтыдан кийин тамак жебейм. Болбой эле курсагым ачып баратса дарбыз же алма жеп коём. Мүмкүн болушунча жашылчаларды, алардан жасалган салаттарды жегенге аракет кылам. Нан такыр жебей калдым. Арыктаганга жардам болсун деп бийге бардым эле, бутумду ары чоюп, белимди бери чоюп кыйнашты эле токтотуп койдум. Анын ордуна кеч кирип, эл таанылбай калган учурда үйдүн жанындагы мектептин стадионуна барып чуркап жатам.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
1) чон кузгу,тараза алнз.(эгер болбосо)
2)кундо эрте мн кечинде таразага тушунуз. 3)Кузгунун мандайына туруп алып чоюлчаак конугуулорду жасанз,музыканын коштоосунда.
4)тамактарды ылгап жениз(чайды шекерсиз,салатты майонезсиз)
5)1саат короодобу,кочодобу басыныз.ходьба эн пайдалуу,жэнил,билинбегени мн бут денени кыймылга салат.кулакка наушникти салып,эрте мн эрте балдарым,жолдошум уктап атканда шаарды айландым жазда.7кг арктдм.ушунда.
7)диета дептерин ачыныз.кундо число коюп,жегендеризди жазнз.
8)6'7'ден кийин категарично жебенз.
арыктаганда жашара тушосун.кийим да жакшы жарашат.той-тополондо куйоондун жанында ынгайсыз да болбойсун.менин куйоом жакшынакайсын деп коер эле арыктаганыма аябай суйунгон.
Роза эже арыктабаса деле келбети озуно куп жарашып турат.
Мерген Турганды ХХХ ХХХ
Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
чон кыз бул тамашада чындыгына жараша