№667 14-август-20-август, 2015-ж
ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО катышмакчы болуп жаткан партиялардын саны 34төн 30га кыскарды. 4 партия белгиленген мөөнөттүн ичинде банкта эсеп ачкан эмес.
Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун Президенттик аппараттын экс-башчысы ДАНИЯР НАРЫМБАЕВДИ 15-сентябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин күчүндө калтырды.
Темир Сариев "ДАТКА-КЕМИН" жогорку чыӊалуудагы электр линиясын ушул жылдын 31-августуна чейин толугу менен бүтүрүп, ишке берүү керектигин белгиледи.
Башкы прокуратура бала бакчанын жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирип жиберүү фактысы боюнча Ош мэриясына байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди. «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу» беренелери боюнча козголгон бул иштер шаарды МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВ жетектеп турган мезгилге туш келет. Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |