«БИР БОЛ» ПАРТИЯСЫНДА ГЕНЕРАЛДАР ЖАНА ЧОЛПОН ЖАКУПОВА

№667 14-август-20-август, 2015-ж

Бардык партиялар шайлоого даярдыктарын көрүп, съезддерин өткөрүүгө кам көрүп жатышат. Алардын арасында «Бир бол» партиясы да бар. Партияга келип кошулгандардын тизмеси дале уланып, катарга укук коргоочу, «Адилет» укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова кошулду. Бул тууралуу партиянын басма сөз катчысы Лунара Мамытова маалымдады.
Чолпон Жакупова көп жылдардан бери укук коргоо жаатында эмгектенип, миӊдеген жарандарга укуктук жактан жардамдарын көрсөтүп келет. Аны баары юрист, адвокат катары жакшы билишет.
Буга дейре партияга Жогорку Кеӊештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев өзүнүн партиясы менен кошулган. Абдылдаев убагында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болгон, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин жетектеген, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын башчысы болуп турган.
«Бир болго» прокуратуранын генералы кошулганын сөз кылып бүтө электе дагы бир чоӊ жылдыздын ээси, милициянын генералы Бакирдин Субанбеков да бул партиянын тизмесинде депутаттыкка аттана турганы белгилүү болду. Райондук, облустук милиция бөлүмдөрүн, ИИМдин башкармалыктарын жетектеп, ички иштер министри да болгон Бакирдин мырзанын да басып өткөн жолу милиция кызматкерлеринин эсинде. Анын күч органында натыйжалуу иштегенин, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү эмгегин милиция кызматкерлери бүгүнкү күнгө чейин айтып келишет. Ишиндеги жетишкендиктери убагында бааланып, ошол кездеги президент Аскар Акаев сыйлык, наамдар менен сыйлаган.
Мына ошентип мыйзамдын үч багыттагы «генералдары» бир жерге чогулушту.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(8)
17.08.2015. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир болдун тизмесинде бут эле эски карышкырларго бири бирин жеп коюшпаса болду!
19.08.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардыгын жейбиз деп чогулгангоо булар,тынч болушсунда бири бирин жебей Алтынбек ака ноокаттан болот шайлоодон отуп калса спортту онуктурот спорт онуксо мамлекеттин аты алыска тарайт
21.08.2015. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Темселеп журо беришет, карманды толтура беришет ,ач карышкырдын жарылганча жесе дагы курсагы тойбойт
24.08.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпон эже абдан тажрыйбалуу эже, эже менен наристелерин укугун коргоо боюнча Адилет клиникасынын проектисинде чогуу иштешкем. Эже чындыгына кесипкой, ишти ийинине жеткире аткарган инсан экендигине ынангам.Ошондуктан Чолпон эже депутат болуп калса абдан сонун болот.
24.08.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка партияларга салыштырмалуу Бир болдун тизмеси "таза". Чолпон эженин Бир болго кируусу стратегиялык жактан ото мыкты кадам болду.
24.08.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Партиянын списогун карасанар тажрыйбасы зор, эмгек синген инсандар коп экен ичинде. Эгерде баардыгы биргелешип иштесе Кыргызстан учун абдан пайдалуу болот деген ойдомун. Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Джакупова, Кыяс молдокасымов эл сыйлаган, эл ишенген адамдар.
24.08.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпон эженин буга чейинки жасаган иштери көңүл сүйүнтөөрлүк.Элибиз үчүн талбай кызмат кыла бериңиз.Биз сизди дайым колдойбуз.Бар болуңуз!Бир бололу!
24.08.2015. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпон Жакуповнаны күчтүү команда менен көрүп жатканыма абдан кубанычтамын.Бир Бол партиясына өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер топтолгон .Биз сиздерге ишенебиз.Бир бололу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо