Роза Шакирова, ырчы: «МЕНИН БАШЫМА ДА КАРГА ЧЫЧАР ДЕП ЫЙЛАГАМ»

№668 21-август-27-август, 2015-ж

Шаӊдуу да, кайгылуу да ырлардын майын чыгара аткарган ырчы айым Роза Шакирова менен баарлаштык. Бул жолу анын жан адамга айтпаган сырларын угуп, жан дүйнөсүнө саякатка чыктык.

«АТАМДЫН ЖАКШЫ КӨРГӨН КЫЗЫ БОЛЧУМУН»
-Кичинемде өтө эрке элем, үйгө конок келсе «кызым, кел, ырдап койчу» деп атам чакырып алчу. Бир жолу аяш атам конокко келип, адатымча атам экөө отурган жерге кирип барсам, мага көӊүл бурбай сүйлөшүп отурушат. Барып атамдын тизесине отурсам деле байкашпады. Анан тура калып белимди ийип бийлейм деп тоголонуп кеттим. Уялганымдан ыйлап ийсем, атам «ой, кызым эсимден чыгып кеткен турбайбы, кана, шпагатка отуруп берчи» деп көӊүлүмдү алып койгон.
Боз ала болуп эле ойноп жүрчүмүн. Саксайып же чачым таралбайт. Ошондой болсом да атамдын эӊ жакшы көргөн кызы элем. 1-класска барарда жуунтуп, тарантып, чыкыйтып кийинтип мектепке жөнөтүшкөн. Ошондо жолдон атам мени тааныбай өтүп кетиптир. Үйгө келип «Роза кана?» деп сураганынан үйдөгүлөр «мектепке кетти» дешсе артымдан барган. Ошондо «кызым, ушундай жакшынакай белеӊ?» деп таӊ калып көтөрүп эркелеткен эле. Алиппе майрамына даярданып ырларымды аябай жаттагам. Мен «Д» тамгасы элем. Майрам башталганда окуучулардын баары ырларын айтышты, мага кезек келгенде жаттаган ырымды айта албай «Д» тамгасы дүӊгүрөп» деп 3 жолу айтып чыгып кеткем.

«ОКУЙМ ДЕП 500 СОМ МЕНЕН ОШКО КЕТКЕМ»
-Апам мени тигүүчү болот десе, атам «Мыскал Өмүркановадай ырчы болот» дечү. 1995-жылы ата-энем үй курабыз деп камдаган темир-тесекти 600 сомго сатып, 100 сомун өздөрүнө алып, 500 сомун мага берип Ошко окууга жиберишкен. Музыкалык окуу жайга тапшырдым. Вокалга орун толуп калып, өмүрү укпаган кларнет деген үйлөмө аспап факультетине өттүм. Атын унутуп калбайын деп дептерлеримдин ар бирине жайнатып кларнет деп жазып алгам. Анан беш айдан кийин вокалга которулуп, Абды Кожомжаров деген агайдан сабак алдым. Комуз менен ырдасам мугалимдер «опера ырчысы болгуӊ келсе эстрада менен ырдаба» деп айтышчу. Ырчы Орозгүл Токторбаева менден 1 курс өйдө окучу. Аны тойлорго көп чакырышар эле, ал шерик кылып мени ээрчитип алчу. Мага комуз менен ырдоону Орозгүл үйрөткөн. «Үнүӊ сонун, эстрада менен ырдасаӊ жакшы болот» дей берип эстрада, фольклорго ооп кеттим.

«АСЫЛБЕК БАЙКЕНИН ЫРЛАРЫ МЕНЕН ӨСТҮМ»
-2003-жылы Бишкектин четиндеги Новопавловка айылында батирде жашачумун. Батирдин ээси той кылып мени «ырдап бер» деп чакырды. Ошол тойго Асылбек Өзүбеков келинчеги менен келген. Асылбек байке «азамат, атыӊ ким?» деп сурады эле, «Роза» десем, «мм, жакшы» деп койду. Сүйүн эже (ред.Өзүбековдун жубайы) «Ушул кызды «Туӊгуч» театрына алсаӊчы, үнү жакшы экен. Акча тапканда бардык эле кыз өзүн-өзү карап калат» деген. Ал кезде толук кыз болчумун.
3 күндөн кийин 1 автобус толо ырчылар Асылбек байке менен Таласка гастролго бардык. Комуз менен ырдап жатсам улам абышка-кемпирлер келип акча кыстарышат. Санасам 4 миӊ сом экен, Асылбек байке гонорар деп 2 миӊ сом берди. Ошентип аны менен тойлорго бара баштадым. Ар бир тойдон миӊ сомдон берет. Бир күнү апамды шаарга чакырып, 10 күндө тойдон чогулткан акчама кийим алып берип айылга жөнөткөм. Асылбек байкенин ырлары менен өнүгүп-өсүп, ушул күнгө чейин келе жатам.

«ЖАЛАӉ СУУ ИЧИП ЖАШАГАН КҮНДӨРҮМ БОЛГОН»
-1999-жылы Оштон музыкалык окуу жайды аяктап, Бишкектеги Улуттук консерваторияга тапшырдым. Акча табыш үчүн бир кафеге идиш жуугуч болуп жумушка орноштум. Бир күнү жакын курбумдун эжеси издеп келиптир. Мени көрүп «ий, байкуш сиӊдим, сен идиш жууп калдыӊ беле?» десе, намыстанып ыйлап жибердим. Анан ал эже «Мындан ары иштебейсиӊ! Сен идиш жууй турган кыз эмессиӊ, ырдай турган кызсыӊ» деп мага акча салып турмай болуп Орусияга кетти. Ошентип Орусияга кеткен эжем турмушка чыгып кетип, мага жардамдашканга убактысы жок болуп калды.
Иштен кетип калганда 3 күн ачка калдым. Дүкөндөн карызга нан ала берип, акыры дүкөнчү эже да карызга бербей калды. Суу ичип жашадым. Ырчы Жамал Абдукеримова экөөбүз 1 бөлмөдө турчубуз. Жаш экенбиз да, экөөбүз уруша кеткенбиз. Ал деле мени бага берип чарчады окшойт. Мага сүйлөбөй өзүнчө тамак ичет. Жалаӊ суу ичкениме 3 күн болуп, сабакка да барбай калдым. Тура албай жатсам сонун тамак жыттанып кетти, көзүмдү ачсам Жамал балык бышырып жеп жатат. Ошондо менин башыма да карга чычар деп ыйлагам. Ыйлап жатып уктап кетиптирмин, бир маалда бирөө эшикти такылдатты. Ачсам бир бала «сизге бир тууган акеӊиз Нурмат Якутиядан акча салып жиберди» деп 20 миӊ рубль берди. Дароо акчаны алмаштырып, чоӊ балык сатып келип кууруп жегем. Анан Айдаркенге кеттим. Айылыма жеткенде таксиден түшүп алып кыйкырып ыйлагам. Тигил таксист киши байкушка кичине жетишпейт окшойт деп ойлоду болуш керек. Ошентип жүрүп шаарга да көнүп кеттим.

«ЖОЛДОШУМ ЫРДАГАНЫМДЫ ЖАКТЫРАТ»
-Көпчүлүк «сахнага жаӊы чыкканыӊда чачыӊ сары болчу» деп айтышат. Чачым башында кара болчу. Нурбек Дайырбек уулу экөөбүз ырдаган «Карабачы» деген ыр хит болуп жатканда силердин гезитке чакырышкан. «Сүрөткө түшөбүз, гезитке чыгабыз» деп чачымды сапсары кылып боёп салгам. Жолдошум менен таанышканда «Роза, чачыӊды башка түскө боёчу» деди. Болбой эле жүрө берсем сулуулук салонуна алып барып, өзү бир түстү тандап боётуп салган. Андан көп өтпөй эле үйлөнүү тууралуу сунушун киргизди. Ойлонбой туруп макул болдум. Анткени мен ойлонгучакты аны жоготуп алчудай сезилди. Дароо макул болуп алып аябай уялгам. Атам турмушка чыгардан мурун «аны жакшы көрөсүӊбү?» деп сураганда мен «сүйөм» дедим. «Бактылуу болгула, Кудайым силерге эркек бала берсин» деп батасын берген болчу. Кудайга шүгүр, жолдошум жакшы, бир уулубуз бар. Нурсейит эл алдына чыкканды жактырбагандыктан «өз ишиӊе мени аралаштырба» дейт. Бирок чыгармачылыгымды колдойт, ырдаганымды жакшы көрөт. Жаӊы үйлөнгөндө кечке эле ырдата берчү. Азыр болсо ырдасам «акырынчы» деп калат.

"Студенттик күндөрүмдөгү кыйынчылык болбосо мынчалык өспөйт элем".

"Сары чачтуу "блондинка" кезим".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Жолдошумду акчанын күчү менен сүйүп кеттимби деп ойлойм" дейт Роза Шакирова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(82)
24.08.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шайыр шаттуу,абдан барктуу,кыргызымдын кызы роза эже бар болунуз дайыма жонокойлугунуздон жазбаныз,сизди урматтайбыз!
02.09.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zezim2000,жакшы маек болуптур. Сураныч Роза
Аманова жөнүндө жазгылачы
03.09.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
24.08.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага да жакты маегиниз абдан кызыктуу болуптур
Сизге лен соолук уй булоолук бакыт баатыр эне болун,
Сиздин унунуз ырларыныз жана озунуз абдан жагасыз
Сиз жонундо макала корсом эле калтырбай окуп кором,
Баардык ырларынызды чын журоктон тындап угам!!
24.08.2015. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роза эже маегиниз жакты абдан сонун болуптур ,сизге ден соолук уй булоолук бакыт ,баатыр эне болунуз,сиздин чыгармачылыгынызды аябай сыйлайым,ырларынызды тындап чын журоктон угам,эч качан оорубан баланыздын пешенесине аман болун!
24.08.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле сары чач жарашпайт экен жолдошунуз туура кылыптыр! Жашоонуз меникине окшошуп кетет экен! жашоо жагынан бир тууган экенбиз! Рахмат маегинизге оркундой бериниз

24.08.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Роза эже карга чычып калаар деп айтсаныз анда ширт болуп калат,андан коро кудайым колдоп деп суйлосонуз жакшы болмок

24.08.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болгонун болгондой айтканы жакты!
Медиа-портал
24.08.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
роза шакирова молодец Айым болгонун болгондой айткан шар муноз сиздей ачык айрым адамдар коп болсо
SUPER.KG видео
24.08.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эженин уну шандуу ар бир ырын суйуп угам.Айрыкча "уйлонуу той"-деген ырын,угуп алып ыйлат элем тудент кезимде)))
24.08.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйом сизди Роза эжооооуу!)
24.08.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Achik ayrim jakwi eje. Birok ХХХХ suylogonunon bilinet.(
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-24 18:00:58
24.08.2015. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pakiistanka,ХХХ ХХХ ХХХ.ХХХ ХХХ ХХХ!
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-24 17:51:49
24.08.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Santta, сайттын башка колдонуучусун мазактоого. кемсинтүүгө тыюу салынган! Сизге да эскертүү! Жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
24.08.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pakiistanka, кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
24.08.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЗАМАТСЫЗ!Озумдун жердешим Кенже аяш атамдын кызыго)) Аяшатамдын эле оозусуз ону тус суйлогон созунуз,атасын тарткан бактылуу кыз болот демекчи,коп кыйынчылык коргонунуз мн сиз бактылуусуз жана бактылуу болгонго татыктуу инсансыз,Ишининизде уйбулолук жашоонузда албан ийгиликтер жарала берсин!Сиздин кыял жоругунузду ырларынызды жонокойлугунузду адамдык сапатынызды баалаймын АЛЛА.ТААЛА ылайым эки дуйно бактылуулардан кылсын оомийн!
24.08.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эжени сыйлайм,уулдун урматын коруп бактылуу болунуз!
24.08.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
жолдошу мурун ырда десе . эми ырдаса акырын десе. жолдошу суйбой калган окшойт ойумча
24.08.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Розанын жонокойлугу жагат. Карабайсынбы? бут болгонун болгондой, баарын жашырбай айтып жатат! Роза бактылуу бол, бул омурдон эч качан жамандык корбо!
24.08.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маек жакшы ,оргиналдуу болуптур. Роза азаматсын! Тилегине жетишине тилектешмин!
24.08.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун мыкты айым ийгилик.
25.08.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озумдун эжемда,уй-булосундо да ушундай келиндери дагын эн жакшы коргон кайнеже,роза эже ишинизге ийгилик!!!!
Медиа-портал
25.08.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Розанын маеги абдан жакты.Турмуштагы болгон создорду айтыптыр ошон учун аягына чейин угуп отурдум.Армансыз болбойт озу,кайгырбаныз ишинизге ийгилик.!
25.08.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамал Абдукеримова жонундо да жазып койсонуздарчы урматтуу суперчилер! Интервью алып дегендей, сураныч.
25.08.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karona, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Медиа-портал
26.08.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза сиз менен аябай сыймыктанам. жонокойлугунуздон тайбаныз .кудай ылайым сизге коп уул кыз биринин артынан бирин берсин.
SUPER.KG видео
27.08.2015. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эже сонун майек болуптур Максатка болсо (5) деген баа бермекмин,негизи максаттын суроолору аябай жакты.супер инфо Бактыгуль Бадиеваданда интервью алгылачы сураныч.
27.08.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эже сиздин чыгармачылыгынызды абдан баалайм. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм, мындан да оркундоп осо бериниз.
27.08.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч бир жасалма,мактаныч,жашыруу жок маек болуптур. Жонокойлугунуздон жазбаныз!
Медиа-портал
27.08.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза айымдын жан дуйносу жакты ичинде кири жок жонокой экен аа журналист байкебиз уктап калып жатты го жомок уккансып
27.08.2015. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Рооза.Чыгармачылык ийгилик каалайм.
27.08.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таман кантет )))))))))))
29.08.2015. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт жолугуп калсам суротко тушот элем
SUPER.KG видео
01.09.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур ,сизге чыныгы аял заттык бакыт эже
15.09.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роза Шакированы сыйлайм, чыгармачылыгынызга ийгилик
26.10.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эже саламатсызбы,сиздин жөнөкөйлүгү ңүзгө абдан баа берем, бардык берген интервюларыңызды окуп жана угуп, көрүп келем, ушул сапатыңыз жоголбосун анткени азыркы ырчыларда ал сапат калбай калды((( үнүңүз өчпөй кыргыздын эски ырлары ды өчпөй ар дайым элдин адында жүрө бериюиз, Алымканды ырдаганыңызды биринчи жолу уктум, ушундай билими бар, слуху бар, келбети бар, адамдык сапаты бар, ырчыларыбыз менен сыймыктанам, терең таазим сиздерге... анан эптеп септеп фонаграмма мнен жүргөндөр аман болушсу
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо