Азамат Уланов, тамашоучу, актёр: «БИР ТУУГАНЧИКТЕН» ӨЗҮМДҮ КӨРҮП АЯБАЙ КАТКЫРДЫМ»

№668 21-август-27-август, 2015-ж

«Бир тууганчик» тасмасындагы башкы каарман Бакыттын сүйүктүүсүнө көз кысып: «Байке, созолонуп отурган кызга гүл алып бергенге кудуретиӊиз жетпесе, анда жалпак тил менен айтканда, «мелочный» экенсиз»,- деген тапан тилдүү гүл сатып келген балакай эсиӊиздеби? «Тамашоу» долбоору аркылуу таанылып, мына ушундай көрүнүктүү образдарды жаратып келе жаткан Азамат Уланов менен тааныштырабыз.

Толук аты-жөнү – Уланов Азамат Уланович
Туулган жылы, күнү – 2000-жыл, 12-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда №6-мектептин 9-классынын окуучусу

– Азамат, сени «Тамашоу» долбоору аркылуу тааныйбыз. Бул долбоорго ким алып келди?
– Мен азыр да мектептин КВН Лигасында ойнойм. Ал жакта ойноп жүргөндө башка мектептин КВН боюнча жетекчиси ойногонумду жактырып, аталган долбоорго чакырды. Анда мен 5-класста окучумун. Өнөрүмдү баалашып «Бишкек» командасынын катарына кошушту. 4 жылдан бери ал команданын катарында ойнойм.
– Мектептеги КВНге кантип аралашып калдыӊ эле?
– Мага бир байкем «көзүӊ чоӊ, кебетеӊ өзгөчө, мектептин КВН Лигасына катышпайсыӊбы?» деп калды. Анан кастингге барып «Мына 6» («Вот 6») командасына өтүп кеттим. Биринчи ойногонумда залдагы эл каткырды, экинчи жолу ойногонумда да күлүп калышты. Анан КВН меники экенин түшүнүп, оюндарга баш-отум менен кириштим.
– Сахнанын эмнесине арбалдыӊ?
– Сахнага чыкканда өзүӊдү кадыресе жакшы сезип каласыӊ. Сен эмне кылсаӊ ошону карап отурган элдердин күлкүсүнөн өзгөчө энергия аласыӊ. Эл оозуна алынып, таанымал болосуӊ.
– Көбүнчө кандай образдарды жаратасыӊ?
– Биринчи образым «Шрек» мультфильминдеги «өтүк кийген мышык» болчу. Азыр «Тамашоудо» «мачо» болуп жүрөм.
– «Тамашоудо» ойноп жүрүп эмне таптыӊ?
– КВН бул менин жашоом десем болот. КВН аркылуу көптөгөн досторду таптым. Жер кыдырып Сочи, Москва, Астана, Алматыга бардым. Кыргызстанга таанылдым. Кинотеатрлардын экранына чыгып жүрөм. Минтип интервью алып жүрүшөт (күлүп).
– Таанымал болдум деп калдыӊ, көчөдөн кол тамга алгандар барбы?
– Кол тамга бергенге мен азыр кичинекеймин го. Бирок көчөдө жүргөндө «Оо, сен «Тамашоудогу» Азаматсыӊ го» деп мени менен сүрөткө түшкөндөр бар. Кээде апалар «садагаӊ кетейин» деп бетимден өбүшөт.
– Сени кандай ата-эне жарыкка алып келгени, бир туугандарыӊ кызыктырууда...
– Атамдын аты Улан, апамдын аты Каухар. Атам Англия, АКШдан унааларды алып келип сатат. Апам үй кожойкеси. Эки эжем бар, алар экөө теӊ иштешет.
– «Бир тууганчик» тасмасына ким аркылуу тартылдыӊ?
– Үйдө отурсам «кел, сага ылайык текст бар» деп Бакыт телефон чалды (ред. Бакыт Осмонканов). Текстти бергенде таӊ калып биринчи окуганда тилим келбеди. Анан отуруп алып жаттадым. Мен ролумду аткара албай, көп дубль менен тарттык. Кинонун бет ачарына барып өзүмдү-өзүм көрүп «кантип ушундай болуп калдым?» деп аябай каткырдым. Ушул киного тартылгандан кийин көбү «Азамат, сага ишенгенбиз, бул ролду аткара аларыӊа көзүбүз жеткен» дешти.
– Бакытты байке эмес, Бакыт дейсиӊби?
– Ооба. Көнүп калгам да. Мен Бакыт, Жеӊиш (ред.Жеӊиш Майрамбек уулу) дейм, алар мени «малыш» дешет.
– Биринчи гонорарыӊ эсиӊдеби?
– «Сен эмне кылмаксыӊ?» деген тасмага тартылып 1000 сом алгам. «Бир тууганчик» тасмасынан 3 жарым миӊ сом алдым.
– «Тамашоуго» катышуу, тасмага тартылуу көп убакытты алат да. Мектепте жетишесиӊби?
– Мектепте жалаӊ «5»ке окуйм. Баары эле «кантип жетишесиӊ, кантип эле «отличниксиӊ»? Же мугалимдер менен «байланыш» барбы?» дешет. Андай эмес, бирок кантип жетишем деп өзүм да таӊ калам.
– 15 жашка келип калыпсыӊ. Сүйүү-күйүү темасы сенде кандай болуп жатат?
– Азыр сүйгөн кызым бар. Ал биринчи кыз эмес. Буга чейин экөө болгон. Азыркы сүйлөшкөн кызымдын аты Сабина.
– Келечекте кандай пландар бар?
– «Тамашоудо» ойноп бүткөндөн кийин актёр болуу. Бирок актёрлук олуттуу кесип эмес да. Ошондуктан жеке ишкер катары бутка турсам деп кыялданам.
– Маегиӊе рахмат, тилегиӊе жет!

"КВНде жүрүп кандай гана образдарды жаратпадым. Акыры "мачонун" образына токтодум".

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Кичинекей "тамашоучу" Азамат: “Жылдыз болгум келбейт”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
22.08.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии акылдуу бала чоноюп калыптыр .
SUPER.KG видео
22.08.2015. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу бала экен
SUPER.KG видео
22.08.2015. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииии ширинго
SUPER.KG видео
22.08.2015. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокойлугун балакай.Ата энесине рахмат ушинтип тарбиялап.Жакшы жакшы ийгилик.
Медиа-портал
22.08.2015. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча сонун суйлойт!Девушкам бар дегенин)))Ийгилик
Медиа-портал
22.08.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
6-эле класстын окуучусу экен деп журсом))) Эмитен "девушкам" бар дейт, тамашоучу агалары менен эле жарышып уйлончудой)))
Медиа-портал
02.09.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dina, ушу кыргыздар "сүйлөшкөн кызым, же жигитим" дегенден уяласыңарбы? Качан болсо "девушкам, пареним, братишкам, сестрёнкам" дейт азыркылар."Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт" дегенди билесиңерби?
SUPER.KG видео
22.08.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун бала экен суйлогондору дагы, кичинекей баладай корунот экен.
SUPER.KG видео
22.08.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4 жэ 5чи класс окуйт го десе,жигит турбайбы.бою кичинекей экен да.
Медиа-портал
22.08.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик! Ойлонгону чондордой экен.
SUPER.KG видео
22.08.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келбети, уну кичинекей баладайго
SUPER.KG видео
22.08.2015. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек куруп берипсин азаматсын!!! Жаш болгонуна карабастан токтоо,орундуу,так суйлоптур.Кээ бирки чоон ырчылар оздорун жоготуп эле жалжандай беришет,аларга салыштырмалуу 1000 эсе орду менен суйлогон.
SUPER.KG видео
23.08.2015. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баланын образы бир башкача...ийгилик
Медиа-портал
23.08.2015. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балээ, балээ балакай.
Медиа-портал
23.08.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичинекей баладай корунот экен,бирок чон кишидей суйлогон бала экен.
SUPER.KG видео
23.08.2015. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!!!
Ийгилик!!!
SUPER.KG видео
23.08.2015. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзат сулуу кыз татына;)
24.08.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9-класс болгону менен. алда канча жаш көрүнөт экен. Тилинен болсо тим эле чаң чыгат го)
Тамашоудо кайсы команда менен ойносо, ошол команданы алга сүрөгөн дал ушул жигит болуп саналат. Таланты бар, келечекте мыкты чыгармачыл адамдардын катарын толуктайт деп ойлойм.
Mediziner түзөттү 2015-08-24 11:07:48
Медиа-портал
24.08.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jazgul85kg, сын-пикирди тиешелүү дарекке жөнөтүңүз! tavsan, жеке билдирүү үчүн купуяны колдонуңуз!
Эскертүү!
24.08.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий акылдуу балаго ,кичикей болуп алып девушкам бар дейтго,
24.08.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын тарс эткизе ачык айтып салыптырго тиги суйгон кызы эми бабник дейт болуш керек токпой чачпай айтып салды чон эле бала экен 9 класс болсо кичинекей корунотго мен 5-6 га да окуй электир деп ойлопмун
SUPER.KG видео
24.08.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамашоудогу Саматтын той качан коробуз супер.кж админ
25.08.2015. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
Медиа-портал
25.08.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
теректей бой бергенче теменедей акыл берсин дегендин ачык мисалы ушул бала го )) Бул баладан келечекте чон нерсени кутсо болот. Кээ бир солдойуп бою узууун болуп эки созду уйкаштырып нормально суйлой албаган адамдарга караганда, Азамат чон атадай суйлойт экен. Бою осуп кетет, эркек балдардын кобу 10-11 класска барып резко осуп кетет. Азаматсын Азамат! Атына затын жарашат экен. Ата-энене рахмат!
25.08.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат байкесине окшоп бою кичикей экен
SUPER.KG видео
25.08.2015. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
orkunun oso bersin !tilegine jet!taalantyna abdan baa berem!
27.08.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааа молодец..... ийгилик дагы дагы
27.08.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сооооонун бала экен,мен аны 5-6 класстай эле коруп журо бериптирминда,корсо 15 жашка чыгып кеткен турбайбы,)))
SUPER.KG видео
27.08.2015. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей эмес эле 15 экенго. Дагы деле элестете албай жатам...
02.09.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, атыңа жараша өзүң да азамат экенсиң. Ушунуңдан жазба.Сага Кудайым акылды, талантты бериптир.Өмүрүң узун болсун.Ата-энеңди, элиңди кубантып жүрө бер.
SUPER.KG видео
11.06.2017. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өнөрүн өркүндөй берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо