КЫРГЫЗСТАНДАГЫ УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУН АЛДЫҢКЫ ТАРИФТЕРИН САЛЫШТЫРАБЫЗ

№668 21-август-27-август, 2015-ж

Кыргызстандагы уюлдук операторлор сунуштаган тарифтик пландар тууралуу көптөн берки байкоолорумду атайын долбоор аркылуу коомчулукка жеткирүүгө убакыт келип жетти окшойт.
Уюлдук байланыш менен камсыз кылуучуларды 2016-жылдын 1-январынан баштап абоненттерди туруктуу сакталган номерлер менен камсыз кылуу милдеттендирилгенден кийин маркетинг талаасында кардар үчүн согуш күчөдү десек болот. Бул, албетте, уюлдук операторлордун ортосундагы кызматтардын сапаттуулугу, ага болгон баанын жеткиликтүүлүгү жана башка кошумча кызматтарды сунуштоо боюнча атаандаштыкка алып келди.
Операторлор биринен-бири озуп абоненттер үчүн «эӊ ыӊгайлуу, пайдалуу сунуштарды» ойлоп табышууда. Бирок эӊ мыктысын тандоо оӊойго турбайт.
Көпчүлүк сыяктуу эле мага да бир нече оператордун SIM-картасын көтөрүп жүрүү бактысы буюрган. Бирок ошол номерлердин ичинен бирин гана «негизгиси» катары колдонуп, калгандарын «жардамчынын» ролунда алып жүргөндөр да аз эмес. Сиздер окуп жаткан бул макалада уюлдук операторлордун кимисинин кардар үчүн сунуштаган тарифи ыӊгайлуу, пайдалуулугу жагынан марага озуп чыгып, телефонубуздун «негизги» орунуна ээ болору тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Тарифтерди салыштырууда сүйлөшүү мүнөтү, интернет жана СМС кызматтары кошулганына көӊүл бурабыз. Мисалы, үч оператордон үч тариф алсак: Билайндын «Твой Стиль», О! операторунун «Переходи на О!» жана Мегакомдун «Элдик» жаӊы тарифи.
Баса белгилей кетчү нерсе, азыркы убакта батыштын уюлдук операторлору интернет-провайдерлерге айланып калган мезгили. Ушул эле көрүнүш Кыргызстанга бир нече жыл кечигип болсо да келет.
Операторлор трафик өткөрүүчү түтүккө айланып бара жатышат. Тандалып алынган тарифтик пландардын ортосундагы окшоштуктарды, айырмачылыктарды салыштыруу үчүн операторлордун тарифтик торчону кандай ой-максат менен курганын түшүнүү керек болду. Учурда уюлдук операторлордун «үчилтиги» ийкемдүү кызматтарды сунуштаганга өтүштү, ар биринде белгилүү өлчөмдө абоненттик төлөмдү бекер кылуу кызматы бар. Бизди болсо бир айлыктын эсеби кызыктырат. Бардыгында эле абоненттик төлөм бир убакта алынбайт, андыктан өлчөмүн гана көбөйтүп койдум.
Оӊой эсептөө үчүн жалпы таблица түзүлгөн, бул жерде бардыгы ачык көрүнүп турат. Сиздердин көӊүлүӊүздөрдү айрым «фишкаларга» бура кетсем: үч оператордун теӊ «плюс» жана «минус» жактары бар. Андан сырткары жылдызчаларга жана майда шрифтке да назар салууну унутпайлы.
Жыйынтык кызыгуу жаратат. Жөнөкөйлүгү жагынан О! уюлдук оператору кубандырат. Бирок бардык абоненттердин сүйлөшүү мүнөтү, жазган
СМСи, колдонгон интернети бирдей өлчөмдө эмес да. Кардарда тандоо болбогону, менимче, ыӊгайсыз. Эгер көбүрөөк интернет колдоном десе, кошумча кызматтарга кошулат, албетте, бекер эмес. Андан сырткары биринчи 300 мегабайттан кийин интернеттин ылдамдыгы төмөндөйт – 128Kбит/с. Эгер зарыл жумушуӊуз жок болсо, интернетти көп колдонбойм десеӊиз, анда сизге О! операторунун сунушу туура келет.
Ал эми интернет «күйөрмандарына» сөзсүз Мегакомдун кызматы ылайыктуу. Башкаларга караганда көп өлчөмдө, тактап айтсак, толук беш кызмат бар, ар ким чөнтөгүнө жараша интернет өлчөмүн тандап алат. Мен жумасына 120 сом кетчү пакетти сунуштайт элем. Атаандаштык жаратып келе жаткан Нуртелекомдун тарифине караганда Мегаком ошол эле баага түйүн ичинде көбүрөөк мүнөт тартуулайт. Сүйлөшүү мүнөтү, мегабайтты жалпылагандагы кемчиликтерди эске албаганда, Мегаком интернеттин ылдамдыгы, саны, сапаты жагынан алдына ат салдырбай кетет. Интернетти колдонууда катып, ортосунан кесилип калбайт, ылдамдыгы мактоого гана арзыйт. Ошондой эле түйүн ичиндеги жана башка операторлорго болгон чалууларга мүнөттөр да жетиштүү.
Билайндан «Бардыгы кошулган» деген принципти камтыган эӊ арзан сунуш 500 сомдон башталат. Оператордун мактанчу жагы – түйүн ичинде да, башка операторлорго болгон чалууларга да мүнөттү жетиштүү өлчөмдө бергени. Ал эми эки операторго салыштырмалуу жогорудагы суммага СМС, эӊ негизгиси ылдам интернет аз берилет. Башка кызматтарга кошулуп интернет колдонсоӊуз болот, бирок кошумча суммага. Жалпылап айтканда, Билайндын флагман тарифи мыкты, бирок баасы «чөнтөк жыртат».
Операторлордун түйүн ичиндеги СМС өлчөмдөрүн эсепке алган жокмун. Анткени азыркы убакта СМС жазышкандардын саны аз го дейм. Ар бир оператор бул кызматты мыкты көрсөтөт деп гана «плюс» коюу жетиштүү.
СтС жана КНС тууралуу сөз кылуунун да кереги жок, бардыгында бирдей схема – көрсөтүлгөн пакеттердин ичинде бардыгы кошулган, ал эми лимиттен сырткары тарификацияда жок. Ушуга байланыштуу бардыгыӊыздарга көрсөтүлгөн лимиттен чыкпоону сунуштайм.
Талкууну сиздердин комментарийлер менен улантсак. Байланыш кызматына акча үнөмдөө үчүн ким кандай куулукка барат?

Денис Бердаков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(45)
24.08.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр Кыргызстандын кээ бир аймактарында уюлдук операторлордун станциялары жок, менин туулган айылыма О! жана Мегаком озунун антеналарын орноткон. Кыйла элдин байланышына пайда болду. Билайнга кайрылса элинердин саны аз деп барбай коюшкан. Ошон учун эн жакшы уюлдук оператор О! туйуну деп эсептейм. Себеби, элинер аз же коп дебей, оз пайдасын ойлобой элдин арасына жайылуу максатын коздоп антенасын орноткон. 190 сомго бир айга байланыш, интернетке уланса болот.
24.08.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен О!нун 20 сомдугуна отуп алгам, тарифин эстей албай , бирок жакшы, интернеттин ылдамдыгы да, ал эми билайнда интернет болбойт экен, катып элеэле..
p.s. Нарында
24.08.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы тариф жакшы достор интернетке
27.08.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elizakyshova,
О! жакшы болчу, акыркы күндөрү Ошка "мактоону"
24.08.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында жаны чыккан мегакомдун элдик тарифи угуп дароо эки синдим ж.а мен уландык.аябай жакты,каражатына карап болгону жумасына акча толоп ынгайлуусун пайдалансан болот.Ал эми билайнды билайн ном мн суйлошконго пайдаланам.анын коп айылда антеннасы жок.интернетке кирмек суйлошкондо кыйналып кетесин.а О оператоторуна эч эле кызыкпадымда.кызыкпасан ойлонбой дагы экенсин
24.08.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men O! Koldonm. Smart 1000 ge bir aiga 990 som toloym tuyun ichinde beker.
24.08.2015. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
wi fi болсо чиркин операторлордун биринда колдонбойт элем
24.08.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chet-kyzyl,Ошо да
28.08.2015. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chet-kyzyl, wi fi колдонууга Кыргызстанда али эрте деп ойлойм. Колдонсон болот, бирок кымбат жана интернеттин ылдамдыгы жай. Кабельдик интернет провайдерлер аз. Атаандаштык жок. Азырынча уюлдук операторлордун эле интернетинен пайдалануу бир аз пайдалуу.
24.08.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мегаком эле жакшы Мб пакеттерди сатып алып каалашынча иштете бересин,катыбайт дагы.
25.08.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен билайн колдоном бирок начар колдонгум келбей калды куну лимитке 20сом алат алганы мн интернет аешы иштебейт канча дагы мб чейин скорость жакшы деп макташат улангыча анан операторлоруна байланышсан олло куттурушот тейлоо начар кыскасы билайн колдонгум келбей калды
25.08.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билайнда соц.тармактарга бекер кошумча интернет кызматы бар,мен одноклассникиге кошулгам бекер деп,кайра салган акчанды шыпырып калыптыр бекер емей еле,кайра очурдум же элди алдообу тушунбодум,операторлорго чалсан ар нерсе шылтоолошот,еч кандай кызматка кошулбай эле тарифтик план боюнча иштетип жатам.
Yamur түзөттү 2015-08-25 11:50:19
25.08.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билайн эле жакшы бардык тарабынан, Россия менен да кенен байланышканга мумкунчулук бар, "Фристайл Ю" тарифи эн жакшы, интернетке да
25.08.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да мегаком колдоном интернети жакшы иштейт экен,жумасына 230 сомдук беле эсимде жок,жакшы иштейт экен катыбай
25.08.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билайнды 7 жылдан бери колдоном.Интернет зуулдайт.Ото жакшы деп айталбайм,саат 22-кийин интернет катып туруп алат!Колдонгум келбей башкага отойун дейм бирок тааныштардын баары билайн номеримди билет.Ошол учун аргасыздан журом! а так О тарифтери супер!!
25.08.2015. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен баардык оператордон жададым,айрыкча биллайн алдап койду.Одноклассниктин тарифине кошулгам единицаны шыпырат тим эле.Азыр домашний телефон колдоном.
26.08.2015. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен мегагом иштетем 5 дан бири азыр аргасыздан биллайн себеби россиядан бул жака звонок кылган мегакомго караганда 3 эсе арзан мгафондон мегакомго 7 рублей а биллайн 2,5 тыйн
26.08.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да 6 жылдан бери Beeline колдоном анткени ынгайлуу, интернет да жакшы, керектуу нерселерди оной эле жуктоп алууга болот. А MegaCom, O! биз тарапта жакшы тартпайт, интернет катый берет...
26.08.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар ким озунот ылайыктуусун которо берет акчаына карабай
26.08.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен билайн дын лайт+ тарифин колдоном. Эртеменен жакшы анан кеч киргенде катып баштайт. Безлимит одноклассники деген кызматын да колдонгом жакшы болчу калашынча кино коросун. Бирок единица коп алып койчу
26.08.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ''МегаКом'' компаниясын тандайм себеби мага ынгайлуу кунуно жыйырма сомдон алып турат чектоосуз ылдамдыгы эн жакшы ''МегаКом'' алга! алга!
27.08.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мегаком жакшы телефон колдонгондон бери мегаком котором. Бирдигин жоголсо оператор тыйынынан бери эсептеп берет,билайн алып кое берет сурасан ана-мына деп кутулат. Мегакомдун интернети дагы жакшы иштейт,ишеничтуу дагы.
27.08.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бизде интернет өтө эле кымбат, О!,билайн, мегаком айырмасы жок кымбат.
билайнда лайь+ кызматын колдонуп күнүнө жөн эле 20 берип аттым, Бишкектин өзүндө интернети иштебейт аман эле болсун дейсин аргасыздан, Мегаком өтө тормуз операторлору чалсаң эң тез алганда 10,11 минутта алат суроо берсен жооп бере алышпайт арыз калтырыныз дейт, арыз калтырсан деле жыйынтык жок. Интернетинен 2011 жылы,эле түнүлгөм ошодон бери мегаком колдонбойм.
О! Ушу оператордун кемчилиги интернет кызматы кымбат,
27.08.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернет лимитсиз кылсан кунуно 100 мегабайт интернеттен ашканда кийин 64 кбит түшүрүп салат, кино кормок турсун суперге зорго киресин.
Баардык операторлордо бир айга 990 сом интернет үчүн оной акча эмес.
Казакстанда ТЕЛЕ2 деген оператор бар,бир айга 220 сом алат, 5 гига интернет, 90 минута башка операторлорго, ТЕЛЕ2 чексиз сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн берет, интернети эч токтоосуз иштейт катыбайтда жыргалда кыскасы. Бизде 3 эсе кымбат анан калса кызмат көрсөтүүсү сапатсыз.
28.08.2015. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Ошко келгенде Билайн колдондум эле интернетке жакпады эч нерсе ачалбайт экенсин. Аны очуруп мегакомго кошулдум интернетке жакшы баардык нерсенди корсон болот. Билайн менен толька звонок кылып суйлошом
27.08.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн баарынан О жакшы ,1 айга 1600 саласын модемге кунуно 2 гб берет,кунуно элестетсенер 2 гб берет ,башка мега билайындар айына 2 гб берип коюп эле чексиз интернет деп коюшат анын 2 кундо тугонуп калат .О го кошулгула
27.08.2015. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде смартфон дуос болсо бир симканы өчүрүп анан интернет колдонгула... Мегаком " Элдик " тарифи жакшы.... Аппаратыңарда жакшы болсун туугандар 2 симкалар кыйналат инетке ошого өчүрүү керек бирин....
29.08.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен билайн компаниясын аферист катары кором.Кичине ката кетирдин бирдигинди шимирип кетет
29.08.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен башта нокиа 206 үлгүсүндөгү телефон көтөрүп жүргөнүмдө Билайндын "Фристайл 4.0"тарифтик планын колдончумун.Кийин смартфон алган соң,ал тариф мен үчүн болбой калды.Билайнда бир ай колдонгон пакеттер,1 саатка жетпей жок болду андроид телефондон.Смартфон үчүн О! операторунданы "Переходи на О!"ТфО сын сунуштайм.Интернет үчүн,түйүн ичинде,түйүндөн сырткары дагы акысыз чалуулар,смс,интернет,айтор,сонун тариф.Интернеттин ылдамдыгы да жогору.А МегаКомдун "Элдик"тарифиндеги 0 сом деген болбогон нерсе
30.08.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар ким озуно жакканыны мактаптыр эми кандай жыйынтык чфгаар экен, кайсы оператор 1,чини алат болдукен
31.08.2015. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билайн безлимит жакшы болчу, бирок жакында шарттарын өзгөртүп салышты акмактар.
01.12.2015. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн ынгайлуу элдик тарифи мага абдан ынгайлуу жана чонтоко да анча кыйын эмес. Мага мегаком абдан жагат.
01.12.2015. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага мегаком ынгайлуу
08.01.2016. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билайн,о! ХХХ ХХХ ХХХ Кыргызстандыкы баардык акча калат
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-08 09:44:48
08.01.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asy777,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо