№376 15-21-январь, 2010-ж.
Жылдыздар турмушунан
Эсиңизде болсо, өткөн санда “Жанета калп айтабы же “Супер-Инфобу?” деген аталышта макала жарыялаганбыз. Ал материалдан “Жанета атын таанытуу үчүн баарына даярбы?” деп биринчи бетке анонс берген элек. Албетте, ал суроо макаланын өзүндө кенен чечмеленип берилген.
Гезит чыккан күнү эртең менен Юрий Бобков келини Жанетаны, уулу Денисти ээрчитип редакциябызга келди. Кыргызга таанымал, Эл артисти наамынын ээси Юрий Бобковду, албетте, сыйлайбыз. Эл артисти бул – элдик адам. Кырк жылдык өмүрүн элге арнап келе жаткан Эл артисти: “Мен жаңжалды жактырбаган адаммын. Бирок үй-бүлөм тууралуу кеп болсо, унчукпай коё албайм. Силер кызыксыңар, «Жанета өзүн таанытуу үчүн...» деп. Биринчиден, ал он жылдан берки үзүрлүү эмгегинин натыйжасында эл аралык сынактардын эки жолку жеңүүчүсү болду. Анан ким тааныбасын? Экинчиден, «баарына даярбы?» дегениңер менин үй-бүлөмө чоң шек келтирди. Жанетанын талантын мен гана эмес, профессионал ырчылар да баалашат. Ушундай таланттуу ырчы Испанияда кыргыздын желегин желбиретип келсе, силер шек санайсыңар. Менин оюмча, шоу-бизнес менен иштеген гезит кыргыз эстрадасына көмөк көрсөтүүсү зарыл”,- деп күйүп-бышты.
Бир эмес, бир нече ирет редакцияга келип, тынчсызданган Юрий байкенин үй-бүлө дегенде үстөмөндөн түшөрүн байкадык.
Биз макалабызда “Жанета Испаниядан биринчиликти алып келгени калп” деп айткан эмеспиз. Эл ичиндеги ар кандай кептерден улам дүйнөлүк интернет булактарынан “Bon Voyage” – Эл аралык сынагы, Жанета Бобкова деп суроо салып, жергиликтүү сайттардан тышкары жооп ала албадык» деп жазганбыз. Ырчыга дал ушул шектенүү катуу тийиптир. Ырчы Испанияга кайрадан суроо салып тастыктамакчы болгон, анан “аныктамасы бир жумадан кийин келет экен” деди. Бирок Жанета бизге сынактан алган дипломун көрсөттү. Эмнеси болсо да, ортодогу түшүнбөстүктөрдүн баары артта калды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
A uidu korsotso emne eken,degi biroonu olturgon sheri shok da.
экоондо тен куноо бар !!1
"Супер-инфону" күзгү десек, Жанета - маалымат булагы. Күзгүдө эмне күнөө. Салыштырып көрөлү:
1) ...Жанета “жакында эле курдук” деп заңгыраган эки кабаттуу үйүнө чакырган. Ал гана эмес, жыгачтан оюлган тепкичин “Денис өз колу менен жасады” деп таң калтырган.
Факт: Жанета айым: “Ал үй меники эмес экени чын. Гезитке чыгат дегенинен, туугандардыкын
А Жанетта жок нерсени жок деп эле айтпайбы, элди алдап кандай пайда тапты?
AMERIKADAN SALAM
bul super-info jazgan makalasy jurnalistikanyn etiketinen chygyp ketken. alyp karasak, jurnalistter kop chyndyk, kop kalp, kop intrigalardy bilishet, oshonun baaryn biz jurnalistbiz, bizde achyk soz bolush kerek dep jaza berishse emne bolup ketet? jashoodo kop achuu, tatuu chyndyk-kalptar,show-korunushtor bar, bir dagy populyarduu, taanymal osgocho chygarmachyl adam taza ichki duinosu korsotpoit, el menen bolushpoit, sebebi alardyn elge bolgon