Анжеликадан жаңы клип - “ӨМҮР БАГЫ”

№376 15-21-январь, 2010-ж.

Жаңы клип

Анжелика “Өмүр багы” аттуу ырына клип тарттырды. Анын кыскача мазмуну, кадр артында калган кызыктар жана каармандар тууралуу ырчы айым мындайча баяндайт.

МАЗМУНУ
– “Өмүр багы” деген ырыма клип тартууга баш-аягы үч ай камындым. Клипти тартуу үчүн жоопкерчиликти клипмейкер Айбек Дайырбеков моюнуна алган. Сюжетин режиссёрго сунуштаганымда ал жактырды.
Идея боюнча кандай гана аба ырайы болбосун, эненин айланасында дайыма жай мезгили болуп турат. Эне дайыма жылуулукту, түгөнгүс нурду чачып турат эмеспи. Мен жашоону чоң даракка салыштырам. Анын тамыры эне болсо, жалбырагы, гүлү, мөмөсү андан тараган бала-чака. Убакыттын өтүшү менен дарак деле карыйт. Сюжет боюнча чоң дарактын түбүндө таенем өзүнүн кызын эркелетсе, убакыттын зымырашы менен апам мени, а мен болсо өз кызымды эркелетем.

КААРМАНДАР
– Таенемдин ролун кайненем, апамдын ролун өзүмдүн апам, ал эми менин кичине кезимди 10 жаштагы Айгерим аттуу кыз аткарды. Менин кызым болуп Айымкам тартылды. Клип тартууга бир күн калганда, Айбек байке “сенин кичине кезиңе окшош кыз керек, тап” деп жатпайбы. Мен болсо бир күндө каяктан тапмак элем, өзүңөр тапкыла деп болбой койдум. Айбек байке кайра телефон чалып “кабатырланба, кыз табылды” деди. Айгеримди карасам, менин кичинекей кезиме такыр окшош эмес, бирок убакыт тар болгондуктан, съёмканы токтоткон жокпуз. Айгеримдин ошол жерде биз чыдабаган суукка чыдап отуруп бергенине аябай ыраазы болдум.

КАДР АРТЫНДА КАЛГАН КЫЗЫКТАР
– Бизге тоого жакын жерде өскөн жалгыз карт дарак керек эле. Аны режиссёрдун жардамчылары шаардын четинен бир апта издешти. Ойдогудай жерди Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылынан табышыптыр. Ак карлуу тоого жакын өскөн даракты жай мезгили кылып кооздош үчүн тегерегиндеги карды күрөп, дарактагы карды күбүп, жерге жасалма чөп жайгаштырдык. Сатып алган жасалма чөп жетпей калгандыктан Бишкекке байланышып, алар келгенче кечки беш болуп калды. Анан режиссёр “эртең бүтүрөбүз” деп койду. Суукта тоңгонубуздан сүйлөй албай катып калдык. Бирок эртеси толук тартып бүттүк.

КОШУМЧА МААЛЫМАТТАР

  • Клипке атайын кийимдер тигилип, ага 3000 доллар сарпталган.
  • Клиптеги шырдак Анжеликанын себине келген. Аны ырчынын чоң энеси жасаган.
  • Анжеликанын кичине кезин ойногон кыз клип тартылган күндүн эртеси ооруп калган.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
19.01.2010. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клип аябай кооз болуптур БИРОК: эмне учун сен отурган жер жашыл чоп арты жагы каар, барибир кыргызсынарда мин аракет кылсанар да бир жеринде кеми бар!!!
20.01.2010. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
URMATTUU MANASJAN!!!Emne bir jeri okwowpoy kalsa eel KIRGIZSINAR dep.oozuna karap suylo Arzymat.Bular KIRGIZ bolso sen kimsin mankurt dese.
20.01.2010. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текстте айтылып жатпайбы, карды куроп, атайы жаз кылдык деп. Ага канча каражат кетти деп. Ушинтип сынайт десе эле тушунуп-тушунбой туруп урдура берген адатыбыз жаман да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо