МЫРЗАКМАТОВ ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙ КАЛАБЫ?

№668 21-август-27-август, 2015-ж

Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов 22-июлда Ош шаардык соту тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал карматпай жүргөнүнө байланыштуу издөөгө жарыяланып, өкүм сырттан чыгарылган. Өкүм боюнча, экс-мэр мэриянын бюджетине 29 миллион 714 миӊ 134 сомдун ордун толуктап да бериши керек. Анын тарапташтары соттун өкүмүнө нааразы болушуп, адвокаттары өкүм менен макул эместигин билдирип, кийинки инстанцияга кайрылышкан болчу. Бирок өкүм өзгөрүлбөгөн бойдон калды, 19-август күнү Ош облустук соту тарабынан Мырзакматов «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.
Экс-мэрдин жактоочусу Чынара Жакупбекова маалымат жыйын өткөрүп: «Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоого чейин убакыттын тардыгынан улам сот тарабынан акталбай калышы ыктымал»,- деди. Адвокаттын айтымында, Мырзакматовдун ишин карап жаткан Ош облустук сотунун судьялары соттук отурумда процессуалдык нормаларды бузушкан жана аларга карата кылмыш ишин козгоону өтүнөрүн билдирди. «14-августта мен Жогорку Сотко облустук соттун курамындагыларга ишенбөөчүлүк көрсөтүп кайрылгам. Бирок облустук сот 17-августта менин арызымды карабай туруп Мырзакматовдун ишин карады. Ошондуктан мен прокуратурага соттук коллегиянын курамындагыларга кылмыш ишин козгоо боюнча кайрылам»,- деди Жакупбекова. Андыктан «Ата Мекен» партиясынын талапкерлер тизмесинде алдыӊкы сапта бараткан Мырзакматовдун талапкер катары БШКдан каттоодон өтөр-өтпөсү коомчулуктун көӊүл чордонунда. Мырзакматов соттолгон адам катары парламенттик шайлоого катыша албасы айтылууда. «Ата Мекен»: «Мырзакматов тизмеден чыгарылбайт. Партия айткан сөзүнөн өмүрү кайткан эмес»,- деп билдирүү таркатууга жетишти.
Конституцияда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзамдын 3-беренесине ылайык, соттолгондугу алынып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар президенттин кызматына жана Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(67)
24.08.2015. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жегенинин же жебегенинин далили жок го Мелистин.Азыркы бийликтегилерди деле чукуса чыга турган нерсеси чыгат.Негизи Кыргызстанда бир сомду да "жебей" оз ордуларына койсо,олкобуз 2-3 жылда,ашыгы менен 5-6 жылда онуккон олколордун катарына кошулуп калмак.
24.08.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мелис мырза жесе адалдап эле жеди,ошого жараша жасап койду жумкштарды.Жеп эле жатышат ко ордуларынан козголбой алардыкы корунбойт.
24.08.2015. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайлоого жакын калганда бул кылганы уятда бийликтин,
25.08.2015. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акча алып мырзакматовту каралаган сотторду да аллах карап турат жакшы иштеген адамды жамандагандары учун аллах соттойт аларды
25.08.2015. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайын элим,Ким депутат болом десе баарын шайлай бергилечи,негизи тынч отсо болду шайлоо ушулардын айынан дагы согуш чыкпасынчы.КРда тынчтык болсун оомин.
25.08.2015. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мен соттолгон, паракор депутаты бар олкодо жашагым келбейт.
25.08.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sopsonun, ошо десениз, кетиш керек бул жактан, ой, кетишиниз керек. А биз болсо коралбастык, ичи тардык менен жалган жалаа жабылса болбой Кыргызстанды дагы Ошту гулдоткондой кылып гулдотойун деп ойлогон депутаты бар олкодо жашап туралы.
25.08.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мырзакматов ал акчаны жеген эмес ал акча Ошко жумшалган, ал озу кеткен эмес аны куугунтука алган, Мырзакматовду не учун соттойт бул эмне коро албастыкбы кайсыл мэр Мырзакматовдой иштеди кыргызстанга мындай адамдар кк камалып соттолуп чыккан Айтмаматы койдунар го ага закон иштебейби Ош шаарынын эли Мырзакматовду колдосо силердин кандай акынар бар а адамды куурчак кылып ойногонго Мырзакматовду эл колдосо аны эске алышыныр кк биз демократиялық өлкеміз го бир кун силер да элдин куурчагына айланасына
25.08.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
мен Мырзакматовду колдобойм бул жерде Текебаев жон еле упай топтош учун еле мырзакматовду кошуп алды аны баары еле билет)) чынын айтканда мырзакматовду оштуктардан башка эчким деле колдобойт !!!
25.08.2015. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kursantbek,мыракматовдун артынан Текебаев которулуп атпайбы упай топтоп а так Текебаевдин шансы аз мырзакматовсуз такебаев билеееет кимге кошулушту коментарииден эле билсен канча эл колдоп атат Мелисти
28.08.2015. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kursantbek, Биз эмне Оштон бекенбиз. Колдо туруп менин бут уй-булом колдойт. Ал адам Кыргызстандан.
25.08.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ашанын порошенкодон айырмасы жок кыргызстанда акаевтен кийин эч жакшы иш алып барбады.
25.08.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул дагы азыркы бийликтин тапшырмасы, чоңдор өздөрүнө конкурент болушун каалабай атат. Бирок Мелис Мырзакматов эл мн Эл Мырзакматов мн
25.08.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
охооо соттолгон адам укугу жок болсо анда баарын тезиг карасында Кулов , Ташиев, Жапаров, Текебаев керек болсо Атамбаевди да соттогон деп уктум булар да болбош керек болуп калабы ошондо

25.08.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мелисинерди семьянардын президенти кылып алгыла да жакшы гулдотсо.
25.08.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alitet, ХХХ ХХХ ХХХ... билип билбей ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-08-25 13:03:33
25.08.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sagyn91 - эскертүү!
Жеке айтышууларгы тыюу салынат.
25.08.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sagyn91,Эми силер ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-08-26 11:57:53
26.08.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alitet - 30 күнгө!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
25.08.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alitet,ат десе тоо дейсинда
25.08.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Коррупцияга малынып кара башын калкалап качып жургон кылмышкерди колдоп коргоонун озу сокурлук жалгыз дарак токой болбойт дейт жалгыз Мелис кыргызстанды гулдото турган болсо башка саясатчылардын кереги эмне анда.Куйругунда калбыры бар учун качып журот да ак куноосу жок болсо эмнеге качат эле.Актыгын далилдеп парламенттик шайлоого оз партиясы менен бармак эле го Ата мекенге жабышпай
25.08.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kubat_1973,сени бийлик басмырлап 400 жолу текшерип иштеген ишинди баалабай жалган жалаа жаап соттоп салса кормокмун калтырап комага тушуп калмаксын..
25.08.2015. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bekzamann,Комага тушкон эмедей суйлопсун го соз мен жонундо болсо бир жон.Тем более жалган жалаа болсо неге качат деген ой келбейби сага.400жолу текшербей эле бир эле желге туруштук бере албады го.Мисалы Текебаевди уч президент куугунтуктап басынтып кылмыш ишин мойнуна илип кылбаганды кылса да сындыбы арты таза адам эч качан сынбайт качпайт корголоп
25.08.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kubat_1973, Бийликтин алдында эч ким ак экенин далилдей албайт, бийлик баарыбир үстөмдүк кылат.
Мелис өзү жалгыз эмес, командасы менен Кыргызды өнүктүрүп коймок. Мен буга ишенем.
25.08.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалган жалаа же саясий куугунтуу. Парламентке келтирбоо учун саясий ойун. Барибир келет.
25.08.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мелис аке биз сиз м.н Мелис ээн мыкты саясатчы
25.08.2015. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сот чечимин аябагандай тез чыгарганын байкадынарбы? Демек тез керек болгону айдан ачык, эми ойлогула качан эле сот андай тез иш кылат эле, демек жогорудан буйрук келген!!!
Жегенин коргондой суйлогонунор тан калычтуу, бизде бийлик, сот кимге керек болсо ошого жалаа жаап коеру белгилуу эле но, эртен "сен" Кыргызстандын жеп жутаар бийлигине каршы чыккын сага да созсуз асмандан алып болсо да иш козгойт. Мелис Мырзакматовдун кылган жакшы иштерин коргон атуул катары айтып жатамын, ал чыныгы ишбилги
26.08.2015. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул жерде да тундук туштук болуп болунбой эле койойлу.эн башкысы КЫРГЫЗбызго достор.Мелис Мырзакматов жакшы иштеген адам.
26.08.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мелисти бир кудай билет жеген жебегенин. Бирок озунун ордун билген ишине так инсан эле.
26.08.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
катышатко
26.08.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кргы судьяларга ишениш кыйдашып жатат
26.08.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелис аке азамат,,, башка мээрге окшоп жогорудан келген буйрукга баш ийбейт ошого бийлик коркуп андан кутулгусу келип ар нерсе ойлоп таап каралап жатат.
27.08.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелис Мырзакматовту колдойбуз.
27.08.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркы бийликте олтургандарга айтаар элем,Керек болсо Мелис жесе жегенге иштесе иштегенге татыктуу,Канчалаган чондор гымыйып жеп журот Элге эмне кылганынан дайын жок,Мелис жеген болсо ошого жараша Элдин келечегин ондогонго жана ойлогонго духу жетет,баарына бирдей коз карашта мамиле кылыш керек бутунан тартып толька озум болсом дебей!Эмне учун онуп остуро турган инсандарды жок кылгысы келет?Бул да болсо коро албастык жана озунун кызыкчылыгын ойлогондор деп эсептейм!
27.08.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мелис Ака биз сиз менен АША эмнени ойлоду экен ааа вазир жакшы хан жакшы дейбеле ушу АшАнын вазирлери булгап жататкоо менимче Омур Ака да билет не кылышты озу президент болгусу барго Омур ака
28.08.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Мелис Мырзакматовту колдойбуз. Анткени ал чыныгы патриот инсан. Бийликтегилердин бири да Мелиске тен келе албайт. Ошту гулдотту, насип кылса Кыргызстанды да гулдотот!
28.08.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет ийилет бирок сынбайт. Мелис акталат буйруса.
29.08.2015. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзакматов ак Иш кылды ошту гулдотуп койду ошону коро албай жатышат окшойт бишкектегилер.,саясатта эн три инсандардын бири боюнча кала берет деп ишенем.,.
29.08.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай адам экени корунуп эле турбайбы кантип колдойсунар ушуну
30.08.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Melisti el koldoit menda koldoim
30.08.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору иштебейт же бироону иштетишбейт!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо