№668 21-август-27-август, 2015-ж
Ырчы Аваз Акимовду көптөн бери Айдана деген сулуу бийкеч жандап жүргөнүн байкап жүрөбүз. Ал селки ырчынын жанынан карыш жылбай, кала берсе Аваз менен Ысык-Көл жергесине чогуу гастролдоп барып келген. Туулган күнүнө барганыбызда ырчы сырдуу кызды карындашым деп тааныштырган эле. Аваз сүйүктүүсүнүн жашы жете элек деп чочулап ачыкка чыгаргысы келбедиби же көз тиет дедиби, айтор, дагы деле жашырып жүрөт. Сахнадагы кесиптештеринен «Аваз жакында үйлөнөт» деген кептерди угуп, ырчынын өзүнө байланышканыбызда: «Жанымда жүргөн Айдана менин сүйүктүүм эмес, карындашым болот. Анын агасы менин досум. Өзү да чыгармачылыкка кызыгып ырчы болсом деп жүрөт. Үйлөнөт деген кептер чындыкка коошпойт, азыр үйлөнүү тууралуу ойлоно элекмин»,- деп дагы да болсо бул кызды өзүнөн алыстатып койду. Эмне демек элек, ачыкка чыгар күн да алыс эместир.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
"Опыт топтосун" деп ээрчитип жүрсө жүргөндүр да. Анын эмнеси бар экен. Эми Аваз журналисттердин көзүнө түшүп калгандыгын билип, өзүн чындап ал "карындашынан" алыстата баштаса керек.)