№376 15-21-январь, 2010-ж.
Кышында ар түрдүү себептер менен жаракатка кабылгандар көп. Андыктан бул ирет биз Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун №1-травматология бөлүмүнө кайрылдык. Бөлүмдүн жетекчиси Анаркулов Бектур кышындагы жаракат түрлөрү жана жаракатка кабылганда биринчи жардамды кантип көрсөтүү керек экендиги тууралуу маалымат берди.
– Бектур мырза, айтсаңыз, кышында травматология бөлүмүнө көбүнчө кандай жаракатка кабылгандар түшөт?
– Травматология бөлүмү дегенде, эл көбүнчө кайсы бир дене-мүчөсү сынгандарды, сөөгүнөн жарака кеткендерди, муундары чыгып кеткендерди дарылоочу жай катары кабыл алышат. Анын сыңарындай, биздин бөлүмгө кышында көбүнчө муздан тайгаланып колу-бутун сындыргандар, курулушта иштеп жатып бийиктен кулап же мушташып бир жерлерин сындыргандар же сөөгүнөн жаракат алгандар түшөт. Буларга автокырсыкка учурап денесинен түрдүү жаракат, сынык алгандарды да кошууга болот.
2009-жылы жыл ичинде биздин бөлүмгө 641 адам түрдүү жаракат менен түшкөн. Жалпысынан 518 операция жасалды. Мунун ичинен 47 оорулуу 2-3төн операцияны башынан өткөрүштү.
– Сынык кандай түрлөргө бөлүнөт?
– Сөөктүн сыныгынын ачык жана жабык деген түрлөрү бар.
Сынууга көбүнчө кашка жилик, ийин жана кызыл ашык, шыйрак сөөктөрү учурайт. Остеопороздон (кальцийдин жетишпестигинен келип чыккан сөөктүн борпоңдугу) улам да сөөктүн сынуулары келип чыгат. Бул көбүнчө кышында муздан тайгаланып жыгылганда кездешет. Карылар жамбаш сөөктөрүн сындырып алган учурлар көп.
– Сөөк сынганда биринчи жардамды кантип көрсөтүүгө болот?
– Биринчи жардамды көрсөтүүнү көпчүлүк биле бербейт. Ошондуктан кырсыкка учураган адамды ооруканага алып келгенче, алардын абалы оордоп кетет. Мисалы, жакында эле бизге шыйрагы сынып кеткен адамды бутун шалактаткан боюнча алып келишти. Анын бутуна шак-шак коюп, ооруну сездирбөөчү дарыны ичирип алып келишсе, анын абалы жеңилирээк болмок эле.
Биринчи жардамды кантип көрсөтүүгө болот?
Эгер ачык сынык болсо, анда сыныкты түздөп туруп, шак-шак коюу керек. Жаранын тегерегин йод (арак, спирт) менен сүртүп, микробдор көп кирип кетпеши үчүн жараны даки менен абайлап таңуу керек. Канды токтотуу үчүн сынган жерден өйдөрөөк мата же жип менен таңуу зарыл. Ачык сыныкта адамды туура эмес кыймылдатуудан кан көп кетип же сынган жердин тегерегиндеги араң турган тарамыштар, байламталар үзүлүп кетиши мүмкүн. Андыктан адамды кыймылдатпоо жана «Тез жардамды» чакыруу зарыл.
Кол-буттун байламталары созулуп же үзүлүп кетсе. Мындайда дароо катуу оорутуу сезилет. Эгер байламта үзүлгөн болсо, анда тырс эткен үн чыгат. Ал жер шишип чыгат, кан агуу күтүлөт. Дароо муздак компресс жасап, дарыгерге шашылуу керек. Ооруган жерди мүмкүн болушунча кыймылдатпоого аракет кылуу зарыл. – Жыгылганда бир жерди сындырып албоо үчүн эмне кылуу керек?
– Туура жыгылууну үйрөнүү кажет. Негизи, жыгылганда кол менен таянып жыгылуу туура эмес. Кол сынып кетиши же жарака кетиши мүмкүн. Андыктан жыгылганда капталдан жыгылууга же бутту бүгүп жыгылууга аракет кылуу кажет. Ошенткенде гана сыныкка, жаракага учуроо коркунучу азаят. Муну чоңдордон тартып кичинелерге чейин билүүсү кажет.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизде ийгилик болсун!
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |