Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕЛИНИ КАЙНЕНЕСИН САБАП ӨЛТҮРДҮ ДЕП ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

№669 28-август-3-сентябрь, 2015-ж

Үстүбүздөгү жылдын 12-август күнү таӊкы саат 04:00 чамасында Ноокен РИИБине аталган районго караштуу Масы айылынын Султанов көчөсүндөгү өз үйүнөн 1957-жылы туулган Альбина Мурашкинанын бир канча жаракаттары бар жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Өлгөн аялдын коӊшу-колоӊдору, туугандары суракка алынып, натыйжада кийинки күнү кылмышка шектүү катары маркумдун 1988-жылы туулган Анара Айдарова аттуу келини кармалып, кылмышын моюнуна алган.

«МУШТАП ЖИБЕРСЕМ КУЛАП ТҮШТҮ»
Кылмышка шектүү Анара тергөө учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Күйөөм Иван экөөбүздүн ортобузда 4 бала бар, улуусу 9да, кичүүсү 2 жарым жашта. Ивандын Орусияга иштегени кеткенине 1 жылдай болду. 11-август күнү мен, кайненем жана кайнатам үчөөбүз чогуу арак ичип отурганбыз. Бир маалда кайненем экөөбүз сөз талашып уруша кеттик. Ачуум менен аны 2-3 жолу муштап жибергенде жерге кулап түштү. Жерге кулап калгандан кийин 4-5 жолу тээп жибердим да, ошол бойдон ал бөлмөдөн чыгып кеттим.

«ОЙГОНСОМ АЯЛЫМДЫ ЧЫЧКАН ЖЕП ЖАТЫПТЫР»
Ал эми маркумдун күйөөсү Анатолий Громоков аялы менен келини эмне болуп урушуп кеткенин, кантип өлтүрүп койгонун билбей тургандыгын айткан:
– Келиним, аялым үчөөбүз арак ичип отурганбыз, мен мас болуп уктап калыптырмын. Эртеӊ менен ойгонуп аялымдын өлүп жатканын көрдүм. Анын оозун чычкан жеп жатыптыр. Анан барып келинимди уктап жаткан жеринен ойготтум.

«ҮЙ-БҮЛӨ ЭСКИ МОНЧОДО ЖАШАЧУ ЭКЕН»
Ноокен РИИБинин тергөөчүсү Бексултан Маматалиев бул кылмыш боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул факт боюнча киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Катуу сокку тийгендиктен маркумдун кабыргалары сынып кетиптир. Өлүк табылгандан 1 күндөн кийин кылмышка шектүү катары маркумдун 27 жаштагы Анара Айдарова аттуу келини кармалды. Ал башында «Мен өлтүргөн эмесмин, эч нерсе билбейм. Сыягы, кайнатам өлтүрсө керек. Ойгонсом кайненемди чычкан жеп жатыптыр» деп көрсөтмө берип жаткан. Кийин гана киши өлтүргөнүн моюнуна алып, сабап өлтүрүп салгандыгын айтып берди. Кылмышка шектүүнүн балдары, коӊшулары экөөнүн ызы-чуу болуп урушуп жаткандарын угушкан экен. Коӊшулары Анара Айдарова тууралуу «Дайыма мас болуп алып кыйкырып, үйүндө чыр чыгарчу. Бизге да тынчтык берчү эмес» деген терс пикирлерин айтышууда. Бул үй-бүлө эски мончонун ордунда жашап, ал жерге лампочка да тагып алышкан эмес, телевизордун жарыгы менен жашашчу экен. Ичи аябай сасып кеткен, араӊ киресиӊ. Коӊшуларынан сурасам, «бул үй-бүлө спирт ичимдиктерин көп ичишет» деп айтышты.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(38)
31.08.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
келини кыргызбы ошондо
31.08.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гезиттин ар бир санында мындай кылмыштар чыгатурган болуп калдыго.кыргызга келин болуп адамча жаса болбойт бекен...
31.08.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маанайшат гезит болгон сон мындай нерселер азырак жазылса
31.08.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Участковыйлар ушуга окшогон уй булоолорду козомолго алып турушса жакшы болмок.
31.08.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чай ичип жатып окудум эле да фуу,тамагым түштү.
31.08.2015. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо. Келиндер козголону го бул жагы. Бироо куйоосун,экинчиси кайненесин олтуруп.
31.08.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок.
31.08.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кургуууур....
31.08.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Келиндерге эмне эле болуп жатат кудай сактасын.
31.08.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Munarka,келиндерге эле эмес негизи адам затына эмне болуп жатат,Аллахым ыйман берсин баарыбызга...
31.08.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдарга ынсап бер оо кудай
31.08.2015. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары жаман арактын айынан чыгып атат окунучтуу
31.08.2015. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдар кайда болду экен?
01.09.2015. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы мезгилде бири-бирин олтургондор жаман кобойуп кетти го, Кудай озун сактай кор.
01.09.2015. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келиндер мыкаачы боло башташты го! Бири куйосун экинчиси кайын энесин даагы билинбегендери канча
01.09.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайната кайнене
01.09.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайната,кайнене,келин болуп да арак ичеби?!
... орустар
01.09.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арак бардык куноолордун энеси деген туура да Ичпесе мындай иш болмок эмес
01.09.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Еми келиндер еерини олтурушто кайненесин олтуруго оттубу качан мындай жаман кабарларды укпай келини кайненесин жакшы карады деген жанылыкты угат екенбиз е
01.09.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
арак качан жакшылыка ундочу эле...
01.09.2015. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурун келини мн кайненесин урушуптур деген кепти уксак,Эми олтурду дегенди угат экенбиз да,кудай жаман жолдордон сакта
01.09.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак деген балээ болду го
02.09.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо келин балдарын олтурду эле, кечээ куну куй0осун олтурду, эми мынтип кайын энесин олтуруп жатат. Инсап бер кудайым!
02.09.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чондору го болору болуптур мындай айбан сокту адамдардан тарбия алган балдар эмне болот алардын келечегине кам коро турган орган жокпу келин камалса балдары талаада калат го окуп алып журогум ооруду.
02.09.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Келиндер алга, алга!
03.09.2015. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта не деген заман болуп баратат.
03.09.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келин куйоосун олтурду келин кайненесин олтурду кудая тобоо дейсин келин алыштанда коркуп калдым кандай келин туш келет эмнеси болсода ыймандуусу туш болсун Деп тилей берейин
04.09.2015. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта жаман болуптур,кайнене кайната келини болуп арак ичишеби.балдар кандай тарбия алышат.
05.09.2015. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо деги эмне эле болуп жатат?Келиндерге ыйман берсин.
05.09.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргасыздан тан калат экенсин тообоо
05.09.2015. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым
06.09.2015. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info owo kuioosun by4aktagan kelin emne boldu?
06.09.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйосуну олтургон келин, кайненесини олтургон келин булар камакда Болсо керек, баарыбызга ыйман берсин, Кыргыздарда кайната кайнене, келин чогу арак ичбейтко? Алар орустар аларда боло берет
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо