Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЕҢИШБЕК АЙТИЕВ

№215 15-21-декабрь, 2006-ж.

Учурда «Беш бармак» аттуу тамашалуу ырдын радиотүйүн­дөрүндө, алтургай, кафелерде да жаңырып, популярдуу бо­луп турган кези. Ушул ырдын автору жана аткаруучусу оштук жигит Жеңишбек Айтиев менен таанышып алыңыздар.

Жеңишбек 1975-жы­лы Ноокат районунун Караташ айылында төрөлгөн. Учурда ОшМУнун музыка факультетинин 1-курсунда окуйт. Үйбүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.

– Жеңишбек, «Беш бармак» аттуу тамашалуу ырыңыз чыга электе сиздин атыңызды укчу эмеспиз. Ыр майданына сапар алганыңызга аз эле болсо керек?
– Туура айтасың. Бул ыр чыкканга чейин мени ырчы катары эч ким таанычу эмес. Бирок, түштүк тараптагылар куудул катары таанышчу.
– Куудул болуп калганыңыздын жөн-жайын айта кетпейсизби?
– 2000-жылы Оштун базарында лотерея сатчумун. Жөн эле отуруп алып сата бербей элди өзүмө тартыш үчүн ар кандай күлкүлүү сөз­дөрдү аралаштырып сүйлөп сатканды жакшы көрчү элем. Ушундан улам айрым досторум: «Жеңиш, сенин куудул бо­ло турган талантың бар» деп калышчу. Бир күнү эле адаттагыдай жумуш ордумда отурсам, бир тааныш бала келип: «Куудулдардын райондук конкурсу өтүп жатат. Жү­рү, сени катыштырабыз» деп калды. Ошентип, мени даярдай башташты. Конкурс боло турган күн келгенде досторум жүз грамм аракты ичиришти да, сахнага чыгарып коюшту. Өмүрү сахнага чыкпасам да ичимдеги жүз граммдын күчү менен сүрдөбөй Борончу байкенин бир сатирасын айтып, биринчи орунду алгам. Ошондой баштап куудулдукка кызыгып, анекдот китептерди сатып алып окуй баштадым. Андан кийин областтык конкурстарга катышып, атүгүл, ушул өнө­рүм­­дүн аркасы менен Бишкекке да келип кеткем.
– «Беш бармак» аттуу тамашалуу ырың кандайча жаралып калды эле?
– Жалаң өзүмдүн сатираларымдан турган кассета чыгарайын деп студияга барсам ал жерде иштеген байке: «Жеңиш, сатираларыңдын арасына бир тамашалуу ыр кошуп койсоң жакшы болот эле» деп калды. Кайсы ырды кошсом экен деп ойлонуп жүргөн күндө­рүмдүн биринде кичине кезимде ырдап жүргөн «Биринчи колум бармагым, ой Жамила» деген ыр эсиме түшүп кетти да, ушул ырды кошмой болдум. Бул оюмду чыгармачылыкка жакын Малик деген бир тууган агама ба­рып айтсам ушул ырдын негизинде сөз жазып берди. «Беш бармак» ушинтип жаралган. Бирок, бир жыл бою бул ырга эч ким деле көңүл бурган эмес. Негедир быйыл популярдуу болуп кетти.
– Мындан башка да ырларың барбы?
– Ооба, жакында эле «Карагат», «Сүйдүм» аттуу ыр­ларды жаздырдым. Эл жакшы кабыл ала баштады.
– Борборго көчүп келбейсиңби?
– Мен үйдөн эң кичүү­сүмүн. Кыргызда кичүү бала ата-энени караш керек деген салт бар эмеспи. Андыктан, бул жөнүндө ойлонгонго шартым жол бербейт.

Даярдаган Азиза Сатимбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо