ИЧТЕЙДИ АЧУУЧУ АДЖИКАЛАР

№669 28-август-3-сентябрь, 2015-ж

Кышкы кечте сырттагы суукту тоготпой, жылуу үйдө даамдуу тамак жеп отурганга эмне жетсин? Албетте, дасторкондо тамактын даамын чыгарчу аджика (татымал) болсо... Бул жакшы кыял. Кыялды иш жүзүнө ашырса болот, анткени аджиканы даярдоо сиздин колуӊуздан да келет.

БАКЛАЖАН КОШУЛГАН АДЖИКА

Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 1 килограмм
Помидор – 2 килограмм
Таттуу болгар калемпири – 1 килограмм
Сарымсак – 350 грамм
Ачуу калемпир – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 1 стакан
Уксус (9%)100 грамм
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Болгар жана ачуу калемпирлердин уругун тазалап алып салабыз. Помидор, баклажандардын түп жагын кесип, сарымсакты тазалайбыз.
2. Эми баарын эт майдалагычтан өткөрүп, май, туз кошуп, отко коюп 20 мүнөт кайнатабыз. Оттон чыгарардан 5 мүнөт мурун уксусту кошуп жиберебиз.
3. Бууга кармалган банкаларга куюп, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

АЛМА КОШУЛГАН АДЖИКА

Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 1 килограмм
Сабиз – 200 грамм
Ачуу калемпир – 1 даана
Алма – 1 даана (кычкыл)
Сарымсак – 1,5 баш
Өсүмдүк майы – 80 грамм
Кумшекер – 3 аш кашык
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Помидор, сабизди жууп, эт майдалагычтан өткөрүүгө жеӊил болушу үчүн майдалап кесип алабыз. Ачуу калемпирди уругунан тазалабай эле майда туурайбыз. Алманы
уругунан тазалайбыз. Сарымсакты майдалап кесип, өзүнчө идишке салабыз.
2. Помидор, сабиз жана алманы эт майдалагычтан өткөрүп, үстүнө ачуу калемпирди кошобуз. Баарын казанга салып, кайнап чыкканда жай отто 15 мүнөт кармайбыз. Убак
убагы менен аралаштырууну унутпаӊыз. Чыгарарга 15 мүнөт калганда сарымсакты, майды, кумшекерди, тузду кошобуз.
3. Бууга кармалган банкага куюп, оозун бекитебиз.

ХРЕН КОШУЛГАН АДЖИКА

Керектелүүчү азыктар:
Хрен тамыры – 350 грамм
Ачуу калемпир – 10-15 даана
Таттуу болгар калемпири – 1 килограмм
Помидор – 1 килограмм
Сарымсак – 1 баш
Тоголок кара мурч – каалоого жараша
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1.Жашылчалардын баарын жууп-тазалап, эт майдалагычтан өткөрүү кажет. Айта кетчү нерсе, помидорлордун үстүнө кайнак суу куюп жиберсе кабыгы оӊой аарчылып, эт майдалагычтан такалбай өтөт. Хрендин тамырын сүргүчтүн майда көзүнөн өткөзсө деле болот.
2. Баарын казанга салып, туз, мурч кошуп, отко коёбуз. 15-20 мүнөт өткөн соӊ бууланган банкаларга куюп жаба берсе болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
31.08.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен.
31.08.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хрен дегени кызыктай екен. Орустарда айтатко да хрен его деп
03.09.2015. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хрен анан сливичный хрен барго Орустарда
03.09.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хрен жанагыле ат кулак сыяктуу чоп да.
05.09.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо