Назира Жетигенова, куудул: «НЕБЕРЕЛЕРИМ АР БИР КҮНҮМДҮ ШАӉГА БӨЛӨП ЖАТЫШАТ»

№669 28-август-3-сентябрь, 2015-ж

Кыргызстандын Малайзия өлкөсүндөгү элчиси Кылычбек Султановдун чакыруусу менен ырчы Аскат Мусабеков менен куудул Назира Жетигенова ал жактагы мекендештерге Эгемендүүлүк күнүн утурлай майрамдык маанай тартуулап келишти. Маек төрүбүзгө конокко келген Назира Жетигенова ысык өлкөгө болгон сапарындагы кызыктар, жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

– Куш келипсиз, Назира айым. Малайзияда кандай эс алып келдиӊиз? Ал жактан алган таасирлериӊиз менен бөлүшүп кетсеӊиз...
– Рахмат, жакшы болот. Малайзия биз үлгү алчу өлкө экен. Ичимден биздин Кыргызстан да ушундай өнүксө экен деп кайттым. Ал жакка Аскат Мусабеков экөөбүз элчи Кылычбек мырзанын чакыруусу менен барганбыз. Чынында, мага Малайзияга баруу сунушу менен чалышканы абдан күтүүсүз болду. Албетте, кубандым.
Малай элинин жылмаюусу, сылыктыгы мени абдан таасирлентти. Бул нерсе самолёттон траптан түшүп жатканда эле байкалды.Алар маанайы бар-жогуна карабай күлүп эле жүрө беришет экен. Кыргызстанга келсеӊ баары кабактары бүркөлгөн, айтор, суз, орой адамдарды Алматыдан баштап кезиктире баштадык (күлүп). Учурдан пайдаланып Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановго ыраазычылык билдире кетейин. Элчилик бизге эс алуу программасын түзүп коюптур, кээ бир жерлерин барып көргөнгө убакыт тар болуп калды.
– Малайзияда кандай кызыктарга туш болдуӊуз?
– Мага баарынан маймылдар кызык болду. Бир үӊкүргө барсак маймылдар адамдар менен эле аралашып жүрүшөт. Алардын колуӊда эмне болсо ошону жулуп алмай адаты бар экен. Үӊкүрдөн түшүп келе жатып чоӊ эркек маймылды көрүп калдым. Аскатка «кел, мени мобу маймыл менен сүрөткө тартып койчу» десем, тиги маймыл мени бир чапты дейсиӊ, кантип тепкичтен учуп түшкөнүмдү билбей калдым. Малайзиянын табияты табышмактуу экен, бүт жерде кондиционер иштейт. «Бүгүн күн жаайт окшойт, жылуу кийимдерди алып алалы» деп эшикке чыксаӊ эле күн ысык, үп, айтор, качан жамгыр жаайт деп күтө бердим. Ашканасындагы тамактардын көпчүлүгү деӊиз азыктарынан жасалгандыктан бир аз көнө албай кыйналдым.
– Малай жигиттери жактыбы?
– Билбейм, мага башка улуттун эркектери такыр эле келишимдүү көрүнбөйт. Бул кыргыз жигиттерине кошоматтануу эмес. Малай жигиттери капкара, бойлору кичинекей экен. Миӊ ирет сылык мамиле жасашса да менин табитиме төп келген жок. Биздин кыргыз кыздар малай кыздарынан үлгү алса болчудай, анткени алар башка улуттагы мырзаларды такыр карашпайт экен. Анан да бойдок кыздарга ышкырып тийишип, «таанышып албайлыбы?» деген жат көрүнүштү алар маданиятсыздыктын белгиси деп билишет.
– Кеп нугун чыгармачылыгыӊызга бурсак. Көптөн бери сахнадан, сыналгыдан көрүнбөй кетип, эми гана көрүп калдык, каякта жүрдүӊүз?
– Бул суроону мага көп беришти окшойт. Көрүнбөй кеткенимдин жүйөлүү себептери бар. Ушул жылдын январь айында кырсыкка кабылгам, лыжа тебем деп бутумду сындырып алып, 4 ай төшөктө жаттым. Ден соолуктун баркын билбей жүрчү экенмин, башыӊа түшкөндө билет турбайсыӊбы. Басып жүрүп эле төшөктө жатып калсаӊ, жаман болот экенсиӊ, ыйлаган күндөрүм болду. Ыраматылык Гүлзат Батырканованы эстеп, «өлүп калсам ыйлай да алмак эмесмин» деп өзүмдү жубатып коём. Азыр жакшы болуп, басмак түгүл Малайзияга чейин барып келдим (күлүп).
– Сырткы келбетиӊизден өзгөрүү байкадык, аябай назик көрүнүп калыптырсыз...
– Ооруп жатканда көп ойлондумбу же убакыт-сааты келдиби, айтор, өзүмдөн өзүм эле ушундай болуп калдым. Менин өткөөл курагым бүтпөйт деп ойлочумун. Биринчи эмес, азыр үчүнчү неберемди күтүп жатам, таене болуп турсам кантип токтолбойм? Өткөндө бир агам «Назира, сенин бутуӊ сынбай эле, тилиӊ сынганбы?» деп күлөт. Билбейм, жадакалса көп сүйлөгүм да келбей калды.
– "Үчүнчү неберемди күтүп жатам" деп калдыӊыз, таене болуу кандай экен?
– Ар бир күнүмдү шаӊга, мени бакытка бөлөп жаткан – бул менин неберелерим. Кечинде жумуштан келип, чечинип жатсам операциядан калган тырыгымды эки неберем алмак-салмак өөп, «ох-ох» деп аяган түр көрсөтүп мени элжиретишет. Кызым, күйөө балам, неберелерим менин үйүмдө турушат. Андан тышкары колумда өзүмдүн апам жана кичүү кызым бар. Күйөө балам үйдө жалгыз эркек, кудагыйым айылда жашайт. Улуту башка болгондуктан кыргыздын жигиттериндей «күч күйөө болуп калдым» деп намыстанбайт. Кесиби ашпозчу, үйдө тамак жасап, айтор, айымдардын жумушун деле кыла берет. Мен аны «винегретсиӊ» деп тамашалап коём, себеби канында латыш, уйгур, өзбек, осетин, цыган, татарлардын каны бар.
– Кызыӊыздын башка улуттагы жигитке турмушка чыкканына каршы болгон жоксузбу?
– «Буттан чалынган турат, сөздөн чалынган турбайт» деген макал бар эмеспи, анын сыӊары мен да бир гезитке «кыздарымды башка улуттагы жигитке күйөөгө бербейм, каршы чыгам» деп айтып сөзүмдөн жаӊылып алыптырмын. Чет өлкөгө фестивалга кеткенде кызым жигитин апам менен тааныштырып, күйөө балам баарына жагып, айтор, мени эле көндүрө албай жүрүшкөн экен. Мен келгенде таежем менен апам отургузуп алып аябай башымды айландырышты, аягында макул болдум. Мен үчүн кызымдын бактысы маанилүү да. Кичүү кызым турмушка чыга элек. Учурда студент, жакшы ырдайт, ырчы болсомбу деген тилеги бар.
– Өзүӊүздүн жеке жашооӊузда абал кандай?
«Эки кызымды күйөөгө берип, анан турмушка чыгам» деген элем, эми кичүү кызымды күйөөгө берип, анан чыгам. Мындан 2-3 жыл мурун бир жигит колумду сураган. 5 маал намаз окуган, менден кичүү жигит эле. 2 жылдай мамиле куруп жакшы эле сынап көрдүм, бирок мүнөзүбүз төп келишпей калды. Апам да жактырбай койду. Ата-эненин ыраазычылыгын албай үй-бүлө куруу кандай кыйын экенин билем. Биринчи жолдошума апамдын каршылыгына карабай турмушка чыгып алып, андан жолум болбой калганын билсеӊиздер керек? Мунусунда да корктум. Өткөндө Абдразак деген жездем «жуучу болуп келдим» дейт, мен «жезде, азыр шарт жок, кызым окуусун бүтсүн, баш-аягыбызды жыйып алалы» десем, «кызыӊа эмес, сага келдик» деп өчүрбөдүбү. Ал келген мырза менден 15-16 жаш улуу экен. Апам дароо эле «жакшы болот» дегенинен, «апа, коюӊузчу, менден кутула албай эле жүрөт окшойсуз» дедим.
– Сизди белгилүү кылган кайсы тамаша болду?
– Мен сахнага 1995-жылы эле чыккам, бирок Алина апчемди ээрчип гастролдоп жүрүп гезит-журнал, сыналгыга көп чыкчу эмесмин. Мени белгилүү кылган Рахман Разыков уюштурган «Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы» деген сынак болду. Анан «Айылдык кыз» деген тамашам да популярдуу кылды. Кичинемде маскарапоз болгум келчү. Кайсы кесипти аркалашым мага маанилүү эмес эле, "эптеп эл көзүндөгү адам болом" дечүмүн. Максатыма жеттим.
– Үй түйшүктөрүнүн баары сиздин моюнуӊузда экен, кээде мындай жоопкерчиликтен тажаган күндөр болобу?
– Күз мезгили той-топурга бай эмеспи. Машинам менен Ошко, Ысык-Көлгө, Талас, Нарынга барып тентип эле жүрөм. Үйгө келсем кыздарым костюмдарымды жуубай койсо тилдейм. Анан отун-көмүр жок, бул жакка, тигил жакка тартасыӊ, катыш деген бар. Апамдын катышынын баары менин моюнумда. Бир жолу машинам бузулуп, унаа оӊдоочу жайга алып бардым. Бузулган тетиги кымбат экен, аны араӊ таптырсам, акчам жок болуп калды. Же ыйлаарымды, же уктаарымды билбей отурсам апам «Казакстандагы таежеӊ каза болуп калыптыр» деп чалат, «ий, өлбөй турса өлүп кетеби, акча жокто» деп жинденген болчумун. Бирок жумуштан чарчаган жакшы нерсе. 4 ай төшөктө жатып жумуштун кадырын билгендей эле болдум. Мурун чарчаганда «качан үйдө 1-2 жума жатып эс алган күнүм болот» дейт элем. Ошондо периштелер оомийин деп коюптур да, кырсыктап үйдө да жатып көрдүм.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат, Назира айым!

"Эс алуу ойдогудай өтүп, бир нече альбомго батчудай сүрөткө түшүп келдик".

"Малайзиядагы маймылдар мени таӊ калтырды, абдан "шустрый" болушат экен".

Лунара Бекиева
star@super.kg


Назира Жетигенова: “Мен тандаган бала апама жаккан жок”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(42)
Медиа-портал
29.08.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан ,абдан өзгөрүпсүз.Прям тааныбай калдым.Сизди сүйөбүз,аманчылыкта жүрүңүз
SUPER.KG видео
29.08.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур,ден соолук ар дайым. Ар болунуз
SUPER.KG видео
29.08.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира эже,ден-соолукта бар болунуз! !!
SUPER.KG видео
29.08.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Назира эже Гербалаева ичип арыктап,жашарып кеткенго.
Медиа-портал
30.08.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачылып чачылып кетиптир го Назира эже
Медиа-портал
30.08.2015. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу болуп кетиптир го кошуна эжем
Медиа-портал
30.08.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой жагат да мага ушул эжеке шайыр эн жонокой бар болунуз,!!
SUPER.KG видео
30.08.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштеринизге ийгилик жана ден соолук каалайм. Бар болунуз.
SUPER.KG видео
31.08.2015. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
555
31.08.2015. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун маек, бактылуу болунуз!
31.08.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козуно линза салдырганбы дейм?
31.08.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачылып кетиптирсиз көз тийбесин!
31.08.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу жакшынакай болуп кетиптир башканын суротун коюп койгонбу деп ойлопмун
31.08.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макияжды туура жасатканы учун бираз озгоруп калыптыр.Малайзиядагы тушкон суротторундо мурункудай эле экен.Видеосунда даана эле билинип турат макияж эле озгорто салыптыр
31.08.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назиранын ишине ийгилик,мурдагыдай болуп акылсыз создорду айта бербептир,мен тошум чыгарам дечу элем,ит жетелегенди таласка мен мода кылгам,кыздарымды тоголото тепчу элем дегендей.
31.08.2015. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокойлуулук адамдын эн мыкты сапаты деп айтылат,ушундай жонокой сапатыныздан кайтпаныз адашкам...;-))
31.08.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кыздары башка улутка карабагыла деп айтып озунун кыздарына келгенде унчукпаптыыыырррр.
31.08.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжеси Алина Жетигеновадан чон корунот, бирок сулуулук жаатында эжесинен калышпайт. Ак конул, жайдары муноз айымдай туюлат.
31.08.2015. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Takaya krasivaya stala)))
01.09.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира,Санжар менен кошо "Салам Кыргызстанды" алып барган Гүлжайна жөнүндө да жазгылачы, Гүлжайна мага абдан жагат
01.09.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар жок кыйын эже
01.09.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира эже сонун эже
01.09.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулпуруп эле чыга келди Назира эжекебиз ))))дайым ушинтип журунуз.
02.09.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апчеее козунуз балбыйдайтко ))))
04.09.2015. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик сизди дайыма колдойбуз
04.09.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Женственнная " болуп калыптыр мурдакы пацандарга окшогон образдан кетип, молодец!
04.09.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуп калыптыр,жасалмасы жок жонокой,мыкты адам.
07.09.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип арыктадыныз, сырларынызды айтып коюнузчу. Аябай супсулуу болуп калыпсыз
08.09.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисирейген эмес жаркылдаган алып баруучуларынар жокп! ото завяливая корунот
Медиа-портал
01.10.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира эже жагатта соонун чыгармачылык ий лик каалайбыз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо