Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

№669 28-август-3-сентябрь, 2015-ж

АКШДА ТҮЗ ЭФИР МААЛЫНДА ЖУРНАЛИСТ МЕНЕН ОПЕРАТОР АТЫЛДЫ
Американын Виржиния штатында 24 жаштагы репортёр Элисон Паркер менен 27 жаштагы оператор Адам Уард түз эфирде интервью алып жаткан маалында атылып өлтүрүлдү. Түз эфирде атышуунун үнү жана журналист менен интервью берип жаткан айымдын качып бара жатышканы, камеранын кулаганы көрсөтүлгөн. Кылмышка шектүү качып кеткени менен, ал өлтүрүлгөн оператордун камерасына тартылып калган.
Бул окуядан бир нече сааттан кийин кылмышка шектүү интернеттеги баракчасына видеолорду жүктөп, «мен атышууну тартып алгам, көрүп алгыла» деген билдирүү калтырган.
Кылмышка шектүү Вестер Ли Флэнаган өлтүрүлгөн журналисттер менен WDBJ7 телеканалында мурда иштегени маалым болду.
Ал полиция тарабынан кармоо учурунда өз өмүрүнө кол салып көз жумду. Вестер Ли Флэнаган өлүм алдында кат калтырып кеткен.
Ал катта расалык дискриминацияга, жумуштагы кодулоого дуушар болуп келгенин, «мен акыркы кезде жарылып кетүүгө даяр турган ок-дары катылган челек сыяктуу болуп калгам» деп билдирген. Ошондой эле анын кумса жана кара терилүү экендигин шылдыӊдап келишкенин жазган.

КОШ БОЙЛУУ КЫЗ ТИРҮҮЛӨЙ КӨМҮЛДҮ
Гондураста 16 жаштагы Нейси Перездин сөөгү жерге берилгенден бир сутка өткөндөн кийин өзүнө келди. Маалым болгондой, 3 айлык боюнда бар Нейси өз үйүнөн алыс эмес жерде орун алган атышууну угуп эсин жоготкон. Кыздын оозунан көбүк чыгып жатканын көрүшкөн ата-энеси ага жин кирип кетти го деп чиркөө кызматкерин чакырышкан. Жиндерди кубалаган ырым-жырымдарды жасашканы менен, кыз дем албай калганда ооруканага алып барышкан. Ал жерде дарыгерлер кыздын каза болгонун билдиришкен.
Перез бир нече ай мурун турмушка чыкканына байланыштуу аны үлпөт көйнөгү менен көмүшкөн. Эртеси анын жолдошу Руди Гонзалес көрүстөнгө келип андан чыгып жаткан кыйкырыкты уккан. Ал туугандарын чакырып табытты ачышкан. Бирок аны көрдөн алып чыгып жатканда аба жетпей каза тапкан.
Нейсинин тирүүлөй көмүлгөнүнө анын көрдөн чыгууга тырмышып жатканында алган колундагы жарааттары далил болгон. Шалаакы дарыгерлер Нейси Перездин биринчи ирет жүрөгүнүн токтошун катуу корккону менен байланыштырышууда.

ЛОНДОНДО МАС КЫЛГАН АБА ОЙЛОП ТАБЫШТЫ
Лондондо ичимдик менен дем алган коктейль-бар ачылды. Бул жайды ачуу идеясы фуд-дизайнер жана архитектор Сэм Бомпас менен Гарри Парриге таандык. Андагы абанын нымдуулугу болжол менен 140 пайыз. Ал эми буунун үчтөн бир бөлүгү алкоголь ичимдиктеринин «сыгындысынан» турат. Алкоголдон турган буу организмге өпкө аркылуу кирип, боорго болгон жүктү азайтат. Барга кирген адам 40 мүнөттөн кийин мас боло баштайт.
40 кишиге ылайыкталып салынган барга кирүү акысы саатына 16 доллар турат.

Динара Абдыкадырова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
31.08.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай да болобу эртерек алып барыш керек эле да
01.09.2015. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба кылдым боюнда бар кызды тирилой комулгону жаман болуптур.
01.09.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заман эмне болуп баратат. Мас кыла турган абасы таза кызыкго.
03.09.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты да ушул бар
03.09.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таппасанар сыйпалап калгыла.абага МАС болот дегени эмнеси ботом
05.09.2015. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мaс кылгaн aбaны жaрыялaбaй эле койбопсунaр жaкындa Бишкекке aчaт aткa минерлерден бирөөсү
17.09.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mne jalko beremennyuiu devushku
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо