Мезгил жаӊырган сайын моданын жаӊы агымы келет эмеспи. Бул күздө сиз дагы жумушуӊузга, жеке жашооӊузга гана өзгөртүү киргизбестен гардеробуӊузга да жаӊыланууларды киргизиӊиз. Мода жаратуучулар быйылкы күздө бизге кандай кийим кийүүнү сунушташат, чогуу байкайлы.
Быйыл жоон жана ичке сызыгы бар свитер, футболка, айымдардын көйнөгү жылдын хити болгонун баса белгилей кетели. Мындай кийимдердин актуалдуулугу ушул күздө да уланат.
Дизайнерлер бул күздө токулган түрдүү моделдеги кардиган, свитер-туникалар модада дешет. Айрыкча ар кандай сүрөт жана геометриялык фигура түшүрүлүп токулган кийимдер сиздин келбетиӊизди ачат.
Бул жай жыртылган жынсы шымдар менен чолок шымдардын мезгили болду десек жаӊылышпайбыз. Ал эми токулган кардиган ушул күз мезгилине ылайыктуу эӊ жылуу жана саркеч кийим.
Мырзалар үчүн торчо, сызыкчалары бар костюм-шымдар быйылкы күздө өзгөчө актуалдуу. Бирок торчо, сызыкчалары бар пиджак, шымдарды бою кичинекей жана толук адамдар кийбей эле койгону туура. Анткени мындай кийим адамды толук, көлөмдүү көрсөтүп коёт. Аталган костюм-шымды кечки тамактанууга баратсаӊыз туфли менен, ал эми кеӊсе жумуштарына же жолугушууларга кеда, кроссовка менен деле кийип алсаӊыз болот.
Узун, жеӊи жок жилеттер да бул күздүн трендине айланат. Андыктан ар түстөгү жилетти кеч күзгө чейин жеӊи узун водолазка менен кийип жүрө берсеӊиз болот. Ал эми классикалык, тумшугу шиш (лодочка) туфлилер дайыма модада. Мындай туфлилер ар бир бийкечтин гардеробунда болууга тийиш.
БУЛ КҮЗДӨ МОДАДА...
Бут кийим. Бул күздө тизени жапкан өтүктөрдү кийүү да модада. Айымдарга ишенимдүүлүк, күч тартуулаган ботфорт өтүгүнүн триумфу ушул күздө болот деп күтүлүүдө.
Клатч. Айымдардын көркүн ачкан аксессуарлардын бири клатч эмеспи. Бул күздө дизайнерлер кооздук менен бирге ыӊгайлуулукту эске алышып, саркеч айымдарга колго илмей клатчтарды сунушташат.
Шарф. Калыӊ моюн орогучтар менен бирге эле бул күздө ичке шарфтар да модада. Айымдарды стилдүү көрсөткөн ичке моюн орогучтарды дүкөн, базарлардан оӊой эле табасыз.
Шым. Быйыл айымдар үчүн бели бийик жынсы шымдар модада болгону белгилүү. Аны менен бирге учурда түрдүү фасондогу кенен шымдар жаӊы трендге кирди. Мурунку клёш шымдар да модага кайтып келди. Андыктан шым тандоодо сизде мүмкүнчүлүк көп болот.
Бомбер.Мырзалар үчүн да, айымдар үчүн да эрте жазда жана күз айында кийилчү бомберлердин кыска, жеӊил күрмө)модасы кете элек.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg