МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

№670 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Адел улам телефонун карап коёт. Анын шыӊгыры үчүн жанын бергенге даяр эле. Кечке маал гана көптөн күткөн телефон шыӊгырап, калтыраган колдору менен трубканы алды.
– Салам!- деди шайыр үн.
– Салам!
– Адел, мен сен жакка бир сааттан кийин барам. Даяр болуп тур.
Телефон шак коюлду. Адел үчүн бир саат бир кылымга татып кеткендей болду. Тимур башын жерге салып келе жаткан келинди көрүп күлүмсүрөп алды. Жүрөгү адаттан тыш дүкүлдөп чыкканын сезди.
Алдынан тосуп чыгып машинесине отургузду да, айдап жөнөдү.
– Кайда барабыз?
– Сен менден коркуп турасыӊбы?- деди жигит.
– Жок, сенден корксом, сага ишенбесем келет белем? Болгону тааныш адамдар көрүп калабы деп чочулап жатам.
– Коркпо, экөөбүз эч бир жан билбей турган жерге барабыз.
Күн батып бара жаткан учурда тоо алдында шаркыраган суу боюна салынган үйгө келишти.
– Коркпо, бул биздин дача, азыр эч ким жок.
Машинесинен ала келген нерселерин түшүрүп жаткан Тимур акырын көз кысып койду. Тамак-аш менен кошо суусундук, ичимдик, мөмө-чөмөлөрдү да ала келген экен.
– Биздин жолукканыбыз үчүн!- деди шампанды колуна алган Тимур. Адел эрдин тийгизгени болбосо ичкен деле жок.
– Алып отурбайсыӊбы.
– Мен такыр ичпейм.
– Таптакыр ичпеген адамды биринчи көрүшүм.
Келин үн катпай күлүп койду.
– Өзүӊ тууралуу айтып берчи?
– Биринчи сен айтып берсеӊ.
– Менин өмүр баяным анча деле кызык эмес. Шаарда төрөлүп-өскөм. Ата-энемди болсо өзүӊ көрдүӊ. Жогорку билимди чет өлкөдөн алдым, бул жакка жакшы жумушка орноштум. Эми ата-энем үйлөн эле үйлөн деп мага ылайыктуу кыз издеп жүрүшөт.
Аделдин жүрөгү тилине түштү.
– А сенчи?
– Эмне мен?
– Качан үйлөнгөнү жатасыӊ?
– Сени көрө электе билчүмүн, азыр билбейм.
Тимурдун эриндери жакындап келе жатты. Денесин майда калтырак баскан келин артка чегине албай майтарылып турду. Денесин бир жалын каптап кеткенсип ошол жалын жан дүйнөсүн балкытып, буга чейин биле элек, туя элек бир сезим чулгап алды. Чоктой ысык эриндер жакындап, ысып жанган денелер кынала түштү. Тимур аптыга келиндин алкымынан, төшүнөн өпкүлөп, көйнөгүнүн топчуларын чече баштады. Бир маалда эсине келе түшкөн келин Тимурду түртүп жиберип ордунан атып турду.
– Адел!
– Мен анте албайм... Мен...
Калтыраган келин бетин басып өксүп жиберди. Тимур аны акырын гана бооруна кысып, чачтарынан сылай берди.
– Мен күйөөсү бар аялмын, мунубуз жакшылыкка алып барбайт. Эртеӊ жолдошумдун жүзүн кантип карайм?
– Тыс-с, ал тууралуу азыр ойлобо. Кечир мени, мен шашып кеттим.
– Эгерде мени сыйласаӊ, сүйсөӊ, азыркыдай нерселерди оюӊа алба! Билесиӊби, Тимур, мен үчүн сенин жүзүӊдү көрүү эле чоӊ бакыт. Мен сени сүйөм, менде ушунчалык
күчтүү сезим болгон эмес.
– Кичинекейим менин!
Ошентип экөө таӊды тоо алдындагы үйдөн тосушту. Таӊ аткыча укташкан жок, кучакташып отуруп сүйлөшө беришти. Адел башынан өткөргөн окуялардын баарын айтып берди. Тимур аны аяп угуп отурду. Келин өмүрүндө мынчалык көп сүйлөбөсө керек, дилиндеги сырларынын баарын ачып төгүлүп отурду. Анын көзүндөгү мелт-калт толуп турган ысык махабатты көрүп Тимур да коркуп кетти. «Мен ушунчалык күчтүү сүйө аламбы?» деп жатты өз оюнда.
Аделге мурун жашоо бир калыпта өзгөрбөгөндөй супсак туюлса, эми дүйнө жапжашыл, кооз, мээримдүү сезиле баштады. Биринчи жолу өзүн бактылуу сезди. Жалгыз гана ушул адамдын жанында өзүн бактылуу сезерин байкап жатты.
Ушул жолугушуудан кийин келиндин мүнөзү өзгөрдү. Муну Карыпбек да, Айкөл да байкады. Айкөл себебин билип ичинен сызып жатса, Карыпбек акыры тагдырына баш ийген экен деп кудуӊдап жатты. Ал Аделдин күлкүсү, бактылуу жылмаюусу үчүн баарын берүүгө даяр эле.
– Дайыма ушундай шайыр жүрчү,- деди ал кубана. Жаш аялын имере тарта бергенде ал кучагынан чыгып кетти.
– Мен тамакты коюп койдум эле,- деди шаша-буша.
– Токточу, сени сагынып кеттим, жарыгым...
Адел күйөөсүнүн олдоксон кыймылын, тер жыттанган жытынан көӊүлүндө жипкирип жиберди. Эмне шылтоо айтарын билбей, болгон күчү менен жулунуп кучагынан чыга берди.
– Эмне болду сага?
– Эч нерсе, болгону менин да адам экенимди унутпасаӊыз. Менде деле көӊүл бар, сиз...
Адел сөзүнүн аягына чыга албай көз жашын көлдөтүп сыртка чыга качты. «Болбойт, мындай жашоо болбойт! Ары же бери болушубуз керек!» деп жатты өзүнө-өзү.
Карыпбек биринчи жолу кагуу жеди, биринчи жолу аялы андан ачык эле качып жатканын сезип көӊүлү сынды. Ого бетер шаабайы сууп, артта калган жаштыгына өкүнүп жатты.
Үзүлөйүн деген чынжырдай болгон жашоо уланып жатты. Адел сүйүүсүн тапканы менен, аны менен келечеги кандай болорун билбей бушайман. Карыпбек болсо ачуулуу, шекчил адамга айланып кетти. Эмнегедир ошол жылы картая да түштү. Мурун Аделдин көзү менен теӊ айланса, азыр ашыкча эле текшерүүгө алып, болгон ачуусун андан чыгарып алчу болду. Ортодо Айкөл эмне кыларын билбейт.
Бул учурда Тимур Карыпбектин ишенимине кирип алды. Кээде кайсы бир иштер үчүн үйгө да келип алчу болду. Карыпбек болсо эч нерседен шек санаган жок, колдон келген жардамын берип жүрдү. Айкөл менен Адел тамак ичели деп Карыпбекти күтүп жатышкан. Адел үстүнкү кабаттан түшүп келе жатып жолдошунун жанындагы жигитти көргөндө жүзү албыра катып туруп калды.
– Саламатсызбы?- деди үнү калтырай.
– Салам!- деди бейкапар үн каткан Тимур.
Аделдеги мындай өзгөрүүнү Айкөл дароо байкай койду. Алдында турган жигит ким экенин да сезди.
– Айкөл, таанышып ал. Бул Тимур, сага айтып жүрбөдүм беле.
Бири-бирине кол беришкен эки жигит теше тиктешип калышты. Адамда алтынчы туюм деген укмуш иштейт эмеспи. Тимур да жек көрө тиктеп турган жигитте бир сыр бар экенин сезе койду. Эмнегедир Айкөл ага дароо жаккан жок. Аделдин сөзүнөн улам үйдө бир жигит жашаарын билчү, бирок бакча-сакчаны караган кол бала го деп ойлогон эле. Келбеттүү, акылдуу, билимдүү, өзү менен теӊ тайлаша тиктешкен жигит экенин билген эмес. Тимур кызгана түштү.
– Айкөл – бир тууган жээним. Учурда менин ишимди алып кете турган ишенимдүү юристтердин бири,- деди Карыпбек. – Кана эми, дасторконго карайлы.
Тимур өз чөйрөсүндө аты чыккан чечен жигит боло турган, бул күнү да ар кайсы темада сүйлөп кызыктырып отурду. Адел анын билимдүүлүгүнө суктана эмне жөнүндө кеп болуп жатканын түшүнбөсө да, балбылдаган көзүн албай муюп угуп отурду. Ансайын Айкөлдүн жаны кашая тигинин бал тилин ичинен жек көрүп жатты...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 661-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 662-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 663-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 664-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 665-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 666-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 667-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 668-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 669-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 671-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 672-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 673-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 674-сан
Комментарийлер(14)
07.09.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 1111111111 экен
07.09.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен болбой калдым 1чи
07.09.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоонун тубундо жаалгыз ишенбей калдымда, бир нерсе болуш керек эле
07.09.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жума кутмой дагы.
07.09.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныш сезимдер.
07.09.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен да ушундай кучтуу сезимдерге кабылгым келет катуу суйгум келет,ушундай китептерде гана болсо керек андай суйуу.
07.09.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Elnuram090,
Эмнени тилесен Кудайым ошону берет экен. Мен да бир убакта сага окшош ойлончумун. Мындай суйуу, кучтуу сезимдер, окуялар китептерде эле болсо керек дечумун. Менин башыман качан отот деп кутчумун. Анан Кудай тилегинди берейин деди окшойт. Китептегидей суйуу, кучтуу сезим, бут тосуу, кыйынчылыктарды берди. Кудум эле китептеги чыгармалардай... Ошондо тушундум. Биз эмнени тилесек, Кудайым ошону гана берет экен.
07.09.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Elnuram090,
Копчулук китептин аягы жакшы менен буткондой менин суйуум да Кудай жалгап жакшы менен аяктап, жакында эле экообуз уйлондук.
Андыктан сен да китептегидей эмес, озундун китебинди озун жазышын керек экен. Жакшыны ойло, жакшыны тиле, баары жакшы болот сенде дагы. Ийгилик!
07.09.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
екобуз жолугалы болуп калышы мумкун Elnuram09
07.09.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чала озуно жаш кызды ал дептирби
07.09.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kinonu korgondoi elestetip okudumgoo
07.09.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ураа аран гана бир жылдан бери журуп эми каттоодон отум. Тема боюнча айтсам эми Тимурга турмушка чыгабы?
08.09.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынле кино коргондой окудум мен дагы. Эгер тоодо бир нерсе болсо точно боюнда болуп калмак
08.09.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык жерине келгенго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо