Нуриза Бурханова, актриса: «КИНОГО КАЙТУУ ҮЧҮН ХИДЖАБДЫ ЧЕЧТИМ»

№670 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж

Кыргыз киносу келечектен көптү үмүттөндүргөн актрисалардан уучу кур эмес. Жараткан образдарына караганда жеке жашоосу аркылуу эл оозунда талкууга алынып жаткан жаш актриса Нуриза Бурханова бүгүн биздин маек төрдө.

АКТРИСА ТУУРАЛУУ:
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 7-январь
Туулган жери – Баткен облусу, Сүлүктү шаары
Хоббиси – Сүрөт тартуу, китеп окуу
Билими – «Туңгуч» жаштар театрынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз экономикалык университетинин 4-курсунун студенти.
Тартылган тасмалары – «Кумурскага каршы калем», «Шам», «Кызыл көйнөкчөн», «Аят-2», «Баарын кайрадан баштайлычы», «Эрежесиз эр уруш», «Тагдырдын өгөй балдары», «Жол» жана башкалар.

– Саламатсыңбы, Нуриза? Актриса катары калктын калың катмарына жаңыдан гана тааныла баштадың, өзүң тууралуу кеп козгоп кетпейсиңби?
– Саламатчылык! Үй-бүлөдө 2 бир туугандын кенжесимин. 1 агам бар. Кичинекей кезимде эле үй-бүлөбүз менен борборго көчүп келген экенбиз. Балалыгым Бишкек шаарында өттү. Борбор калаадагы Абдылда Каниметов атындагы №1-гимназияда 9-класска чейин окудум. Мактаныч эмес, окуучу кезимде тың болчумун. Класста староста болуп, мектепти жалаң «5» деген баалар менен аяктагам.

– Жакшы окуган кыздын илим менен кетпей чыгармачылык жолду тандап алуусуна эмне түрткү болду?
– 8-класста окуп жүргөнүмдө сиздердин гезитиңиздерден «Жамал Сейдакматова таланттуу улан-кыздарды кабыл алат» деген жарыяны окуп калдым. Театрга кастингге катышканы барсам Жамал эже мени көрүп, «Сен азыр кичинекейсиң. Чоңой, мектепти бүткөндөн кийин кел, ошондо алам» деп койду. Мен болсо «бул жакта сөзсүз окушум керек, актриса болгум келет» деп көгөрүп ыйлап туруп алсам, акыры окууга алды. Ошентип «Туңгуч» театрынан чыгармачылыктын чыйыр жолуна түштүм. Алгач «Кетпечи, Бугу эне» аттуу спектаклде башкы ролду ойноп, көптөгөн ийгиликтерге жеттим.
Мисалга, 2010-жылы Кытайда өткөн эл аралык фестивалда аталган спектакль менен Гран-прини утуп алганбыз. Биздин улуттук кийимдерибизге 14 мамлекеттен келген катышуучулар суктанып, уюштуруучулар да бизди жактырып кийинки жылы да катышуубузду сунушташкан. Ошол эле жылы жогорудагы ролум үчүн мага Маданият министрлиги «Жылдын мыкты дебюту» деген диплом ыйгарды.
2011-жылы «Сүйүү жазы» деген спектаклде баш каармандын ролун ойноп, анда да Кытайдан баш байгени утуп келдик. Андан кийинки жылы болсо кыргыз бийин бийлеп катыштык. Кийин Жамал эже мени мактап жүрдү.

– Сени депутат Турсунбай Бакир уулунун мурунку жубайы катары билебиз. «Туңгучту» таштап, турмушка чыгып кеткениңди устатың кандай кабыл алды?
– Албетте, нааразы болду. «Сен алыска кетчү кызсың. Жолуңда ийгиликтер күтүп турат. Көптөгөн спектакль, тасмаларда жакшы ролдорду жаратмаксың. Турмушка чыгуу азырынча эрте» деп каршы чыккан эле.

– Ата-энең, туугандарың улгайган «күйөө балалуу» болорун укканда эмне дешти?
– Алар да алгач угушканда караманча каршы чыгышты. Өзгөчө апам каршы болгон. Бирок ар бир адамдын маңдайына жазылганы бар да. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, биз ойлогондой эч качан болбойт экен. Жараткан бешенеңе эмнени жазса, ошону көрөсүң. «Жаштык – мастык» демекчи, ал кезде жаш болчумун. Ар бир эле адам жашоосунда ката кетирет деп ойлойм. Ошол кезде социалдык тармактар аябай өнүгүп калбады беле. Экөөбүз интернет аркылуу таанышып калганбыз. Ал кезде билбейм, балким, аны аябай сүйүп калгандырмын...

– Жаш, чырайлуу кызга ашык болуп, артыңдан чуркаган жаш жигиттер ошол кезде жок беле?
– Өзүмдү сулуу деп эсептебейм. Күзгүдөн өзүмдү карап «менин эмнем сулуу?» деп келбетимден кемчиликтерди издей берем. Ашык болгон жигиттер, күйөрмандарым көп эле болчу. Ал кезде алардын эч кимисин деле сүйчү эмесмин.

– Эл оозунда жолдошуң менен ажырашканың тууралуу имиштер айтылып жүрөт. Чын-төгүнүн өз оозуңдан уксак...
– Ооба, ажырашканыбызга 1 жылдын жүзү болуп калды. Бирок эмне себептен экендиги эки адамдын ортосунда калганы жакшы. Экөөбүз сый мамилени сактап калдык. Мен аны жаман деп айтпайм, кандай болгон күндө да ал балдарымдын атасы. Учурда балдарына каралашып турат.

– Сен тууралуу "өзүнөн улуу адамга материалдык кызыкчылыктарды көздөп турмушка чыккан. Күйөөсү ага үй, машина сатып берди" дегендер бар?
– Үй, машинаны мага эмес, балдарынын келечеги үчүн сатып берди.

– Улуу кызың төрөлгөндө интернеттеги жеке баракчаңа «кызым, мурда сен жок кантип жашап жүрдүм экен?» деп жазып чыгып, эне болгонуңду сүйүнчүлөгөн элең. Балалуу болгон соң жашоого болгон көз карашың өзгөрдүбү?
– Эне болуу бактысын сөз менен жеткире албасам керек. Жаңы төрөгөндө «мен ушуну кантип төрөдүм?» деп өзүмө ишене алган эмесмин. Кызым Ясинага азыр 2 жаш 3 ай болду. Тили эми чыгып «кытайча» сүйлөп жаткан чагы. Ал эми уулум Айтемирге 1 жаш 2 ай болду. Анын тили кызымдыкына караганда эрте чыгат окшойт, азыртадан эле чулдурап сүйлөп баштады. Мурда көп нерсени этибарга албаган секелек кыз болсом, азыр эне болуп балдарымдын келечегин, аларга татыктуу тарбия берип чоңойтууну ойлоп калдым.

– «Балалуу болгондон кийин ата-энеңдин кадырын билесиң» деп коюшат. Силерди апаң жалгыз бой чоңойтконун кулагым чалып калды эле.
– Өзүм эне болгондон кийин апамдын кадырын мурдагыдан да жакшы түшүнүп калдым. Негизи кыздардын арасында курбу деген болбойт экен. Алардын арасында дайыма көрө албастык, атаандашуу болот. А менин эң жакын курбум, кеңешчим – апам. Дайыма мага колдоо көрсөтүп турат. Бир нерсе жасаарда, керек болсо кийим аларда да апамдан кеңеш сурайм. Ата-энем 3 жашымда ажырашып кетишкен экен. Экөөнүн ажырашканына атамды да, апамды да күнөөлөй албайм. Агам экөөбүздү апам эч нерседен кем кылбай жалгыз чоңойтту. Атамды болсо көрө элекмин, ошондуктан ага болгон сезимдерим өчүп калган. Ата деп айтышка да оозум барбайт.

– Тасма талаасына кантип келип калдың эле?
– «Туңгучта» жүргөндө «Кумурскага каршы калем», «Кызыл көйнөкчөн» аттуу 2 тасмага кастинг өтүп жатканын угуп барып, экөөнө тең баш каармандын ролуна өтүп кеткем. "Кызыл көйнөкчөн" коркунучтуу тасма болгондуктан көбүнчө түн ортосунда тартылды.
Бир эпизодду тартарда талаага мени жалгыз таштап, тартуучу топтун бардыгы кетип калышты. Түн ортосунда ээн талаада жалгыз отурам, айланамды карасам баары караңгы. Бир маалда бакалардын чардаганын угуп коркуп кетип, образымды унутуп калдым. Ыйлаш керек болчу, көзүмдөн жаш чыгара албай койдум. Анан терс каарманды аткарган байкеге келип «мени жаакка чабыңыз» дедим. Ал биринчи чапканда ыйламак тургай, тескерисинче, күлүп жибердим. Тиги байке кайра экинчи жолу катуу чаап жиберди эле ошондо ыйлагам. Киного ошентип келип калгам.
Жакында эле «Жол» аттуу тасмада баш каармандын образын жараттым. Көпчүлүк «Бул кыз киного кантип тартылып жатат? Депутат күйөөсү демөөрчү болуп жаткан го» деп ар кандай кептерди айтышыптыр. Кинолорго эл катары эле кастингден өтүп тартылып жүрөм.

– Бир учурда хиджаб кийип жүрүп, кайра чечип салганыңды азыр көпчүлүк талкуулоодо. Аны чечишиңе эмне түрткү болду?
– Ар бир адам өзүнүн жашоосун өзү билет. Негизи Кудайга жүрөгүң менен ишенсең болду. Өзүм Кудайга ишенем, намаз окуйм. Жоолук менен жүрсөң көп жерден бут тосуулар болот экен. Жумушка да орношууга кыйын болду. Тасмаларга да тартыла албай калат экенсиң. Акыры киного кайтып келүү үчүн хиджабды чечтим.

– Маек куруп бергениңе рахмат!

"Жолдошумду жамандабайм, кантсе да ал балдарымдын атасы".

"Бар бакытым –балдарым".

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Турсунбай Бакир уулунун мурунку жубайы Нуриза: "Депутаттын байлыгына кызыккан эмесмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -7 
Комментарийлер(204)
09.09.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай чырактай балдары менен ажырашып кантип болок жашап журот экен? Аа мындай бардар Турсунбек депутата коп го анда
09.09.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул Турсунбай Ажы аке соц сетиде страничка ачып алып жон эле жылдыз болуп алган.Друзьясында Нуризага окшогон жаш кыздар толтура.Жашы алтымышка чыгып калыптыр соц сетиде страничка ачып эмне кылат уялбайбы.Дагын мен андай кылдым мындай кылдым деп озун мактаган заметкаларын окуусан куйугосун.
KGstan81 түзөттү 2015-09-09 18:41:20
12.09.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
KGstan81,
эркек артынан тукум калтырганга жаралган. Кучун жетсе он аял ал.
09.09.2015. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Т0обо кылып суйлойлу. Биздин башыбызга эртен эмне келишин билбейбиз! Апасы экоо иштеп алалы дешти бекен ааа?
09.09.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай баарыбызга ыйман берсин, сындаш оной, бирок .....билбейм даж не дешти. Кантсе да жолугун чечкени жакшы болбоптур. Анан ушул улуу кишилерге суйуп турмушка чыктым дегендерге такыр ишенбейм негедир.
09.09.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуриза торолгондо ажы депутат 40-чыккан экен эле...Кааап...Ошондо кандай суйуу бул жаш кыздын козун кор кылды экен???...Кантсе да чалдарга,аксакалдарга,кыздарга,женелерге,аял затына да ыйман,ынсап берсин Аллахым...
nazira1989 түзөттү 2015-09-09 23:47:28
10.09.2015. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башын айланткан дейсиңер ал жаш красавчик мачо болсо экен көррүп эле өзүн жоготуп башы айланып тийип алып кийин ташталып калса.Ал кыздын көзүнө Бакс көрүнгөн да толька.Акчасы болсо маймылга деле турмушка чыга берчүүдөйго
10.09.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен киного эмес тозоко кайтыпсын
10.09.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайга журогун менен ишенсен болот де. Анда эркектер намаз окубай, кыздарыбыз оронбой эле .ичкени ичип чеккени чегип ар жолго тушуп кетпейби журогум менен ишенем деп. Алла сенин журогуну жараткан жок мага баш ийсин деп сени жараткан менин буйруктарымы аткарсын деп. Чечпей эле киносу жок эле жашасан болмок кара тамак учун уятыны ачпай.
10.09.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akcha uchun ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-10 16:49:07
10.09.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RASTAMAN - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
10.09.2015. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хиджабын ишке орношуу учун гана чечкен окшойт. Буйруса жаны тасмалардан короттурбуз...
12.09.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyrov.s,бекер эле чечиптир.
10.09.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Выходит Турсунбай подофил?????!!!!! По хорошему его надо засудить!если посчитать она забеременела в 16лет, может из-за беременности была вынуждена выйти за старика?
10.09.2015. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазганы соз калбадыгооооо.....
10.09.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Пенденин айтканы эмес, Алланы жазганы болот" пешенесине жазылганы ушу болсо, кайда качмак эле? Башка тушконду коз корот, "Бироого сын такбай озунорду билгилечи
11.09.2015. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хиджапты чечип Аллахтын буйругуна каршы чыгып актриса болом деп кайра эле адашыптыр,ошондо эсептеп корсонор азыр 20 га толгон болсо кызы эки жарым жашта болсо бул эмне 16 жашында эле турмушка чыгыптырда. Бул кыз озу адашып эле журот окшойт.
11.09.2015. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт. Жашоондо мындан ары ийгиликтерди каалайм.
11.09.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай урду го баарынарды Турсунбай ажынын токолу хиджабын чечип салды деп дуйнону топон суу каптачудай тополонго туштунор го.Чалга тийди дейсинер аны нике кайып деп койот чалга тийеби малга тийеби оз иши го.Хиджабын чечти тозокко тушот дейсинер тушсо озу тушот силерди суйрой кетип атты беле ал да оз эрки эмнени кийет эмнени чечет.Бирок хиджабы жок сулуу корунот экен мойнунарга алып эле койгула туугандар.Байлык учун тийди дейсинер а байлыкка кызыкпаган ким бар уй берем машина берем десе ар кимин чалга тийип ар кимин улуу аял алганга даярсынар жон эле акылдуусунгандын кимге кереги бар.
11.09.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kubat_1973,азаматсың,эң туура.Хиджаб жөнүндө Аравиядан келген диний кызматкер айтпады беле, хиджабды мусулман аялдар сөзсүз кийсин деген закон жок шариятта. Муну жашаган жерибиздин климаттык шартына ылайык кийип калышкан деп. Эмне эле"хиджабын чечип салыптыр" дегенге көпчүлүгү өтө катуу басым жасаган.Эмнеси ачык, эмнеси көрүнүп калыптыр, жакшынакай эле турат.Бирөөнү сынап, аны жок жерден жамандаганча, ар кимибиз өз бала-чакабызга жакшылап тарбия береличи.Көчөгө чыксаң,сөгүнгөн, какырынган жаштар
12.09.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jypar.i,хиджабды кийсин деген закон жок, бирок Аллахтын окуму бар.
туура эмес кылыптыр чечип. Аллахым ыйман берсин, кайра авраатын жапсын.
11.09.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын Нуриза алга .Дегендер дей берет ит уро берет кербен журо берет ичи куйгондор туз жаласын.Бул жердегинин баары мышык майга жетпей сасык дегендер.Хиджаб кийгендин баары эле ыймандуу бекен туура кыласын чечип айдай жузунду арабдын чупурогуно орогондон пайда жок элдик адамсын ощонундан жазба мен колдойм сени 100%
11.09.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым баарыбызга ынсап берсин мен бул кызга бакыт гана каалайм. Эн негизгиси оз кызын уулун татыктук тарбиялап алсын демекчимин. Анан бул жактагы кээ биролор жазыптыр "силерди депутат пол жуугуч кылып да албайт, акылдуу боло бербегиле" деп. Бир аз ойлонуп суйлогулочу туугандар! Биздин деле ата-энебиз бар озубузго жараша баркыбыз намысыбыз бар. Акча бугун бар эртен жок.
11.09.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nice.love, саламатсызбы!
Сиз кайсыл комментарийиңизди издеп жатасыз?
12.09.2015. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal, рахмат чон байкабай калыпмын.
11.09.2015. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаштык кылып жанылыптыр, келечегине ийгилик жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт, жаштыгынан, жонокойлугунон пайдаланыптыыр
11.09.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хиджабын кино үчүн чечкени туура эмес. Кудайга жүрөк менен ишенүү анын буйругун аткаруу менен болот, а хиджаб бул Аллаhтын буйругу, Аллаhым туура түшүнүк берсин баарыбызга!
11.09.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хиджабты чечкени туура эмес, Кудайга ишенүү - Анын буйругун аткаруу менен болот, а хиджаб бул - Аллаhтын буйругу.....
12.09.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турсунбай Бакир уулун аябай урматтачумун эми бул кылыгынан кийин иттен да пас болуп калды мен учун башкаларга орнок болоордун ордуна минтип жаш кызды байлыгы менен башын айландырып алганын кара.
SUPER.KG видео
12.09.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырдын өгөй балдары тасмасындагы ролу абдан зор чыккан.Нуриза эже бактылуу болуңуз.Турсунбай акеге сөз тийгизбегиле эл журт.
12.09.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 жаш розница атасындай киши менен кантип жашады
13.09.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa,атасы 20жашында уйлонсо,40жаш почти чон ата болуп калат да))
13.09.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо нуриза азыр уй бар машине бар кыз бар бала бар жашоо керемет маладец.аллахым бироого суудан бироого сайдан бироого бироодон берет деген ушулда кунуну коробер
13.09.2015. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каментари чыкпайтго
14.09.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун атасыз осупсун, ажырашып ошондой жашоону балдарына кантип ыраа кордун??? Кантсе да ийгилик каалайм, ак эмгек адал акча менен бак балдарыны...
14.09.2015. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол Нуриза. Уул-кызындын жакшылыктарын кор. Сага жакшылык гана каалайм
14.09.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактаныч эмес, окуучу кезимде тың болчумун. Класста староста болуп, мектепти жалаң «5» деген баалар менен аяктагам.

– Жакшы окуган кыздын илим менен кетпей чыгармачылык жолду тандап алуусуна эмне түрткү болду?

Мындан чыкты журналисттин суроосу боюнча окубагандар чыгармачыл адам болот экенда деген ой келбей койбойт экен бул суроодон улам. Ошондо жалан "2" алгандар болуп калабы?
23.09.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоолукту чечип жакшы иш кылбаптырсын карындаш
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо