
Учурда ырчы
Гүлзинат Суранчиева тапкан акчасынын баарын кыялындагы 2 кабаттуу ак өргөөнү тургузууга жумшоодо. Келерки жылы курулуш иштерин бүтүрүп, жаңы үйгө көчүп кирүүнү пландап жаткан ырчы:
«Күн сайын курулуш иштеринин бир жери бүтүп калса аябай кубанып жатам. Үйдүн чатыры жабылып, короосу тосулуп, дарбазасы орнотулду. Быйыл кара жумуштарын бүтүрүп салалы деп жатабыз. Ошондуктан учурда мончо, меш салынууда. Андан кийин ичин жасалгалоого кезек келет. Кудай буюрса, үйүбүзгө көчүп кирер замат сиздерди конокко чакырып, жаңы үйүмдү күйөрмандарыма гезит аркылуу көрсөтөм»,- деп билдирди.