№670 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
2-сентябрь күнү композитор, ырчы Жамиля Муратова, музыкант Адил Чекилов, ырчылар Гүлнара Тойгонбаева, Нурлан Насип, Асема Токтобекова "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышты. Бул кабар коомчулукта түрдүү сын-пикирлерди жаратып, "айрым ырчыларга сыйлык эбак эле берилиши керек болчу" деген ойлор айтылып жатты. "Сыйлыктын кеч берилишине бир аз нааразычылыгым бар" деген Гүлнара Тойгонбаева: "Негизи бул төш белгини туш келген адамга берип, сыйлыктын кадыр-баркын түшүрүп салышкан. Эми гана чоң коллегия түзүшүп, 2 миңдей маданият ишмерлеринин ичинен тандашып 20га чукул адамга тапшырышты. Сыйлык өз убагында берилсе жакшы болот экен. Азыр көбү "сыйлыкты эмнеге мынча кеч тапшырды?" деп сурап, ыңгайсыз абалга калтырууда",- дейт. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Итак, приз «За самый женственный образ» получила молодая актриса из Кыргызстана Асема Токтобекова, сыгравшая главную роль в снятом в 2007 году режиссером и сценаристом Эрнестом Абдыжапаровым фильме «Светлая прохлада».
Кыргызстандан ким алыптыр бул сыйлыкты, айткылачы?