Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАЙСЫ ЫРЧЫ КАЙСЫ ПАРТИЯГА ЫРДАП ЖАТАТ?

№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж

Парламенттик шайлоо жакындап, үгүт иштери кызуусуна кирип калган кез. Шайлоо маалы ырчылардын эӊ майлуу-сүттүү киреше тапчу мезгили эмеспи. Учурда аттуу-баштуу ырчылардан баштап кечээ чыккан ырчысына чейин аймактарды кыдырып, партиялардын үгүт иштерине катышып өнөрлөрүн тартуулап жүрүшөт. Угушубузга караганда, ырчылардын ставкасы болуп көрбөгөндөй өсүптүр. Борбордо карааны көрүнбөй калган ырчылар кайсы партиянын камчысын чаап жүрүшөт? Бүгүнкү макалабызда мына ушуга баам салып көрүүнү чечтик.

«АТА МЕКЕНДИ» АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ БАШТАЙТ
«Ата Мекен» партиясынын үгүт иштеринде Гүлзинат Суранчиева, «Кыз-Бурак» тобу, Курал Чокоев, Нэна, Добр, Нурмат Садыров обон созушат. Өнөр адамдарынын сап башында чыныгы «ата мекенчи» Асылбек Өзүбеков да бар. Асылбек мырза өзү баштаган жоон топ ырчылар менен элди «Ата Мекенге» добуш берүүгө үндөп, жакшы жыйынтык чыгарат деген ойдобуз.

КСДПда КИМ БИЙЛЕЙТ ДА, КИМ ЫРДАЙТ?
Ири партиялардын бири Кыргызстан социал-демократтар партиясын колдоп шайлоодо бийчи Атай Өмүрзаков «Адэм» жана «Тумар КР» бий топтору менен, ырчылар Самара Каримова, Гүлнара Тойгонбаева, Ырыскелди Осмонкулов, Иса Өмүркулов, Аяна Касымова, Алина Жетигенова, Азиз Жетигенов, төкмө акын Жеӊишбек Жумакадыр жана башкалар өз өнөрлөрүн көрсөтүп жүрүшөт. «Той болот, тойдун эртеси да болот» дегендей, эгер КСДП парламентке келип калса, жогоруда ысымы аталган белгилүүлөрдүн ийгилик зоболосу бийиктейт шекилдүү.

«РЕСПУБЛИКА-АТА ЖУРТТА» МЕГА ЖЫЛДЫЗДАР «БУЙ-БУЙЛАЙТ»
Дагы бир алп партиялардын бири «Республика-Ата Журт» үчүн Мирбек Атабеков, Урмат Усенов, Неля, Даниель, Бактияр Токторов, Расул Маматкулов, Айгерим Расул кызы, Замир Арыкбаев, Кайрат Примбердиев, Минюра Рахимжанова, куудул Талант Анарбаев, «We'll be» бий тобу жан үрөшөт. Аталган ырчылардын кайсы биринин Ташиевге симпатиясы болсо, кайсы бири Бабановду бааларын айтышты. Ушул эки лидерге симпатиясы күч ырчылар бул партияга чогулгандай.

«БИР БОЛДУ» АЛП ЫРЧЫЛАР МЕНЕН КУУДУЛДАР ЭЭЛЕШТИ
«Бар бололу, бир бололу!» деген ураан менен шайлоодо ат салышып жаткан «Бир бол» партиясында Бек Борбиев, Султан Садыралиев, Ильяз Абдыразаков, Сайкал Садыбакасова, Алишер Тоотаев, Асема, куудулдар Абдылда Иманкулов, Тынар Курбаналиев, Борончу Кудайбергенов талантын көрсөтүп жүрүшөт. Аты аталган алп куудулдар менен ырчылар «Бир болдун» атын чабышып парламентке жеткирет деп үмүт кылалы.

«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕССТИН» КЫЗМАТЫНДАГЫ ТАЛАНТТАР
Үгүт иштерин эӊ эрте баштаган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы үчүн ырчылар Алтынай Нарбаева, Роза Шакирова, Темир Назаров, Аскат Мусабеков, «Нон-Стоп» дуэти, Жанета Бобкова ырдашат. Билишибизче, үгүт иштерине эӊ көп каражат короткон дал ушул партия. Андыктан бул партияда иштеген ырчылардын гонорары кышы бою иштебей, үйдө бекер жатканга жетсе керек.

«ЗАМАНДАШКА» 4 АРТИСТ ЖЕТИШТҮҮ
Чет өлкөдөгү кыргыздарга көмөктөшүп келген «Замандаш» партиясы бул жолку шайлоодо айым башкарганына карабастан ишенимдүү келе жатканын байкоого болот. Кызыгы, учурда белгилүү жылдыздарды партиялар талашып, ырчылар «дефицит» болуп жатканда «Замандашка» ырчы ашпай калдыбы, айтор, бул партиянын үгүттөө иш-чараларында «Чоро» тобу, Сыймык Бейшекеев, Айбек Бакытбеков жана «Жоролор» куудулдар тобундагы эки жигит гана өз өнөрлөрүн тартуулашат экен.

АТАКТУУЛАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Эл артисти:
– Ырчы эл тандабайт, кайсы партия көп төлөсө ошого ырдай беришет, мунун уяты деле жок. Айрымдар келишим түзүп, бир ай бою ошол партиянын атынан ырдашат. Ал эми кээ бири ири шаарлардагы чоӊ-чоӊ концерттерге гана катышат.

Абдылда Иманкулов, куудул:
– Ким көп төлөсө, ошого ырдай берүү туура эмес. Ырчы да Кыргызстандын жараны катары өзүнүн саясий көз карашына төп келген партияга ырдаганы жакшы. Азыр партиялардын баары «бизге добуш берсеӊер эле шайлоонун эртеси күн башка жактан чыгат» деген убадаларды берип жатышат.

Гүлнара Кахарова, ырчы:
– Мен кайсы партиядан сунуш түшсө ырдай берем. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу аймактарга чыкканга мүмкүнчүлүгүм жок. Бишкекте 2-3 партиянын концертине катыштым, дагы сунуштар түшсө барам.

Мүзүр Мамбетов, «Кеӊеш» тобу:
– Бизге 2-3 партиядан сунуш түшкөн. Бирок акча маселесинде келишпестиктер болуп калды. Бизди өтө төмөн баалайбы же буларга боло берет дедиби, айтор, түшүнбөдүм. Угушума караганда, ар кимдин ставкасы ар кандай экен, 2 миӊ доллардан 30 миӊ долларга чейин. Менин айткан баама макул болушкан жок. Азыр тойлордун мезгили, мен шайлоодон түшө турган каражатты тойлордон деле таап алам.

Гүлжигит Сатыбеков, ырчы:
– Шайлоону унутуп коюп эле алдын ала тойлорго заказ алып алыптырмын. Азырынча эч бир партиянын атынан ырдай элекмин, убактым жок. Тааныш байкелер бар, алар суранышса барып ырдап коём.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(78)
14.09.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырчылардын сезону ээкен да азыр,сезон буткондо билинет ким канчалык коп иштегендери. Уй машина которушатго шайлоодон сон эгер чындап 2-50$чейин алып жатышса. Азаматсынар ырчылар демекмин,себеби азыркы бай бизнесмен талапкерлерди бир гана ырчылар гана пайдаланып жатышат,шайлоо бутту талапкерлер тонопкерлерге айланат да,куйругун да карматышпайт ырас кыласынар аз болсо да алып калгыла акчаларын депутат болом деген копостордун!!!
14.09.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушунча акчаларды чачкандан мурун ошол акчаларга жол тузоп,мектеп салып и.д. ошентип элдин козуно кирсе го...ушунча акча жеп,жыйып,кайра аны чачып...акыретте кантип жооп берет экен?.. жонокой эле адам болнонума кудайга чексиз шугурлор!!!
14.09.2015. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sultanim,чын айтасың, "кимдин, кимдин заманы, ырчылардын заманы" болду го.Канчалаган адамдар болбогон айлыкка иштейт,булар 4-5 жолу ырдап толгон акча алышса. Ырдатып аткан партиялардын жетекчилеринин уяты барбы деген ой келди.Ошол ырчылар ырдап кетсе эле,эл бизди шайлайт деген түшүнүктөрү таң калтырат. Мага мисалы баары бир ким ырдаса, эл үчүн иштеген партияны шайлайм,жана бир да жолу уккан жокмун бирөөлөрдүн, "баланча партияга түкүнчө ырчы ырдаптыр, ошон үчүн ушул партияны шайлайм" дегенин
14.09.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырчылардын ырдаганына каршылык жок.Партияларга айтаар кеп:ушул бир айдын ичинде кат кат убаданы бергенден коро, 4 жылдын ичинде оозго алынарлык иш жасаса.
14.09.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул ырчыларга жарашат ал эми Женинишбеке эмне болгон десен
14.09.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кааар ырчы болуп калбай
15.09.2015. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол ырчыларга кетирген акча бир завод же фабрика ачып койсо канча эл иштеп узурун кормок,бул чондор каяктан тапмак эле ушунча акчаны,бул мамлекеттин акчасы убагында жеген эми чачып атат.
15.09.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча акча жон эле королуп жатат,андан коро 20 кг кумшекерден ар бир уй булого таратса чоон пайдасы болмок,азыр варениянын убагы.Ырдап койсо эле чуркап барагалгансып шайлаганга,эмне укпай журуптурбузбу ырларды
15.09.2015. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчыларды элди шайлоого катыштыруу учун колдонушкан жок, элди стадионго чогултуу учун колдонуп жатышат.Ырчысы жок барса саясатчылардын лапшасын укканы эч ким барбай коймок.Кана айткылачы ырчысыз элди кантип чогултушмак эле...
15.09.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой атан горуу де,ырчылардын куну тууган го.Бир чети ойлоп да кетесин ырчы болуп калбай деп.Менин угушумча угут иш чарасында эн коп акча алган Б Борбиев алдыда экен Бир болдон 30мин$.Ошондой эле Бир болго ырдап жаткан Иляз Абдразаков Ошто стадиондо фонограмма ырдай коюп шерменде болду.Озу ырдабай турса да аппарпт ырдап жатты сахнада.
15.09.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bolotbai,Шайлоодо каерде эле живой ырдачы эле артистер кызыксынго бир эле Ильяз эмес,бут баары эле фонограмма менен ырдаштыго кантип байкабадын?
15.09.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ушу ырчырал бекер ырдаса да уккум келбейт!!!насип,Ильяз дегендер ун деген таптакыр жок!
15.09.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дженнифер Лопести алып келип ырдатышса деле эмне өзгөрмөк эле.Шайлоо бүтөт баягысы баягы эле бойдон калат.Базарда араба тартканы дале тарта берет,кайырчысы өз ордунан жылбайт.Кайран гана корогон акчалар дайынсыз жок болот ошол башка эч жаңылык болбойт.
17.09.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Flander,эн туура соз айттынго.партияларга тан калам эмне учун 5жыл эчнерсе кылышпайт жалан оздорун ойлойт,ананле шайлоого жакын чыга келишет.бизде чындык жок.мен шайлоого барбайм нерв коротуп
15.09.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
айгерим расул кызы олгону калган го торой калып партияга ырдап чыга калып
16.09.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Shpionka,акча,акча,акча беш жылда бир келет шанс
16.09.2015. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shpionka,Самара Каримова деле төрөй калып 19 күн концерт бербеди беле, чакырса барат да
анчалык "өлгөнү калган го" деп орой жазганың эмне?
18.09.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jypar.i,тура айтасын коп еле ырчылар тороп ырдап журушкон ырчы болгондон кин ырдайтда чыкпай калса дагы айтышат тороп турмушкачыгып жокболуп кети деп
15.09.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бутун кыргызстан партиясын угутоп эч ким ырдабай жатабы?
15.09.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Santta - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
15.09.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Университетте дайыма эле ошондой. СДПК бийликте турганда студенттердин добушу ошонуку да. Ал нерсе оз башыман эле откон
16.09.2015. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчылардын кээ бирлери сойкуларга эле окшош, ким акча берсе кете берет. Акча бергенде да кобуроок берсе беркинисин уктатат сразу.
16.09.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар ким озунун угут ишин жургузот да. Ал эмт жогоруда паспорттун копиясын чогултуп жатат деп жатпайбы ансыз шайлоого катышууга мумкун эмес. Ал Сизди туруктуу жашаган жердеги тизмеден чыгаруу учун керек. Кимге добуш беришти озунуз чечесиз да.
16.09.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
. Концертин коруп , айтканын угуп кете бериниз да. Кайсы парияга добуш беришти озунуз чечесиз.
16.09.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен интернеттен кордум, денесин саткан кыздар 1 саатына 500 сом алат экен, сен 5 жылдык омурунду 1000 сомго сатпагын деген. эми кайсыл артист канча алышын билбейм, бирок эл озу таразалап добуш берсе болгону.
16.09.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
емнегедир омар корунбойтта еч бир партияда
17.09.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dasta, ал эми дыйкандарга бекер ырдап калбаса болду.
16.09.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
артистер бооп калатко чиркин
16.09.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гонорар "вах"- дей турган экен. Ырчылардын, журнал гезиттердин б.а айтканда баарынын заманы экен.
17.09.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдай бергиле любой партияга кыскасы силерди наразы кылбай акча толошсо болду
17.09.2015. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Республика Ата Журтка салам анткени Бабанов эркек айткан созуно турат.
19.09.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mercedes202, ))) айттыбы аткарат де
18.09.2015. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба 5жылда бир келчу шансты кетирбегиле ырчылар,бирок ар ким озу билет да кимди шайлашты...
18.09.2015. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
партиялар неге угут иштерине ырчыларды алып келет? эл коп келсин деп, элдер атайын ошол самаган ырчысын келип коруп кетууго келишет, андан да акысыз концерт. Ат салышкан партиялар ырчы-чоорчусу жок чогулуш отуп корсун эч ким келбейт, себеби алардын шайлоо алдындагы зоону омкоруп, тоону томкором деген дежурный создорунун эч кимге кызыгы жок, так что азырынча голливуд жылдыздарыбыздын чардап жургон мезгили
omka100514 түзөттү 2015-09-18 01:36:02
18.09.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МБКС-партиясын шайлайм мен
bek040295 түзөттү 2015-09-18 10:23:34
18.09.2015. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим Кыргыз жаштары ким кандай ырчы жалдабасын оз келечегибизди жаштар озубуз чечели. Кыргызстан биздин келечегибиз.Ойлоно турган учур келди. Чыныгы Эл учун куйгон партияны Гана шайлайлы.
Mir83 түзөттү 2015-09-18 21:09:58
19.09.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр партия келди чогулуш десе эчким барбайт эл тажап калган ырчылар ырдап чоордоп атса унун угуп барасын.партиялардын баягы кыйратма кеби.Буга чейин шайлангандан кийин биринин да кылган эл учун жасаган иши жок .Баары кыйратмалар жайлайбыз дейт шайлангандан кийин митинг кресло талашмай башталат.Андан коро элдин камын коруп азырак эл учун иштесе да ошол мээнет баланат.сдпк да бийлик бар экен жасап койду шайлоо болот деп мындан ары да ушундай болсо жакшы.Баарына ийгилик ырчыларына да ырдатып жаткандарга да
21.09.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tatulinka, жеке билдирүүнү купуя менен!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо