Самара Каримова, ырчы: «АПАМ МЕН ТӨРӨЛГӨНДӨ АТАМДАН АЯБАЙ КОРККОН ЭКЕН»

№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж

Тынымсыз эмгектенип, ийгилик жаратып келе жаткан жаш ырчы Самара дайыма талкуу чордонунда. Бүгүн биз интригадан алыстап, ырчынын жан дүйнөсүнө кирип жагымдуу маек курдук.

«САМАРА ДЕП АТЫМДЫ АТАМ КОЙГОН»
-Атам мугалим, ошондой эле чыгармачылыкка жакын болуп, аккордеондо мыкты ойночу. Коӊшу мамлекеттерге ырдап көп барар эле. Өзбекстандын Самарканд шаарында союз мамлекеттеринен 14 өлкө катышкан жыйын болуп, атам ошол жакка жөнөөрдө апамдын толгоосу башталыптыр. Анан аны төрөт үйүнө таштап, доктурларга «мен келгенде уулдуу болдуӊ деп сүйүнчүлөсөӊөр 1000 сомдон берем» деп кеткен экен. Бирок 6 кыздан кийин 7-си болуп мен төрөлүп жатпаймынбы. Атам кайтып келсе төрөт үйүнүн эшигин эч ким ачпайт имиш. Апамды чакырса ал коркуп, мени кучактап палатанын бурчуна отуруп алыптыр. Анан «кыз болсо деле мейли, эшикти ачкылачы» деп белек-бечкегин, сүйүнчүсүн берген экен. «Самарканддан келгенимде төрөлгөн кыз» деп атымды Самара койгон.

«ИНИМ ТӨРӨЛГӨНДӨ «АВТОРИТЕТИМ» ТҮШҮП КАЛГАН»
-Кичинемде эркек балага окшоп шым кийип, балдар менен футбол ойноп эле жүрчүмүн. Эжелерим «кызга окшошчу!» деп урушуп көйнөк кийгизишсе, өзүмдү ыӊгайсыз сезип кайра эле шым кийип алчумун. Чоӊойгондо гана көйнөк кийип, кебетем кызга окшоп калды. Үйдүн кичүүсү болгондуктан аябай эрке элем, каалаганымды жасачумун. 7 жашка чыкканымда иним Сагынбек төрөлүп, менин «авторитетим» түшүп калды. Инимден ата-энемди кызганып, бешикте уктап жатса көзүмө көрүнгөн нерсени оозуна салып качып кетчүмүн. Ыйласа чымчып, буту-колун кайрып салчумун.

«СТУДЕНТ КЕЗДЕ АШПОЗЧУНУН ЖАРДАМЧЫСЫ БОЛУП ИШТЕГЕМ»
-Кичинекей кезимде үйүбүзгө чыгармачыл инсандар көп келер эле. Атам алар менен таӊ аткыча ырдаса мен да уктабай, кошулуп отура берчүмүн. Бир күнү таӊга маал атамдын аккордеон салган кабына кирип уктап калыптырмын. Эртеӊ менен туруп «кара жөжө каякка кетип калды?» деп аябай издешиптир. Токон аяш атам (ред. Токон Эшпаев) аккордеонду жылдырса артында мен уктап жатыптырмын. Ошондо «бул кызыӊ чыгармачыл адам болот» деп батасын берген экен.
Студент кезде үйдөгүлөрдөн такыр жардам күтчү эмесмин, анткени атамдын дары-дармегине көп акча кетчү. Ошондуктан өзүмдү каржылайм деп кафеде ашпозчунун жардамчысы, официант болуп иштеп жүрдүм. Күнүнө 5 килограмм камыр жайып манты бышырчумун. Тапкан акчамды өзүмдөн арттырып айылга салып турар элем. Азыр ойлосом аябай эмгекчил болгон экенмин.

«БАРЧЫЛЫКТЫ ДА, ЖОКЧУЛУКТУ ДА КӨРГӨН КЫЗМЫН»
-Апам айылыбызда ФАПтын жетекчиси болуп иштеген. Ал кезде телефон жок да, балдарды эмдөө учуру келгенде айылды кыдырып ар бир үйгө кабарлачумун. Бир жолу кышында апам кабар айт деп 10 аялдын тизмесин берди. Чоӊ кара пальтону кийип алып бара жатсам, бир сары ит чуркап келип асылды эле, бетимди жаап бүрүшүп жата калдым. Ырылдап кийимимден тиштеп ары-бери сүйрөдү. Мен ыйлабай жата бердим. Бир убакта ит токтоп калды, башымды көтөрсөм мени карап отурат. Бир сааттай тиктешип отурдук окшойт. Же кетип кала албайм, ордумдан турсам эле кайра сүйрөчүдөй туюлат. Бир маалда кетип калды. Пальтомду жыртып салыптыр.
Союз тарагандан кийин атамдар банктан насыяга акча алып туура эмес иштеткенби, айтор, төлөй албай, малыбызды, болгон мүлкүбүздү сатканбыз. Эсимде, аябай курсагыбыз ачып апам айылдагы ооруп жаткан адамдарды эмдеп, алган акысына бизге нан алып келген. Баарыбыз чогуу отуруп жегенибизди эч унутпайм. Барды да, жокту да көрүп чоӊойгон кызмын десем болот. Ал кыйынчылыктар артта калып бардар жашоодо деле жашагам, атам тойдон келгенде эт, нан, таттууларды алып келчү. Аккордеонун кабынан чыгарганда аны менен кошо акчалар төгүлүп кетер эле.

«АТАМДЫН КОЛУН ЖАНЧЫП САЛЫШКАН»
-Бул тууралуу атам өзү такыр айткан эмес, аны менен чогуу жүргөн Токон Эшпаев, Жолболду Алыбаев, Абдыманап Төрөбеков аяш атамдар айткан бир окуя эсиме түштү. Атам Жалал-Абад шаарында окуган. Ошол кезде Ош, Жалал-Абадда атактуу болуп, аккордеондо ойноо боюнча алдына киши салдырбай жүрчү экен. Ошондо көрө албаган достору кыяк тарта албай калсын деп атама спирт ичимдигин ичирип мас кылып, мейманканадагы бут кийим тазалаган аппаратка манжаларын салып бырчалап эзип салышыптыр. Дарыгерлер «колу иштебейт» дешип, айтор, элдик табыптарга барып жүрүп 3 жыл дегенде колу айыгып кеткен экен. Анан кайра аккордеонун колго алган. Бул окуяны угуп, балким, бут тосуу болбогондо, атам борборго келип республикага белгилүү ырчылардын бири болмок беле деп ойлонуп калам.

"Атамда союз учурунда алган сыйлыктары көп болгону менен, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин 60 жаштан өтүп алды".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(36)
14.09.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Талантына таазим Самара ата энен аябай эле жаш экен мен улгайып калган адамдар болсо керек деп журупмун.
14.09.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Самара атасына, иниси апасына окшош экен.
Бекеринен айтпаса керек, атасына окшош кыздар бактылуу болот деп
14.09.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жасалма,калп суйлогондой сезиле берет негедир
14.09.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
"авторитет" дегени жакты. сонун маек бериптир
14.09.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zara-919 - эскертүү.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
14.09.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Жыргап окуй турган маек болуптур, ийгилик Самара.
14.09.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ ХХХ ХХХ Атын чыкпаса жер орто, мага жакпайт чоооон кишиге тийип алган
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-14 17:12:37
14.09.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_egizder, сын пикирлерди тиешелүү даректерге жөнөтүңүз!
14.09.2015. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Самара жөнүндө быйыл көп эле жолу жаздыңар. "Сармерденди" алпарган эрке бала Талант Карагулов,"Ала Тоо" программасын алпаруучулар жөнүндө жазгылачы
14.09.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
jypar.i,айтпа,кечке жаза беришип окуганда куску келе турган денгээлге жетип калды эле,ушуларга тушунбойм,сагынттырып,куттуруп чыккан жакшы го дейм.
15.09.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, саламатсызбы!
Талант Карагулов тууралуу төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз: http://www.super.kg/article/show/26515
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сунуш, суроо же сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-15 09:53:36
23.09.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal,рахмат, аны окугам, бирок андан бери 1,5 жыл болуптур.
14.09.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Самар жонундо бир нерсе чыкса кызыгып окуйм аябай жагат мага, Апасы да атасы да жашнакай экен ошон учун кызы Самарага да Кудайым ушунчалык сулуулукту берген ага кошуп унду да берген, ырларын жагат Айрыкча Сагынганда атамды дегенин суйуп угум. Уй булолук бакыт каалайм Ата энесине ден соолук жана омур берсин Жараткан!
15.09.2015. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушу кыз деги эле жакпайт мактанып же болбосо актанып эле журот чоон эле кишиге турмушка чыкканы эле бир тайлык ай
15.09.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баягы эле Самара...
15.09.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аябай сыйлайм азамат кызсында ата энен бир туугандарын менен бар болгула)
15.09.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ozu jalwinakai kiz. Birok suylogonu madaniyatsiz eken ..
16.09.2015. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жакпаса корбогуло окубагыла
16.09.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
joker80,+5
16.09.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эн сонун маек болуптур,талантына таазим!
16.09.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
андай экен мындай экен деп сын тагуунун эмне кереги бар??жагабы оку..жакпайбы жон откоруп кой..негизи таланттуу кыз..сулуу да..болгон чындыкты айтып берди просто супер!!
16.09.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким билет озунун ырлары барбы Же бироонун ырларын ырдап журо береби
16.09.2015. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ашыкча эле звезда боло баштады. Аман бол.....Бат жангандар, бат өчөт.
17.09.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе дей албайм.
17.09.2015. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чарчабадынарбы Самарадан...?
18.09.2015. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
albinochka2015, абдан чарчаты ушул самар самара мактанганды токтотподу ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-18 10:33:11
18.09.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aksy.koi-tash - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
18.09.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Угу соонун, бирок адресине жаман создор коп угам
18.09.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага деле жакпайт, адамды тартып турчу бир жылдызы жок!
Откондо куйосу м/н кошулуп Гулнур эжеге кылган мамилесинен кийин огош бетер жек коруп калгам, ал эже кайда бул кайда, ырчыбыздын козун май басып баратат
Эми редакция м.н келишим тузуп улам чыкканына толоп турса гезит бетинен тушпой калат да.
18.09.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул кызды мен 2ырыны эле жактырам озу да сулуу экен бирок эмегедир жакпайт жасалма,жалган кошуп суйлогондой боло берет байкашымча копчулуко жакпайт экен
20.09.2015. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо баягы эле жасалма поп-звезда го
20.09.2015. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Самаранын куноолорун аябай эле котордунор окшойт быйыл кечке ушактай берип,жакпайбы окубагыла да.
20.09.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жиним суйбойт ушуну. жаш эле туруп килейген кишиге тийип. банга кетсем да жазгым келди.
21.09.2015. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы звезда!эми чыгып келе жаткан кыздардан звезда болуш учун дагы огогоооо коп эмгек кылыш керек!!!
22.09.2015. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavanova.sarah, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.3 күн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо