№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
Күркүрөгөн күз келип, той-топурлар башталып, бир жактан үгүт иштери жүрүп өнөр адамдарынын ташы өргө кулап турган учуру. Аны менен кошо айрымдары уулдарын сүннөткө отургузууга да үлгүрүп жатышат. Дегенибиз, 7-сентябрь күнү «Жоролор» тобунун жетекчиси, куудул Жылдызбек Абдраимов уулу Инсанды сүннөткө отургузган. «Жакшылыктын эрте-кечи жок. Сүннөт тойду уулумдун эти айыккандан кийин берүүнү пландап, даярданып жатабыз»,- дейт куудул.
«Окуучу кыз» аттуу ыры менен таанылган ырчы Ирлан Таалайбеков да булардын катарын толуктап, уулун сүннөткө отургузганын кабарлады. Ал эми ырчы Айпери Сыдыкова бир ок менен эки коёнду атып, 5-сентябрь күнү Кара-Көл шаарында туугандарынын башын бириктирип уулуна сүннөт, кызына жентек той берип келди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |