Жумагүл Раимжан кызы, ырчы: «ТОЙДО АКЧА КЫСТАРЫШСА ЫӉГАЙСЫЗ БОЛО БЕРЕМ»

№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж

«Замандаш», «Бир келип кетчи Ош жакка» аттуу ырларды жаӊылап ырдап жүргөн Жумагүл Раимжан кызы кыргыз эстрадасында аздыр-көптүр таанылып, өзүн ырчылык жаатта сынап жүргөн убагы. Өзүн жаӊы отургузулган көчөткө салыштырган ырчы «кыбырап жүрүп кырды ашам» дейт. Анда Жумагүл менен болгон кенен маекке назар салыӊыз.

КААРМАН ЖӨНҮНДӨ

Толук аты-жөнү – Жумагүл Раимжан кызы
Туулган жери – Ош шаары, Жапалак айылы
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 9-август
Кумир туткан ырчысы – Гүлнур Сатылганова
Жигиттердеги баалаган сапаты – Сөзүнө бекем турган, камкор жигиттерди жактырат
Мүнөзүндөгү кемчилиги – Ишенчээк

– Куш келипсиӊ, Жумагүл! Маекке чакырсак, атайын Оштон учуп келдиӊ. Жол алыстыгы чыгармачылыкка тоскоол болбойбу?
– Саламатсыздарбы?! Талант жер ылгабайт экен. Бишкек-Ошко күнүнө учак менен 2-3 жолудан деле барып келсе болот. Мага бул нерсе көнүмүш адат болуп, аэропортто иштегендердин көпчүлүгү мени таанып деле калды окшойт. Бирок борбордо туруп чыгармачылык менен алектенсе жакшы экен. Анткени ыр жаздырып, клип тарттырганга бул жакта шарт көбүрөөк. Азырынча ата-энем менен Ошто турабыз, балким, кийин турмушка чыгып калсам, Бишкекте жашап калаттырмын.
– Аябай жаш көрүнөт экенсиӊ...
–Мени көпчүлүгү 1991-1992-жылкы болсо керек деп ойлошот. Бирок өзүмдүн чыныгы жашымды көбүнө айта бербейм. Ар кандай окуялар болот, жаш жигиттер билбей тийишип алып, анан жашымды айтсам таӊ калышат.
– Үйдөгүлөр турмушка качан чыгасыӊ деп шыбырай элекпи?
«Ырдап жүрө бербей турмушка чык» деп айтып калышат. Бирок үйдөгүлөр менин мүнөзүмдү жакшы билишет. Убактым келип калды, күйөөгө чыгышым керек деген ойлор менен өзүмдү жей бербейм. Күйөөгө чыгамбы, чыкпаймбы, ал менин тандоом да.
– Сендей татынакай кыздын көӊүлүнө төп келген мырза табыла элекпи ошондо?
– Ушул куракка келип жашоодо чыныгы сүйүүмдү таба элекмин. Мүнөзүм да оор, оӊой менен адам жактырбайм.
– Демек, учурда жүрөгүӊ бош?
– Так айта албайм. Жашоомдогу мырза тууралуу айтканга убакыт келе элек деп ойлойм. Кичинемде эӊ акыркы болуп мен күйөөгө чыгам, ага чейин окуйм, ырдайм, иштейм дечүмүн. Баары ошондой болду. Турмуштан жаӊылбай, адашпай түз жолду тандагым келет. Ошон үчүн азыр тандоо учурундамын.
– Чыгармачылыкка кантип келип калдыӊ эле?
– Музыкага болгон сүйүүм секелек кезден башталган. 5 жашымдан баштап ырдайм, мектепте кароо-сынактарга катышып көптөгөн диплом, медалдарды алдым. 10-класста окуп жүргөндө ошол кездеги «Кыз-Бурак» тобунун ырчысы Гүлнара Калдарова менен телефон аркылуу байланышып турчубуз.
Бир күнү кастингге чакырып калды. Ошто ар бир кыз «Кыз-Бурак» тобунун ырчысы болууну кыялданчу, мен да ошолордун катарында элем. Гүлнара эже мени кастингде ырдатып көрүп, «Кыз-Бурак-2» деп аталган даярдоо тобуна алышкан. Мени менен чогуу Мирана Мамытова, Айпери Сыдыковалар бар болчу. Ал топтун негизги курамында ырдабасам да, Гүлшайыр эженин тарбиясын алып, чыгармачылыкта тажрыйба топтодум. Окуума, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 2-3 жыл жүрүп Гүлшайыр эжеден уруксат алып топтон кеткенмин. Чыгармачылык менен алектенип жүргөнүмө быйыл 5 жыл болду. Ал ортодо ырдабай өзүмдү башка тармакта да сынап көрөйүн деп Коргоо министрлигинин аскер кызматында иштедим. Бирок бир жолу сахнага чыккандан кийин аны таштай албайт экенсиӊ.
– Көп ырчылардын көлөкөсүндө калып калам деп чочулабайсыӊбы?
– Башынан эле дүӊгүрөп чыгууну каалаган эмесмин. «Өтө кызыл бат оӊот» деген кеп бар. Андан көрө кыбырап иштей берсем, бүгүн болбосо эртеӊ эмгегим бааланат деп ойлойм. Башка ырчылардан өзгөчөлөнүш үчүн рок ырдап, чачымды кызылга боёп эксперимент кылууга даяр эмесмин. Табияттан берилген талант, өӊ-келбет менен эле жүрөм.
– Шоу чөйрөдө ырчылардын арасында чыныгы ысымын өзгөртүп, псевдоним менен чыккандар бар. Сен ысымыӊды өзгөртүүнү ойлогон жок белеӊ?
– Ырчылыкты жаӊы баштаганда менин атым эски деп жаман көрчүмүн. Өзүм жума күнү төрөлгөндүктөн ата-энем ыйык күндө төрөлдү деп Жумагүл коюшуптур. Апам «элге жылкы союп берип атымды өзгөртөм десеӊ да, Жумагүл бойдон каласыӊ» деп тамашалайт.
– Ырдап тапкан каражатыӊ өзүӊө жетеби?
– Демөөрчүлөрүм башында ата-энем, бир туугандарым болчу. Азыр ырчылыктан тапкан акчам өзүм каалаган клипти тартууга жетет. Эл көзүнө көрүнүп калгандан кийин көмөктөшөм, демөөрчү болом дегендер табылат экен. Андай мырзаларга сылык гана «кереги жок, өзүмдүкү жетет» деп коём. Жардам бергиси келген адам айттырбай эле кылат.
– Өзүӊдүн үй-бүлөӊ тууралуу айта кетсеӊ?
– Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, мен үчүнчүсүмүн. Бир туугандарымдын баары үйлөнүп, турмушка чыгышты. Атам он жыл мурун каза болуп калган, ал эми апам учурда неберелерин багып үйдө. Үйдөгүлөр ырдаганымды колдошот. Өзүм музыкалык мектепти бүткөм, андан кийин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктагам. Чыгармачылыкта мен багындырчу ийгиликтер алдыда деп ойлойм.
– Тойлордогу ставкаӊ кандай, жаӊы чыгып келе жаткан ырчы экенсиӊ деп төмөн баалашпайбы?
– Ставка дегенде өзүмдүн деӊгээлиме жараша эле бааны айтам. Той ээлери шартын түшүндүрүп, суранып калышса, айткан баасында эле ырдай берем. Бирок мага тойдо акча кыстаргандары жакпайт, ыӊгайсыз боло берем.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!

«Сахналаштарым, мен сыйлаган эжекелерим».

«Ата-энем менен. Кичинемде атам мени ар кайсы сынактарга алып барчу».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Ачык кийинүү менин табитиме туура келбейт" дейт Жумагүл Раимжан кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(53)
Медиа-портал
13.09.2015. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ozyncho ele chon apadai kop syiloit eken kalp ele kozyn syzo karap achyp jumup ele kyinala beret eken. Je emne syrdonyp jatkanyby ?
SUPER.KG видео
13.09.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соннун ырчы азаматсыз ,туулган айылыныз жонундо да ырларды чыгарын Жапалак орке айлы жонундо
SUPER.KG видео
13.09.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким ар нерсе айтаберет поез журо берет туз жолунуздан тайбан Аллах колдосун ырларын уксанар керемет
SUPER.KG видео
14.09.2015. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
unu voopshe jok go. sarmerdende osh jergesinin atynan chykkan kyzdardyn ХХХ gana cgygargan, bir kelip ketchi osh jaka dep muzykaga tusho albai, unu jetpei, ushundai soonun yrdy buzup koigon. andan koro yrdabai ele koiso bolmok.
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-14 10:01:03
SUPER.KG видео
14.09.2015. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tabitine achyk kiiimder jakpasa, bul kiiip turgan kiiimin jakshy eken, myndai jenderi da uzuun, jabyk degendei
14.09.2015. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы, маек болуптур. Туура, Кыбыраган кыр ашат. Ырларыныз мага да жагат. Ийгилик сизге!
14.09.2015. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кийиминен башкасы баардыгы жакты.
Медиа-портал
14.09.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyma9183, aidai88, g.jumabekova, сын пикирлер тиешелүү даректерге жөнөтүлүшү керек! Эскертүү!
14.09.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындан артык кандай жабык кийиниш керек эми хиджап эле кийип албаса
14.09.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Juma kunu toroluptur demek )))tamawa bul kizdi makiyaji jok korup alip esim oop kalgam. .... ertereek turmuwka chuuu kerek.. a to bet one biriw tywup ketiptir....
15.09.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pakiistanka,мен тааныбай койдум повседневный макияж менен. куйоом айтса кантип эле ал эмес деп коем. боенгон жарашат экен просто.
14.09.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Она пела на свадьбе брата,я даже не знала что она звезда.
14.09.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага ырдаганы аябай жагат да.уну сонун.
15.09.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчылардын копчулугу коп бойонуп алышат,Жумагул озундун сулуулугун имиджн бар кызсынго аз бойонсон жарашат ,мен сени суйом
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-15 09:40:57
SUPER.KG видео
15.09.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уну жакшы экен.келбети да сулуу.бирок оюн кыска,жеткиликтуу бере албайт экен.айланчыктап эле...жаны автор кызга да ийгилик!
SUPER.KG видео
15.09.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үнү абдан жагат
15.09.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Отурган кыз орун табат орун тапсада зорун табат демекчи,эч ойлонбон бактылуунунда бактылуусу болосуз иншаллах!
15.09.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштон чыккан Жумагул айымга ийгиликтерди каалайбыз, кандай гана сын пикир болбосун бул анын мындан ары осуусуно оболго тузот деп ойлойм,камментатролор силер да бар болгула!!!
15.09.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сармерденде,бир келип кетчи Ош жака деген ырды ырдап башты ооруткан.башка ырлары жагат.
15.09.2015. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо сармарденде ырдаганын угуп ушудан коро ьашка иш тапса болмокидеп ойлогом мен.да.же уну жетсечи кургур
SUPER.KG видео
16.09.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy yrdait azamat! baktynyzdy taap baktyluu bolunuz,dagyn koop jakshy yrlardy jaratyp yrdai berin
16.09.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кыздын уну жакшы, жеткире ырдайт. Бирок ар кимдин эле ырларын ырдап журот, озу да аракет кылып ыр жаратса жакшы болмок, дайар ырларды эле аранжировка кылып ырдап албай.
SUPER.KG видео
16.09.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну аябай жагат да,"бир келип кетчи Ош жака"деген ырды аябай жакшы ырдайт,бактылуу бол!
16.09.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ысыгым да жок, суугум да жок деп эле )))))
17.09.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жеткире ырдай албайт мындай ырчылар бизде азыр аябай коп тилекке каршы, аракет кылып журушот, эн негизгиси адал эмгектери менен нан таап журушот да
17.09.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушу жаш корунобу?.. озунун жаш курагына эле жараша корунот. 91-92-жылкылар мындай эмес. карып калганын корунуп турат го.
SUPER.KG видео
17.09.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну сонун да ушул кыздын,тугойумо деген ыры аябай жагат
17.09.2015. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жагат Жумагул, жакшы ырдайт.
18.09.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соткамдын фону болуп кулуп турчу
гудоогумдун ордуна сен деп ырдап турчу,
Жумагул журогуно маяк берсем,занитьдебей сен да жооп кылып турчу.Сенин фанатынмын.
Таланттуу,сулуу кызсын,сени кызганамгоо

Медиа-портал
18.09.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lady.girl7997, талкуудан алыстабаңыз!
Медиа-портал
18.09.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантыныз осо берсин ийгилик,андай мындай деп жеке адам катары сындай албайм,бирок жеке ырчы катары унун баалайым.
21.09.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аявай жаттап алгандай маек бериптир. Натуралык, ээн эркин эч нерсе жок. Ото майда соз экен, зеригичуу. Опыт топтошунуз к.к экен эжеке.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо