Расул Мырзатегин, ди-джей: «ЖУБАЙЫМ МЕНИ МҮНӨЗҮ МЕНЕН АРБАГАН»

№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж

«Миӊ кыял FM» радиосунун ди-джейи Расул Мырзатегин көп жылдан бери аталган радиодо эмгектенип келет. Анын социалдык түйүндөгү сүйүү тууралуу постторун окуп, илген сүрөттөрүн көрүп, «эх, мен да ушундай адамдын жубайы болсом» деп кыялданып каларыӊыз турган кеп. Ди-джей жигит жашоодо да ушундай романтикпи, аны жубайы Махабат экөөнүн бизге берген маегинен байкап көрөлү.

– Махабат, Расул социалдык түйүндөгү баракчаларына сени кандай сүйөрү тууралуу көп жазат. Ал чынында эле романтикпи?
Махабат:
– Ооба, Расул аябай романтик. Кыз-жигит болуп жүргөндө сюрприздерди көп жасачу. Үйлөнгөндөн кийин бала, тиричилик менен алек болуп бир аз азайып калды. Кечинде жумуштан келип, «жүрү, сейил бакка, киного барабыз» дей берет. Мен эртеден кечке бала карап чарчайм да, «жок башка күнү баралычы» десем, «анда мен башка бирөө менен бара берейинчи» деп жиниме тийип калат (күлүп).
Расул: – Өзүм деле жумуштан чарчап келем, бирок үйгө келгенде сүйүүм ойгонуп келинчегимдин көӊүлүн алгым келе берет. «Чарчадым» десе, «жумуштан келип мына мен чарчасам болот, сен кантип чарчайсыӊ?» деп таарынчумун. Өзүм жалгыз 1 күн бала карадым, көрсө, аябай кыйын турбайбы.
– Махабат, Расул жасаган сюрприздердин өзгөчөсүн эстеп өтсөӊ.
М.:
– Быйылкы туулган күнүм өзгөчө болду. Үйдө отурсам Расул чалып, «даярдан, сейил бакка барабыз» деди. «Сейил баккабы?» деп капа болуп алгам. Сейил бакка жеткенде токтобой эле өтүп баратабыз. «Кайда?» десем, «тиги жерде жумуштарым бар эле» деп башка жакка эле айдап кетти. Анан борбор калаабыздагы көп кабаттуу мейманкананын чатырына алып чыкты, ал жерде дасторкон жайылуу экен. Ошол жерден шамдардын жарыгында экөөбүз тамактанганбыз. Мен үчүн абдан жагымдуу белек болгон.
Р.: – Жолдо машинамдын багажына жер-жемиштен десерт жасатып, роза гүлдөрүн коюп койгом. Анан радиодо түз эфирди алып барып жаткан кесиптешиме чалып, «мага саат мынчада «С днём рождения, ангел» деген ырды коюп берчи» дедим. Ошол ыр башталганда Махабатты «бар, сумкаӊды багажга салып келчи» деп жибергем, барып музыканын коштоосунда багажда катылган сюрприздериме күбө болгон.
– Мамиле куруп баштагандан бери бири-бириӊердин жаӊы кыял-жоругуӊарды ача алдыӊарбы?
Р.:
– Махабат экөөбүз чогуу иштеп жүргөндө таанышып, анан үйлөндүк. Мурун кыздардын сырткы сулуулугуна көбүрөөк карачумун, бирок үйлөнөргө жакын оюм такыр башка нукка өзгөрдү. Жубайымдын мүнөзүн сүйдүм десем болот. Ата-энем да «келинибиздин мүнөзү жакшы» деп көп айтышат. Үйлөнгөндөн кийин акчаны үнөмдүү пайдаланганды, туура сарптаганды үйрөндүм. Бойдок кезде оӊго-солго чача берчүмүн. Анан Махабат кылган ишинин отчётун дайыма берип турат. Мен өзүм «акчаны каякка иштеттиӊ, эмне алдыӊ?» деп сурабайм, өзү эле айтып кирет.
М.: – Расулдун мүнөзү чарт-чурт, бир нерсени аягына чейин укпай эле «эмнеге андай?» деп уруша берет. Шашма, чыдамы жок. Үйлөнгөндөн кийин камкор экенин билдим. Абдан баласаак, балабыз Нурданды 1 айлык кезинде өзү кийинтип, өзү массажга алып барчу. Колу да балага эптүү, памперсин алмаштырат, кийинтип баланы көтөрүп алып көпкө жоголуп кеткен учурлары болот. Бир жолу жалаяк жууп жатса менин бир тууган иним «апей, сиз жалаяк жууп жатасызбы?» деп намысына тийиптир.
Р.: – Чынын айтсам, мен мурун саркеч кийингенди жакшы көрчүмүн. Акча алсам эле дүкөндөрдү кыдырып кетер элем. Ошондо Махабат «сен кийин үй-бүлөӊдү бакпай эле, кайсы дүкөндө арзандатуу болуп жатат деп жүрсөӊ керек» деп калчу. Азыр кайдан, тойдон кичине устукан алсаӊ да үйгө ташып калат экенсиӊ. Кээде «мен ушундай Расул болуп өзгөрдүмбү?» деп ишенбей кетем. Кийим алсам жубайыма кошо кийим издейм, анткени той-топурга барганда анын татынакай, сулуу болуп жүрүшүн каалайм. Махабатка жаӊы үйлөнгөндө текшерип көрүү максатында түнкү саат 2-3тө ойгонуп, «чай ичем, тамак ичем» деп эркелей берчүмүн, эринбей туруп даярдачу. Айтор, «бул менин милдетим» дебей чын көӊүлү менен жасаганын баалайм.
– Махабат, үйдө келишпестиктер болгондо ким биринчи компромисске барат?
М.:
– Таарынышып кете турган олуттуу деле маселе болгон эмес. Кайната-кайненем баары мен тарапта. Урушуп калсак экөөбүз теӊ эле компромисске барабыз. Кандай маселе болбосун акыркы чечимди жолдошум кабыл алат.
– Расул алгачкы жолу балалуу болгондо көзүмө жаш алдым дедиӊ эле...
Р.:
– Ооба, ал күн такыр эсимден кетпейт. 2013-жылдын 7-сентябрь күнү таӊкы 4тө жубайымдын толгоосу башталды. Саат 9-10го чейин күтүп отуруп, зарыл жумушум чыгып калып кетип калгам. 12де келсем дагы эле төрөй элек экен. 3 саат төрөткананы айланып басып жүрдүм. Бир убакта жубайым жаткан палатанын терезесинен ыӊаалаган баланын үнү угулду, кантип 2-кабатка жеткенимди билбейм. Медайымдарга жалдырап жатып кирсем, балам Махабаттын көкүрөгүндө жатыптыр, көзүн ачып мени карап коёт. Ошондо көзүмө жаш алгам.
– Маегиӊерге рахмат, бактылуу болгула!

"Уулубуз Нурдан 2 жашта, учурда чоӊ ата,чоӊ энесинин колунда айылда жүрөт".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Ди-джей Расул Мырзатегин менен жубайы Махабаттын сүйүү баяны

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(49)
SUPER.KG видео
19.09.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун тугойлор экен.
Медиа-портал
19.09.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлогону озунчо эле ХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-21 18:25:12
Медиа-портал
21.09.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bulbulboy, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
SUPER.KG видео
19.09.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Махабат абдан бактылуу айым экен. Азаматсын Расул.
Медиа-портал
19.09.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodci, ar dayim baktiluu bolgula .En negizgisi tushunuu biri birin .
Медиа-портал
19.09.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
19.09.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
Медиа-портал
19.09.2015. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошун ушундай рамантик болсо
SUPER.KG видео
20.09.2015. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык суктандым,бактынарга коз тийбесин омур бою бирге болгула.
Медиа-портал
20.09.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектин баары Расулдай болсо, анда кыздар бактылуу болбойт беле...
Коз тийбесин, бактылуу жубайлардан болгула
SUPER.KG видео
20.09.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерди коруп озумчо эле бул жакта мен бактылуу ))) маегинерди тажабай кайра-кайра коруп жатам,создорунорду жаттап да каллдым))). Урматту супер инфо бул жолку иньтервиюнар аябай жакта ар дайым эле ырчыларды маегин коруп кичине тажагандай болдук эле,алып барручуларды да эске алып аябай жакшы кылыпсынарр.Мен коптон бери чет жерде болуп радиону укпай калганмын,Акылбек Женишбек уулунан,Мыке,Тыкеденда кабар алып койгулачы сураныч
SUPER.KG видео
20.09.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун пара экен. Бактылуу болушсун
Медиа-портал
20.09.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий тим эле бактылуу экен,ушул бактуулугунар эч качан очпосун,чындыгында мындай романтик мырзалар аз болсо керек.Маегин угуп олтуруп чындыгында козумо жаш айланды,чыныгы мырза экен келбетине, созуно мунозу дал келген.Уй булонордогу махабатынар эч качан очпой бактылуу болгула.
SUPER.KG видео
20.09.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармашкан колунуздар эч узулбосун!
Медиа-портал
21.09.2015. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Расул братандын эфир алып барганы жагат. Соз байлыгы кенен , импровизатор, угарман байланышка чыкканда оюндагыны тушунуп озунун ишин так, жакшы аткарат.Суйлогондорунон грамотный бала экени даана билинет. Уй було жаатына келсек туболук бакыт каалайм.Сонун маек болуптур.
Медиа-портал
23.09.2015. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka95,мага да үнүнүн тембри, алып баруучулук таланты жагат. Бирок бул жигит иштеген радиодо интеллектуалдуу оюндар ойнотулганда, кээ бир алып баруучулардын ХХХ ХХХ байкалып калат.Бул радионун жетекчилери мындай нерсени оңдоп, алып баруучулардын билимин текшериши керек деп ойлойм. Көп эле жолу берген суроосун интернеттен алышып, бирок өзүлөрү эмне жөнүндө сөз болуп жатканын бибегендей сезилет. Ошон үчүн, ушундай таланттуу жигиттин башка радиодо иштешин,ишине ийгилик,бакыт каалайм.
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-25 11:45:40
Медиа-портал
25.09.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
Медиа-портал
21.09.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жигит азамат жигит экен ай. Жакшы кыз созсуз турдо жакшы куйоого кезигет деген ушул да.
21.09.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суктанаарлык уй.булоо экен.Окуп алып озучо эле мен да бактылуу болуп алдым гоо
21.09.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялын ушундай сыйлаган эркектерге Аллаа раазы болсун. Бактылуулугунарга коз тийбесин
21.09.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чексиз бактылуулугу көздөрүнөн эле билинип, бири-бирин толуктап турушат экен. Тоодой болгон бактыныздарга көз тийбей, бактылуу үй-бүлөлөрдөн болуңуздар!

SUPER.KG видео
22.09.2015. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула чыныгы эркек деп ушуну айт
22.09.2015. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири бирин суйгон эле эмес урматтаган да жубацлар экен.
22.09.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
башында кайсыл музыка колдонулду, айтып койсонор жакшы болмок алдын ала рахмат
Медиа-портал
22.09.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! Бирок,экоо тен муга,бул деп коп суйлошот экен.
23.09.2015. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай сонун тугойлор... Суйуунор очпой, туболук болсун!
24.09.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Түшүнүктү, жакшынакай эле келин экен. Биз бары бир кыргызбыз да. Жолдошунун жалаяк жууганын айтпай эле койсо болмок.Мактай турган башка сапаттары деле толтура тура.
24.09.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chtc, Айтпаса деле болмок чын эле, бирок, журналисттер айтпачу нерсени да тигиндейинен мындайынан сурап атып айттырып алышат.Балким ошондой суроо беришкен чыгар, жуушуп жардам берчу беле деген... деееееп ойлоп койдум да озумчооо
Maxima түзөттү 2015-09-24 21:17:29
24.09.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Махабат Жумабек кызынын чыныгы фанаткасымын ал кайрадан радиого кайтып келгенде абдан жакшы болмок. Анын уну абдан сонун да чиркин... Бактылуу болунуздар!
Медиа-портал
25.09.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chin ele oshol radiodo ХХХ ХХХ programmalarin oiyndarin uksan meen es albai ele kaira jinin kelet?ozdoru emneni suilogondorun bilbeit
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-25 11:47:16
Медиа-портал
25.09.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баласынын жалаяктарын жубушса эмне болуптур. Тескерисинче, молодец экен. Куйоо десе эле, акча тапкан немени элестетпей, келинчегине жардам бергени соонун гоо.
Медиа-портал
25.09.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Расулдун суйлогон создоруно, акылдуулугуна баа бердим.Азамат экен,бактылуу болгула. Радиодо суйлогону абдан жагат, бирок чоон киши болуш керек деп ойлочумун.Менин кыялымдагы жигит экен...
Медиа-портал
28.09.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ башындагы музыканы айтып коесузбу рахмат
Медиа-портал
28.09.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiposha, ушул го дейм, сиз учун жуктодум http://www.super.kg/media/useraudio/150577/
Медиа-портал
30.09.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daiza,чоон рахмааат
Медиа-портал
12.10.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул кыргыздын чыныгы мырзасы экен. Мырзалардын баары ушундай болсо, жашоо башкача болбойт беле! Коз тийбесин! Расул,Махабат бактылуу болгула!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо