№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
Үйдөгү казан-аяктын кагылышы, таарынып, кайра табышуу жаш түгөйлөрдүн өмүр жолунда көп эле кездешет. Белгилүү ырчы Ильяз Абдыразаков менен жубайы Медина тууралуу «Алардын ортосун кара мышык аралап, ырчы жигиттин жубайы көптөн бери өз ата-энесинин үйүндө жашап жатат» деген кептер шоу чөйрөсүндө байма-бай айтылып жаткан. Таарынычтары жазылганбы, айтор, экөө чогуу түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга иле баштагандан кийин келишип алышыптыр деген жыйынтыкка келдик. Ал эми Ильяз: «Медина экөөбүз таарынышкан деле эмеспиз, мен келишим түзүп Казакстанга кетип калгам. Ошол учурда Медина ата-энесиникинде жашап калды. Ошондон улам ажырашты деп ойлошсо керек»,- дейт.
жазганбыз. Кыз-жигит болуп жүргөндө казан-аяк болбосо да, кашык-вилкалар деле кагышып кетет эмеспи. Айтор, таарынычтын эпкинине бул түгөйлөр да кабылып, араздашып жүргөнүн байкагандар көп эле болгон. Эрнестке байланышканыбызда, «биз он жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз, кээде таарынычыбыз бир жылга чейин созулат» деди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 | 2 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |