Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НАК ШИРЕ ЖАСАП, КЫШТЫН КАМЫН КӨРҮҢҮЗ!

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

Бөбөктөр «суусадым» дешкенде дүкөнгө эмес, жер төлөгө чуркап өз колуӊуз менен жасаган нак ширени алып чыгып куюп берсеӊиз кандай ырахат. Андыктан ак төөнүн карды жарылган мезгилде түрдүү жашылча-жемиштен нак шире жасап алалы.

ЖҮЗҮМ ШИРЕСИ
2 килограмм жүзүмдөн 1 литр шире чыгат.
Жүзүмдү таза жууп, шире чыгаруучу аппаратка салсаӊыз, бир заматта ширесин өзүнчө, данегин өзүнчө кылып бөлүп берет. Чыккан ширени сыр идишке куюп, 5 мүнөт кайнатып алып, бууланган банкаларга куя бериӊиз. 1 литрге жетпеген ширенин үстүнө 1 стакан кайнатылган суу кошуп толтуруӊуз, болбосо өтө таттуу болуп калат.
Эгер шире чыгаруучу аппаратыӊыз жок болсо, дакини 3-4 каттап, ага жүзүмдөн аздан салып колуӊуз менен мыжыгып, ширесин сыгып алыӊыз. Анан жогорудагыдай эле банкаларга куюп жаба бериӊиз.


ПОМИДОР ШИРЕСИ
10 килограмм помидордон 5 литр шире чыгат.
Помидорду таза жууп алабыз да, ортосунан теӊ экиге бөлүп кесебиз. Иштегиӊиз келбей турса, шире чыгаруучу аппараттан өткөрүп алыӊыз. Болбосо эт туурагычтан, андан соӊ электен же 3-4 катталган дакиден өткөрүӊүз. Анан сыр мискейге куюп, жай отто 20 мүнөт кайнатасыз. Татымына жараша туз, кумшекер кошуп жакшылап аралаштырып, таза жуулуп, бууланган банкага куюп беките бересиз.

АЛМА ШИРЕСИ
8 килограмм алмадан 4 литр шире чыгат.
Алманы жылуу сууга таза жууп, майда кесимдерге бөлүп алыӊыз. Эгер шире чыгаруучу аппаратыӊыз болсо, андан өткөрүп жибериӊиз. Болбосо алгач эт туурагычтан, андан кийин дакиден өткөрүп аласыз. Чыккан ширени сыр мискейге куюп, жай отко коюӊуз. Канча литр болсо, ошончо аш кашык кумшекер кошуӊуз. 5-10 мүнөт кайнатып, көбүктөрүн алып, бууланган банкага куюп оозун бекитип, одеяло менен жаап коёсуз.

АПЕЛЬСИН ШИРЕСИ
4 даана апельсинден 6 литр даярдоого болот.
Апельсиндерди кайнак суу менен жууп кургатып, муздаткычтын тоӊдурмасына 7-8 саатка салып коюӊуз. Муздаткычтан алгандан кийин сырты менен майдалап кесип, эт туурагычтан өткөрөсүз. Чыккан массага кайнатылган 1 литр сууну куюп, 10 мүнөт коюп коюӊуз. Анан 3-4 катталган дакиге салып мыжыгып ширесин сыгасыз. Чыккан ширеге дагы кайнатылган 4 литр суу куюӊуз. Ага 0,5 килограмм кумшекер, 30 грамм лимон кислотасын кошуп аралаштырасыз. Анан бууланган банкаларга куюп салкын жерге коюӊуз. Эгер суусап баратсаӊыз бир саат чыдаӊыз, бир сааттан кийин даамына келет.

Бүгүнкү каарманыбыз Айнура Касымова 5 жылдан бери өз колу менен шире жасап келет.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(10)
28.09.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Айнура! Мынданда даамду ширелерди кайнатып, элге тажрыйбаларындан болушуп турунуз.
28.09.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту супер инфо жамааты "кабачки"ден да варенье жасалат деп угуп журом. Ушудан варенье кантип жасалары жонундо да жазып койсонуздар жакшы болот эле. Алдын ала ырахмат.
28.09.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу кенештерге рахмат.
28.09.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да 2 жылдан бери сок кайнатам,бирок алманын согун бир эле былк деп кайнаганда оттон алып коюш керек,антбесе витаминдери калбай калат кайната берсе.
29.09.2015. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен чон рахмат!
30.09.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамтсын рахматтт
02.10.2015. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер.кж. рахмат сиздерге ушундай пайдалуу кенештеринерден коп коп чыгарып турсанар
03.10.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун!
25.12.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мага жакты.
19.02.2016. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеңешиңизге рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо