КЫРГЫЗСТАНДА КЫМБАТ СААТТАРДЫ КИМДЕР ТАГЫНАТ?

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

Кол сааттар кээ бирине жөн гана аксессуар. Кай бири үчүн адамдын кадыр-баркын, беделин белгилеп турган өзүнчө көрсөткүч. Биздин төбөсү көрүнгөн мырзалар кандай саат тагынышат? Айрымдарына собол узаттык.

КОЛ СААТТАР ТУУРАЛУУ...

  • Дүйнөдөгү эӊ кымбат кол саат «201-Сarat Chopard» деп аталат. Анын баасы 25 миллион АКШ долларын чапчыйт. Сааттын циферблатынан мурун анын айланасындагы бриллианттар башты адаштырат. Баалуу таштар жалпысынан 200 каратка жетет.
  • Эӊ биринчи колго тагылуучу сааттар 19-кылымдын башында жасалгандыгы айтылып жүрөт. Ал саат Наполеон Бонапарттын туугандарынын бирине арналган дешет.
  • Швейцария сааттардын мекени аталганы менен, Япония дүйнөдөгү сааттардын 60 пайызын жасап чыгарат.
  • Сааттардын жарнамалык сүрөттөрүнүн дээрлик бардыгында убакыт 10:10 же 8:20ны көрсөтүп турат. Муну мистика деп айткандар да бар. Бирок андай эмес, бул тек гана сааттын атын жебелер жаап калбашы үчүн колдонулат.

БИЛЛ ГЕЙТС МЕНЕН АСКАР САЛЫМБЕКОВ БИР МАРКАДАГЫ СААТ ТАГЫНЫШАТ
Маӊдай тери, ак мээнети менен байлыкка жете алган адамдын кол сааты кандай болду экен деп Кыргызстандын №1-ишкери Аскар Салымбековго да кайрылып көрдүк. Ал: «Бир нече саатым бар. Кай бирин белекке беришсе, кай бирин өзүм сатып алгам. «Ulysse Nardin», «Patek Philippе» саат маркаларынын моделдерин тагынып калам. Канча сумма коротуп алганым сыр болсун»,- деп жооп берди.
«Patek Philippе» сааты тууралуу маалыматтарды карасак, бул сааттар Швейцарияга эмигрант болуп барган поляк улутундагы Антоний Патек жана таланттуу саат устасы Адриан Филипп тарабынан 1851-жылдан тарта чыгарыла баштаган. Жалпысынан алганда, бул марканын алдында ушул күнгө чейин 600 миӊ даана саат чыгыптыр.
Атактуу адамдардын арасында Альберт Эйнштейн, Пётр Чайковский, Лев Толстой, Пабло Пикассо, Билл Гейтс жана биздин Аскар Салымбеков сындуулар «Patek Philippе» сааттарынын сүйүүчүлөрү. Кошумчалай кетчү жагдай, бул сааттардын эӊ арзан делгендери 10-12 миӊ доллар турат.

ПУТИН, СЕЛИМ III, НАПОЛЕОН ТАГЫНГАН ҮЛГҮДӨГҮ СААТ СУЛАЙМАНОВДУН КОЛУНДА
Кыйын чыкма мырзаларыбыздын бири Алтынбек Сулаймановдун социалдык тармактарындагы өздүк баракчаларына илген сүрөттөрүндө көрктүү сааттарды тагынып түшкөнүн көрөсүз. Телефон аркылуу байланышканыбызда: «Мен «Hublot,» «Breguet», «Patek Philippе» деген фирмалардын кол сааттарын тагынып жүрөм. Баалары сыр бойдон эле калсын»,- деп жооп берди.
«Breguet» кол сааттары туурасында сөз кылсак, алар мыкты сапаттагы сааттардын мекени болгон Швейцариядан чыгат. Эӊ эле арзан дегендери 10 миӊ доллардан башталып, бир нече миллионду чапчыйт.
1775-жылы франциялык Абрахам-Луи Бреге аттуу уста Парижде саат дүкөнүн ачып, анын колунан чыккан кереметтер француз элитасынын арасында абдан популярдуу болуп кеткен. Кийин Бреге мырза Швейцарияга көчүп кетип, ал жактан да өз ишин уланткан. Бирок акыр аягында мекенине кайтып, өз сааттарын дүйнөнүн булуӊ-бурчуна сата баштаган. Бул сааттарды Франциянын императору Наполеон Бонапарт, Осмон империясынын султаны Селим III,
Британиянын айтылуу өкмөт башчысы Уинстон Черчилль, Орусия президенти Владимир Путин өӊдүү аттуу-баштуулар тагынышкан.

МАМАТКУЛОВДУН СААТЫНЫН БААСЫ 10 000 ДОЛЛАР
Эстрада жылдыздарынын арасында көзгө дароо урунган сааттарды тагынып жүргөндөр саналуу эле. Алардын бири Расул Маматкулов. Колундагы сааты тууралуу: «Бул саатты өзүм сатып алгам. Баасы тууралуу айтсам мактангандай болуп калам го. Жакшы эле баага алгам. «Ulysse Nardin» швейцариялык саат маркасынын алдында чыккан»,- деп билдирди. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ырчы мырза бул саатын 10 миӊ долларга алган.
1846-жылы пайда болгон «Ulysse Nardin» саат ишканасы Улисс Нардин аттуу адам тарабынан түптөлгөн. Саат жасоо өнөрүн ал өз атасынан жана эӊ мыкты саат усталарынан үйрөнгөн. 1983-жылы ал ишкананы Рольф Шнайдер деген ишкер сатып алып, компанияны мурункудан да күчтөндүргөн. Учурда «Ulysse Nardin» компаниясынын Швейцарияда жана Гонконгдо филиалдары бар. Аталган компаниянын эӊ популярдуу сааттарынын катарын «Трилогия» деп аталган саат коллекциясы толуктап турат. Коллекциянын биринчи модели «Astrolabium Galileo Galilei» деген ат менен чыгып, бул саат жергиликтүү убакытты, ай менен күндүн тутулуу мезгилдерин жана асмандагы негизги жылдыздардын жайгашышын көрсөтө алган. 1989-жылы бул сааттар Гиннестин рекорддор китебине эӊ татаал механикалык саат деп кирген.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(61)
29.09.2015. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен 8000мин сомго атама белеке саат бердим..озумо дагы алышым керек эле...
29.09.2015. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин саатым KMS жана QUARTZ кобунчо Quartz тагынам
29.09.2015. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Saattyn dokumenti jok, kassovyi chegi jok original ekenine ishenik jok.Poddelkalardy tagynyp alyp ele maktana berishet da.
29.09.2015. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен деле жаза кетейин ай. Менин саатым "Michael Kors" календары менен. 1500сомго алгам ары карап ыйлап бери карап кулуп дегендей))
29.09.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен такыр эле саат тагына албайм. Белекке берген саттарды тагынып бир айга жетпей бузуп алам. Мага саат тагынган болбойт окшойт.
29.09.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оригинал саат менен подделканы кантип айырмаласа болот?
29.09.2015. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
only_progress,Оригинал сааттар алтын,кумуштон жасалып баалуу таштар менен кооздолот жана жонокой темирден жасалат алар рядированный болуп таштары баалуу болот кымбат нерсени кармаганда эле сезилет,анан жонокой бащардан эмес атайын оздорунун бутиктеринен,сайттарынан сатып алса болот,эч нерсенин оргиналы базарда сатылбайт.Олду дегенде баасы 100 000 руб тегерегин чапчыйт.Поделка жонокой эле базарларда арзыбаган акчадан 40-50 000 руб.чейин тапса болот,кээ бир поделкаларды оригиналынан айырмасы жок
29.09.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
500 сомдук саат да, 500 000 сомдук саат да бир эле убакытты корсотот.
29.09.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Не кереги бар?! Ошончо акчага саат алганча жардамга муктаж адамдарга берип койсо жакшы го.
29.09.2015. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин саатым 25000рубльдук санкт петербург алтын сааты.бир айлыгыма козумду жумуп балам уйлонсо келиниме берем деп жакшы ниетте сатып алгам.
29.09.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
меники атамдан калган Luch Belarus SSR механикалык кол сааты
29.09.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы депутат болсом окшойт...
29.09.2015. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maga 150 somdyk saat belek kylgylachy! Daje yido ilingen saatym jok
30.09.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
gulaza,турмушка чык сааты коп жигитке
29.09.2015. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Каментарийлерде баары менен башкасы бай окшойт кымбат саат тагынышып саатын мынчалык барктуу экенин билбептирмин Биг Бенди укчум шартынар болсо саатынардан болушкулочу!
29.09.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жак мактанмай го.
30.09.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин чондорго эмне бар элдин акчасын тойгуча жеп мактанганын Билл Гейстин бир тамгасына да арзыбайт
30.09.2015. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен телефонумдагы эле саатты коруп коем.ошол деле жетиштуу
01.10.2015. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен дагы козду жумуп саат алат окшойм.
01.10.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jakshy, birok bular bizge emes.
01.10.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Саат кымбат арзанынан айрымасы кайсы алтын бсо бриллиант бсо мейли дейт элем.Анан корунушу жонокой сааттарга окшош го кантип 10$болот тан калам.
02.10.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кымбат саат келечекти кошо корсотот го)))))
03.10.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз жонокой эле кишилерденбиз, жонокой эле саат тагынабыз ))))))
04.10.2015. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарибир менин саатыма жетпейт, за то менин саатымын канкулятору бар. Баасы 159.9тыйын)))))
04.10.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники 50мин руб.саат.6 жашыман бери саат тагынам,сааты жок журо албайм кочодо негедир. Кокус унутуп калган болсом колуму карай берем
05.10.2015. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооохоо яман экенсинер ааа?
05.10.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооохоо яман экенсинер ааа?
05.10.2015. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо яман мактанат экенсинер ааа? Менин деле саатым бар кандай саат экен айтпайм бирок
20.01.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен вобще саат тагып журо албай алам бирок бир эки кундо бир жерге таштап койом
17.03.2016. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте саат такканды жакшы кором, бирок кол саатымды эмес телефондун саатын карайм. Мен "BURBERRY" деген саат тагынат экенмин. Анча деле кымбат эмес.
13.04.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен эч саатсыз журо албайм,6 жашымда апам саат алып берген ошол кундон баштап колумдан саат тушпойт!
16.01.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин Стамбулдан алган саатым бар chapp ylduz деген баасы 16000$ге алгам боосу алтын айгеги бриллянт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо