Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

МОДАДА
Дезерт
— акыркы убактарда көпчүлүктүн сүйүктүү бут кийимине айланды. «Desert, desert boots» англис тилинен которгондо «чөл, чөлдө кийилүүчү бут кийим» дегенди билдирет. Бул бут кийимдердин үстүӊкү бөлүгү замшадан тигилсе, ал эми тамандары резинадан жасалат. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында британиялык армиянын аскерлери Мисирде дал ушундай ботинкелерди күнүмдүк жашоодо, эс алууларында кийип жүрүшчү экен. Кийинчерээк, тактап айтканда, 1949-жылы Каирде аскер кызматын өтөп келген Натан Кларк аттуу адам дезерттерди «Clarks» маркасынын алдында сата баштаган. Бирок бул бут кийимдер мынчалык популярдуу болорун эч ким билген эмес. Айрым маалыматтарга караганда, жылына 40 миллион дезерт бут кийимдери сатылат.

ДЕН СООЛУК ЖААТЫНДА
Стоунтерапия
– бул адамды эс алдыруучу таштар менен жасалуучу массаж. Англис тилинде «таш» дегенди түшүндүргөн «stone» сөзүнөн алынган. Мындай массаж акыркы убактарда чоӊ шаарлардын жашоочуларынын арасында абдан популярдуу болуп жатат. Стоунтерапияда жалпак, жылмакай таштар колдонулат. Алар бир аз жылытылып же муздатылып, анан адамдын денесине коюлат. Мындай нерсе өз кезегинде кан айлануунун жакшыруусуна, денедеги ашыкча суюктуктардын чыгышына түрткү болуп, иммунитет жогорулайт дешет. Массаждын бул түрүн SPA борборлордун дээрлик бардыгы жасашат.

МУЗЫКАДА
Кавер
— бул автордук музыкалык чыгарманын башка ырчы тарабынан аткарылышы. Ал англис тилиндеги (cover) «жабуу» деген сөзүнөн келип чыккан. Адатта абдан популярдуу болгон ырлар кавер болуп аткарылат. Кээде белгисиз эле ыр кавер болуп ырдалган соӊ таанымал болуп чыга келет.
Кыргыз шоу-бизнесинде да кавер кеӊири колдонула баштады. Маселен орусиялык «IOWA» тобунун «Улыбайся» ырын кыргызстандык «STYLE MIX» триосу кавер кылып ырдап жүрөт. Баса, жалаӊ кавер ырлардан турган жыйнак трибьют деп аталат.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо