БӨРҮ КАРЫСА ДА ЖЕФФ МОНСОНго АЛЫ БАР

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

19-сентябрь күнү Бишкекте эрежесиз эр уруштун ММА JFC версиясы боюнча ири беттештер өткөрүлдү. Анда жалпы 13 беттеш өтүп, күндүн беттеши кыргызстандык Замирбек Сыргабаев менен америкалык айтылуу мушкер Жефф Монсон ортосунда болду.

11 ЖЕӉИШ, 1 ТЕӉ ЧЫГУУ, 1 ЖЕӉИЛҮҮ
Кыргызстандагы Jash Kuch Fighting (JFC) промоутердик компаниясы тарабынан уюшулган бул беттештер «Fight night» аталышында өтүп, ага Бразилия, Орусия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышышты. Алардын арасынан жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиону, ММА жаатында 79 беттеш өткөргөн 44 жаштагы америкалык Жефф Монсон өзгөчө атаандаш катары саналып жатты. Рейтингдик беттештер 5 мүнөттүк 2 раунддан турса, чемпиондук наам үчүн болгон таймаш 3 мүнөттүк 3 раунддан турду.
Бул күнү кыргызстандык спортчулар атаандаштарынан алда канча мыкты болуп жатышты. Көрүүчүлөр алдыга сүрөп, экинчи дем берери бышык. Жыйынтыгында рейтингдик беттештин 11инде кыргыз спортчулары жеӊсе, Данияр Бабакулов теӊ чыгып, Расул Мансуров жеӊилүү ызасын тартты.
Айта кетчү жагдай, таймаштар орун алган «Ала-Тоо» амфитеатрынын орундуктары аз болгондуктан бир канча күйөрмандар кире албай, сыртта калып калышты. Алар өз нааразычылыгын таш ыргытып билдиришти. Аларды тартип сакчылары тынчтандырганы менен, эртеси 40ка жакын адам бейбаштык кылгандыгы үчүн кармалганы белгилүү болду.

ОРУС БОЛГУСУ КЕЛГЕН МОНСОН
Жефф Монсон жаштайынан спортко кызыгып, 26 жашында эрежесиз эр урушта алгачкы беттешин өткөргөн. Ал 15 жылдык карьерасында UFC, MMA жаатында Фёдор Емельяненко сыяктуу белгилүү мушкерлер менен октагондо күч сынашкан.
Манты кулак, бука моюн, денеси татуировкаларга толгон Монсон интеллигенттүү адамдардын катарына кирет. Ал психология боюнча магистр билимине ээ жана 6 жыл үй-бүлөлүк психиатр болуп иштеген.
Монсон акыркы убактарда Орусияга көп каттап жүрөт. Балдарга бекер, чоӊдорго акыга мастер-класстарды өткөрүп, мектеп, ооруканаларга барып кайрымдуулук кылып келет. Өзү тууралуу: «Жан дүйнөм орустукундай, өзүмдү орус сезем»,- деп айтып жүрөт. Июнь айында орус жарандыгын алууга арыз берген жана Владимир Жириновский жетектеген ЛДПР партиясына мүчө болгон. Жефф Монсон Кыргызстандан сунуш түшкөнү күтүүсүз болгонун беттеш алдында айтып берди. «Кыргызстанга алгачкы жолу келгендиктен, бул өлкө жөнүндө көп деле маалыматым жок. Көнгөндөй эле бул беттешке катуу даярдык көрүп, атаандаш тууралуу маалымат чогултууга аракет кылдым. 2 жыл ичинде 2 операцияны башымдан өткөрүп, толук калыбыма келүүм керек эле. Азыр өзүмдүн күчүмө ишенем жана алдыдагы беттеш кызыктуу болоруна шегим жок».

НЕГИЗГИ БЕТТЕШ
Күндүн соӊунда көпчүлүк күткөн беттеш да орун алды. Замирбек Сыргабаев 8 бурчтукка чыга электе эле эл аны сүрөй баштады. Ал эми өзүнө ишенген бука моюн Жефф Монсон эч кебелген жок.
Алгачкы раунддан тарта Замирбек чабуулга аракет жасап, маал-маалы менен сокку узатып жатты. Ал эми Монсон партерде иштөөдө мыкты болгондуктан, өз ыкмасына сала албай жатты. Экинчи бөлүк башталар замат америкалык спортчу атаандашын буттан алып, партерде белгилүү «түндүк-түштүк» ыкмасын аткарууга бел байлады. Мындай абалдан чыгуу үчүн кыргыз мушкери болгон күчүн жумшап, каршы чабуулга өттү. 2-раунд Монсондун пайдасына чечилгенин көпчүлүк баамдап турду.
Чечүүчү раундда Замирбек Сыргабаев таамай соккуларды узатып жатса, чаалыгып калган Монсон жооп кайтара албай убара тартты. Жыйынтыгында 2 раундда мыкты болгон Замирбек Сыргабаев упай эсебинде жеӊишке жетип, чемпиондук курдун ээси болду.
Аталган беттеш социалдык тармактарда да кызуу талкуу жаратып, кээ бири «Монсон атайын жеӊилип берди» дешсе, кай бири буга кошулган жок. Кандай болгон күндө да, мындай беттештер жаштарды спортко кызыктыруунун негизги жолдорунун бири экени анык.

«СПОРТ МЕНЕН КОШ АЙТЫШТЫМ»
Кезинде панкратион боюнча Евразия чемпиону, учурда Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин депутаты Замирбек Сыргабаев беттештен соӊ суроолорубузга жооп берди.
– Жеӊишиӊиз менен куттуктайбыз! Ошентсе да бул беттеш көптөгөн суроолорду жаратпай койгон жок...
– Ооба, чындыгында, акыркы жылдары Жефф Монсон акчага гана рингге чыгат деген кептер айтылып жатышы мүмкүн. Бирок ал кандай мушкер экенин көпчүлүк көргөн болушу керек. Биринчиден, ал ММАнын легендарлуу мушкери, эгерде бул коммерциялык беттеш болсо, анда мен машыкпай эле сегиз бурчтукка чыкмакмын да. Жашырбайм, беттешке 2-3 күн калганда уктай алган жокмун, бул ашыкча толкундануунун кесепети. Сегиз бурчтукка чыгарда да бул сезилип, күйөрмандардын колдоосу гана эсиме келтирди.
– Беттештин жүрүшү боюнча айтсаӊыз, кимиӊер күчтүү болдуӊар?
– Беттеште үстөмдүк кылууга мен көбүрөөк аракет жумшадым. Ал эми партерде Жефф Монсон алда канча кыйын экен. Калыстардын жыйынтыгына ишенем, алар өз бааларын беришти.
– Мындан ары да эл аралык аренада беттеш тартуулайсызбы?
– Бул беттештен соӊ спорттук карьерамды жыйынтыктайм. Кырк жашка келип калганда атактуу атаандашты утуу мен үчүн сыймык. Эми өз тажрыйбам менен бөлүшүү үчүн машыкты­руу­чу­лукту улантам. Өзүмдү жаш спорт­чуларды тарбиялоого арнайм. Ошондой эле өз жумушумду улантмакчымын.

Спорт жаӊылыгы
ФУТБОЛ
ӨСПҮРҮМДӨР ТАЙПАДАН ЧЫГА АЛГАН ЖОК
16 жашка чейинки улуттук курамдын футболчулары Азия чемпиондугунун тандоо турунда өз тайпасынан чыга албай калышты. Бишкекте орун алган алгачкы оюнда Кыргызстан Оманга 0:2 эсебинде жеӊилсе, экинчи беттеште 4:2 эсебинде Непалга утулууга дуушар болушту. Ал эми 3-турда Иорданияны 4:1 менен утканыбыз кийинки финалдык баскычка чыгууга мүмкүнчүлүк берген жок.



Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
28.09.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
27.09 да Жалалабадта болду ММА, биздин жигиттер женишти! Ошо туралуу да жазсанар.
28.09.2015. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрежесиз мушташ эч жакпайт, майып болосун, соо жерин калбайт!
28.09.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
данияр бабакулов тен чыкканына ичим ачышып жатат ал жениш керек болчу
16.11.2015. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dasta,по сути бабкулов денилли го дейм , удары коп бирок точность жок да
28.09.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиги деле карып калган киши го
28.09.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак аю да чыктыбы
29.09.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara-kulzha,ал утту
28.09.2015. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат алга кыргыз
29.09.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми женсе 2 жума реклама кылышат
30.09.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бөрү карыса Жефф Монсонго алы бар" деп тим эле болбойсуңар го. Жефф Монсон Сыргабаевтен 3 жашка улуу экени эсептелбейби?
01.10.2015. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пенсионер менен студентти согуштургандай болуптурго ха ха уялсан боло сыргабаев ушуда болобу кыйын болсон восмиугольниктин жиндилерин алып келип согушпайсынбы алар келип чачыратып таштасын
02.10.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неси болсода сатып алабы утуп алабы Кыргызстандын атын чыгарыптыр Азаматсын
03.10.2015. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы убактарда Монсонду ким зериксе эле чакырып уруп жаткандай сезилет.
03.10.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Басалбай араң жүрөтко урганга кантип колуң ба;;рды? бакуш чалды.
04.10.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
расул мансуров айылдашымго.......алга кыргызстан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо