Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурлан Насип, «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамынын 3 жолку ээси: «БЫЙЫЛ ПАРТИЯЛАР АРАСЫНДА ТАЛАШКА ТҮШТҮМ»

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

Учурдун эӊ популярдуу ырчысы Нурлан Насип сахнага кадам таштагандан бери ырчынын күйөрмандары көбөйүп, бир топ тепкич бийик көтөрүлдү. Жылдызы жанып турган Нурлан менен атактуулук, жашоосундагы жаӊылык, саясат, жеке жашоосу тууралуу маек курдук.

– Нурлан, саламатсыӊбы? Учурда үгүт иштери менен жүрөсүӊ. Кайсы партияга ырдаарыӊды төлөгөн гонорарына карап тандадыӊбы же саясий көз карашыӊдан уламбы?
– Саламатчылык! Саясат айдыӊында орчундуу жаӊылыктар болуп калганда эле кулак төшөп калбасам, бул чөйрөгө кызыкчу эмесмин. Азыр эки тарап теӊ капа болбой турган гонорарга келишим түзүп ырдап жатам. Кайсы партия өтсө да, өлкөбүздү өнүктүргөнү бийликке келсе дейт элем. Анткени биз көп жактан арттабыз.
– Үгүт иштеринен эӊ көп гонорар алгандардын сап башында экениӊди кулагыбыз чалды эле. Сыр болбосо канча алдыӊ?
– Сумманы элге жарыя кылуунун кажети жок деп ойлойм. Өзүӊүздөр билгендей, «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамын 3 жолу алгам. Ушул наамды алгандан кийин алдыӊкы ырчылардын бири катары өзүмдүн ставкамды койгонго укугум бар. Анын үстүнө буга чейин тытынып иштедим, ошол эмгегим жемишин эми берип жаткан кез. Быйылкы шайлоодо талашка түштүм, көптөгөн партиялардан чакыруулар болду.
– Тапкан каражатыӊды каякка жумшайсыӊ?
– Албетте, бул акча жакшы жакка жумшалат. Келечегимди ойлоп, үй же жер алганга аракет кылам. Колумдан келишинче туугандарыма жардам берем. Байкелерим убагында жардам беришкен, алардын жеке бизнестерин алдыга жылдырууга салымымды кошом.
– Саясатчы болгуӊ келеби?
– Мен ырдап жаткан партия «сендей эл адамы болгон жигиттер керек» деп катарына кошулуумду сунушташты. Алгач ата-энем менен кеӊештим, алар колдоорун айтышты. Бирок ойлонуп көрүп, бул нерседен баш тарттым. Мен азырынча саясатка барууга даяр эмесмин. Анын өзүнүн убагы келер, ошондо көрө жатарбыз. Үгүт иштеринде ырдап жүрүп оюм кадимкидей өзгөрдү. Мурда ырчы болом деп келсем, азыр саясатка кызыга баштадым. Буюрса, бышып, даяр болгонумда саясатка кадам таштайм.
– Саясатчы болсоӊ, алгач кайсы көйгөйлөрдү чече баштамаксыӊ?
– Алгач Токтогул жергесинен баштамакмын. Анткени ал жакта жолдор начар, маданият артта калган. Өз жеримдин артта калган тармактарын жакшыртмакмын. Өзүнчө саясатчы болуп кеттим го, ээ? (күлүп). Учурда Кыргызстанды алдыга жылдырууга жан үрөп иштеп жүргөн жаштар бар. Убагы келгенде мен дагы ошолордой болсом жаман болбос. Бирок бир жаман жери – саясатта атыӊ бул­ганып калышы мүмкүн. «Жаман атты жуусаӊ да, куусаӊ да кет­пейт» дегендей, жаманатты бо­луп калуудан корком.
– Азыр популярдуулуктун туу чокусунда турасыӊ. Ага манчыркап кетпей элесиӊби?
– Жок, мен ар бир күнүмө шүгүр кылып жашайм. Кээ бир досторум «сенин ордуӊда болсок, учуп кетмек болушубуз керек» деп калышат. Мен алардан «ушунчалык популярдуумунбу?» деп сурайм. Чынын айтсам, азыркыга чейин өзүмдүн канчалык популярдуу экенимди билбейм. Атактуу экеним элдин алдына чыкканда гана сезилет.
Жакында концерттен соӊ унаада кетип баратсам кыздардын баары «Нурлан Насип!» деп кыйкырып жатышканда жан дүйнөм башкача болду. Алардын сүрөгөнү мага дем-күч берип жатты. Күнүгө түрдүү белектерди алып жатам. Баарынан күйөрман кызымдын «Супер-Инфого» чыккан биринчи сүрөттөрүмдөн тартып азыркыга чейинки сүрөттөрүм чапталган эки чоӊ дептерди белек кылганы жагымдуу болду.
Ар дайым Жаратканга шүгүр кылып, көз тийбесин деп тилейм. Анткени канчалык өскөн сайын ошончолук көрө албаган, буттан чалайын деген адамдар, ошол эле учурда сени колдогон досторуӊ да көбөйөт экен. Эл көзүндө жүрүп белгилүү боло баштагандан тарта бир кишиге башкача сүйлөп койсоӊ, «бул жылдыз оорусу менен ооруй баштаптыр» деген жаман сөздөр ээрчийт. Ал сөзгө ка­былбаш үчүн өзүмдү көзөмөлдөп турам. Жакындарыма дайыма «эгер өзгөрүп баратсам айтып койгула» дейм. Акыркы учурда интервью бергенден да кача баштадым. Жаӊылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт да. Туура эмес сүйлөп алуудан коркуп калдым .
– Бир кездеги Атабековдун атактуулугу азыр Нурланга ооп баратат деген ойго кошуласыӊбы?
– Ар бир адамдын доору болот деген чын. Мактангандай болбоюн, акыркы кезде бул сөздү көп укчу болдум. Өткөндө Мирбек байке экөөбүз (ред. Мирбек Атабеков) жолукканда, анын «акты ак, караны кара деш керек. Азыр сенин популярдуу болуп жаткан учуруӊ» дегенине ыраазы болдум. Ал: «Азыр кыргыз эстрадасы үч мотивде кетип баратат. Сенин өзүӊдүн, Мирбек Атабековдун өзүнүн, Гүлжигит Сатыбековдун өзүнүн аудиториясы бар»,- деди. Чындыгында, ар бирибиз өзүбүздүн ырдоо стилибизди бербейбиз (күлүп). Ошолорду айтып күлдүк. Мирбек Атабековдун чыгармачылыгын баалайм. Ал менден 5 жыл мурун ырдап чыккан. Мирбек байке эл оозуна алына баштаганда мен сахнага кадам таштай элек болчумун, анын концерттерине барчумун. Билишимче, ал дагы «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамын 3 жолу алган, ээ?
– Ооба, «Заманыбыздын супер ырчы мырзасы» наамы да ыйгарылган...
– Буюрса, анын артынан келип, мен дагы бул наамды 3 жолу алдым.
– Балким, сенден кийин чыгып атактуу болгон ырчы жигитти да «азыркы замандын Нурлан Насиби» деп калабыз. Бул сыймык болсо керек, туурабы?
– Албетте, сыймык. Жаратып жаткан ийгилигиӊ өзүӊө билинбейт тура. Азыр да жакшы ырчылар чыгып жатат. Мен да өз доорумда иштеп алайын.
– Жеке жашоо тууралуу кеп баштасак. Ырчы Асел Кадырбекова менен кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүӊөрдү билебиз. Бирок муну жашырып койчусуӊар. Кийин силердин мамилеӊерге чекит коюлганы тууралуу маек бериптирсиӊ...
– Ооба, Асел экөөбүз мурда кыз-жигит болчубуз. Башында эле мамилебизди ачыкка чыгарууну каалаган эмеспиз. Экөөбүз «гезит-журналдарга мамилебизди жарыялабайбыз» деп сүйлөшүп алганбыз. Жылдызыбыз келишпей, кол үзүшүп, дос бойдон калдык. Учурда жүрөгүм бош. Аселди сыйлайм, анын бактылуу болушун каалайм.
– Нурлан Насип үчүн эӊ негизги байлык эмне?
– Мен үчүн башкы байлык – ден соолук. Быйыл бат-баттан ооруп, ооруканага көп көрүндүм. Байкасам, эс алуусуз тынбай иштептирмин. Дарыгер «нервиӊ чарчаган» деди. Тыным жок эле концерт, гастроль, анан той сезону башталып иштеп жүрө бериптирмин. Азыр ден соолугумду жакшылап караганга аракет кылып калдым.
– «Үйлөнсөм, чыгармачылыгым калып калчудай туюлат. Байкасам, бүлө кургандар өчүп калат экен» дегениӊ бар. Бул ойдон кайттыӊбы?
– Бойдок адамдын оюна ар түр­дүү ойлор келет. Бирде туруп үйлөнгүӊ келет, бирде туруп ой жүгүртсөӊ, чыгармачылы­гыӊ калып калчудай сезилет. Бирок антип жүрө берсеӊ туура эмес экен. Анткени чыгармачылыктын да, үй-бүлөнүн да өз орду бар. Буга чейин 25 жашка чыксам үйлөнөм деп пландаган элем. Быйыл үйлөнөйүн десем, ылайыктуу кызды жолуктурган жокмун. Ойлонуп көрсөм, дагы 2 жылдай бойдок жүрө турсам болчудай. Анткен менен убакытты созгум келбейт. Түшүнүктүү кыз табылса, ага эртеӊ деле баш кош­конго даярмын. Жараткан кимге бактымды кайсы күнү буюрса, убак-сааты келгенде жүрөгүмө төп келген кыз табылса үйлөнүүгө даярмын.
– Рахмат, тилегиӊ орундалсын!

"Буюрса, мен дагы Мирбек Атабековдой "Заманыбыздын супер ырчы мырзасы" наамына татып калармын".

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(105)
29.09.2015. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага мирбек атабековдун нурландын ыолары аябай жагат мирбек жаны ырларды жаратып озунун популярдуулугун тикалап жатат
29.09.2015. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичине эле башы корунгон адамды суйлогон созу учун"ооруп"атыптыр деш кимге пайда кимге зыян?бир аз бошонураак жооп бергенде эмне эле былжырайт демексинер...мышык майга жетпей ар нерсени айта берет дегендей..же Иван Крыловтун тамсилине окшобой тим эле койбойсунарбы дейм да ар кимди сынабай??
29.09.2015. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Хихиии азыркы жаштаргале популярдуу болбосо мага лично ХХХХ. Биринчи ХХХХ ХХХХ алсынчы бала. Мирбек Атабековго жетпейт биздин доордогу эн мыкты ырчы. ))
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-29 09:57:06
29.09.2015. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jama9210,. Сиздин оюнузга да кошулам. Мирбек Атабековго жетиш кыйын. Анын ырдоо жолу такыр башкача. Нурландыкы такыр башкача.
29.09.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган!
Эскертүү!
29.09.2015. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ич куйду кылган болбоюн. Ооба Нурлан таланттуу жигит. Бирок мага ырлары анча жага бербейт. Ага караганда Ильяз Абдразаковду баалайм. Бирок талантын оркундой берсин жердеш.
29.09.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бала, саясатка кызыгып калган гоо. Атабековго жетиш кайда...... Ага ордун алыш учун, 3 тилде эркин ырдап суйлош керек.
29.09.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Нурлан. Азыркы кундун популярдуу ырчысысын. Бирок, Мирбек байкене жетиш учун орусча эркин суйлоп, эркин ырдашын керек. Сенде болгону бир эле тилде ырдай да суйлой да аласын. Эми Мирбекке жетиш сага кеч болуп калды.
29.09.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мирбектин да Гулжигиттин да Нурландын да оз орду бар, ар бири таланттуу бирине бирин салыштыруунун кереги жок. Нурлан да бул денгеелге онойчулук менен жетип калбаса керек, бул жактагы адамга сындап коюу оной да. Ага жетпейсин буга жетпейсин дебей болгону колдоп коёлу, келечекте ким эмнеге жетеерин эч ким билбейт. кимдир бироолорго жакпаса а кимдир бироолор анын талантын баалайт да.
29.09.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жылдыз оорусу жок эле турат чындыгында
эле чоон жетишкендиктерге жетип атат озу айтпаса да эл айтат ал мактанганга жатпайт
29.09.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсың ишиңе ийгилик!форумчулар ушу силерге байкуш болуп эле турса жагат да.кичине эле башкача сүйлөсө баса калып жамандайсыңар.
29.09.2015. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асел Нурланды катуу суйот окшойт. Мейли суйгонуно жетсин ал деле, негеле Аселди ага татыктуу эмес дей бересинер, баары бир ал силерди албайт)))
29.09.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талашып тартышыпле атасынар го)) Ал буну окуйт болду бекен озу
08.10.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apesh91,оа баардык эле ырчылар окушат
29.09.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун Асел мн))
29.09.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл алдында эл козундо жургон адам асмандабай жерде журуш керек эн алды менен эмне деп жана кандай суйлошту уйронуу керек.Он кыз мактап Нурлан деп койсо эле кокту карабай.Жогорудагылар айткандай саясатты жон эле кой укам сен экообоздон саясатчы чыкпайт .Ашыкча мактанып коюпсун эми анынды кудай кечирсин кээ бири айтыптыр коро албайсынар деп коро албагыдай эмне коронгосу бар экен жонокой Ортозаар ырчы жыргаткан уну деле жок кыскасы аман бол эптеп септеп ырдамыш болуп тапкан акчан озуно буйурсун болгону суйлогонду кандай маек беришти уйрон тоо минген кезин болот жоо жургон кезин болот жоо калган кезинде бул маегинди окуп озун уялчу кунун келет Эгер ошого акылын жесте
29.09.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ичинер куйуп кеттиго ээ чиркин
29.09.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан насиптина баардык ырлары жагат мага.кел кел келип турганда иштеп иштеп ал туура кыласын
29.09.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көп мактанып алыптыр, эртен сенденда жакшы ырдаганы чыгат шашылба, жонокой бол. Көппө айтарым Нурлан Насипк. Чын жөнөкөй деп ойлойт элем чето коп мактанып жатат акыркы мезгилде. Туура бул даражага жетиш өтө кыйын, бирок жоготушда өтө бат.
30.09.2015. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтогулдун торгойлорунун бири да кантсе кучугум десе мага жагат азаматсын Аман болчу ардайым Эле
30.09.2015. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурланга коооп коп акыл, ыйман , бакыт берсин! Келечекте туболуктуу бактылуу боло турган кыз табуусуна тилектешмин!
30.09.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан мыкты ырчы азаматсын, ийигилик калаайм сизге...
30.09.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии жаман эле болуптурго мактаанып эле сен Мирбек Атабекоооов ко жеткенче дагы бир жолу ондолуп торолушун керек.Мирбек Атабеков -азыркы жаш талаттардын бири да теней албаймын а Нурлан болсо аман эле болсунчууу кулкумду келтирбей
01.10.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Venera7777, ХХХ ХХХ ХХХ Мирбек Сенин ушинтип коргоп жатканынды билет бекен. Нурланга келсек ал озунун бешене тери менен иштеп которулуп жатат. Ондолуп торолгудой ал кудай бекен. Эл колдоп баалап жатабы демек буга орус, англис тилдеринде ырдоо керек дегени эмес.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-02 10:33:43
02.10.2015. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mile,Мен Мирбекти колдоп жатканымды билсе билбесе эч кимге тиешеси жок бирок тиги эки ХХХ ХХХ корсоткон Нурландан Мирбек мин эсе жакшы
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-02 10:33:02
02.10.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Venera7777, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
02.10.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mile, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
01.10.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча ХХХ ырчы))
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-01 14:56:25
01.10.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yahoo, кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
01.10.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirbek Atabekovgo jeteer jetpesin siler kaidan bilesiner? a balkim ashyp ketettir, asmanda emes ele jerde jurgondoi tuyulat Nurlan, A Mirbek tochno asmandan kopton beri tusho albai jurgon kezi :) Iygilik Nurlan!
01.10.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке мен Нурландын да Гулжигиттин да Мирбектин чыгармачылыгын баалайм. Алгааа!!
01.10.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек байкедеги конур ун, бийик диапазон,ырдоо стили, сахнадагы имиджи,3 тилде еркин акцентсиз суйлоп ырдоосу деги баары баары ото мыкты.мирбек азыр уйбулолуу болсода мирбек деген бренд бар и сакталып гележатат.а сиз де нурлан байке талантынызды баалайм бирок али ага жетише елексиз.гулжигит мирбек байкелер такыр башка.
01.10.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман болсун оорубасын!
02.10.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп эле мактанып ийген го, кыйын уну деле жок, женил желпи ырларды ырдап журот,Аман эле болсун
02.10.2015. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу артист,режиссерлор короче маданият жаатындагылар саясатка кызыкпай эле койсо!!! Ар ким оз озунун кесиби боюнча эле кетсе экен. Чала сабаттуу саясатчылар дагы толуп кетти!!!
04.10.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясатчы болгусу келгендер тарыхты жакшылап окуп анан болгулачы не болсода
07.10.2015. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла таалам. Ар бир адам баласына ыйманды, байлыкты ооматты Берип да алып да корот! Бул жалган жашодо бардык нерсе болот! Азаматсын! Ошол нерсени. Ар бир адам Билиш керек! Ишине ийгилик ата энен сыймыктанган элдин алды эмес атты да эмес орто болуп журо бер кудай насип этип намаз жолун да тен алып кетсен тура Жолдо журосун!
15.10.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан интервью бергенде маектешуу маданиятынын денгээлин озгортсо.мектептеги жаш окуучулардын денгээлинде эле интервью бере берет.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо