Темирбек Асанбеков: «ПУТИНГЕ ОКШОШКУМ КЕЛБЕЙТ»

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

4-октябрь күнү өтчү парламенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Келерки 5 жыл ичинде өлкөнүн өнүгүү тагдырын чечүүгө белсенип шайлоого аттанган партиялардын үгүт кампаниясы кызуу жүрүүдө. Партия лидерлеринин «Азаттык» менен маектериндеги урунттуу учурларга бул санда да орун бердик.

– «Мекен ынтымагы» 2010-жылкы шайлоого катышып 45 миӊге чукул добуш алган, кийин сиз 2011-жылы президенттикке талапкер болуп, анда да жарытылуу добуш ала алган жоксуз. Негизи эле шайлоодон тажаган жоксузбу?
– Көпчүлүгү терс көрүнүштүн жыйынтыгы менен талкуу жүргүзүшөт. Биз эч качан жеӊилген жокпуз. Мен өзүм карапайым элдин арасынан чыккам. Биринчи жолу саясий эрк көрсөтүү жолун тандаган адамдардын бири болчумун. Биз сырттан келип, келгенде эле ушул жаӊыдан саясатка аттанып жатып 50 миӊ адамдын добушун, ишенимин алуу бизге чоӊ жеӊиш. Андан кийин президенттик шайлоодо жеке адамдын кадыр-баркынын, түшүнүгүнүн негизиндеги элге таанылуу маселеси чыгат. Ал кезде Москвадан келип 11 айдан кийин төртүнчү орунду ээлөө биз үчүн дагы чоӊ жеӊиш болгон. Анан элдин пейилине жараша парламент келди. Өкмөт кызматкерлери шайланды. Эл да өзү шайлаган чечимдеринин жыйынтыктарын көрсүн, биз болсо экинчи сыноого даярдык көрөлү деп тынчтыкты колдоп, сактап жүрөбүз.
– Сиздердин талапкерлердин тизмесин карасак, мындай элге эмгеги сиӊген көрүнүктүү адамдар жок экен. «Мекен ынтымагынын» тизмеси кандай критерий менен түзүлдү?
– Экономиканы талкалап, саясатты оор абалга алып келип ошончолук элге таанылган адамдардан тажай элексиӊерби? 95 пайызы кадимки элден турат, жаштар жана интеллигенция. Ошолордун саясий мүмкүнчүлүгү жок болуп турат. Ар бир адамдын Кудай берген мүмкүнчүлүгү бар. Ошол жакшы адамдарды аттуу-баштуу кылып, эртеӊки күнгө саясий мүмкүнчүлүгүн ачып берели деп «Мекен ынтымагын» сактап келгем.
– Өткөнкү шайлоодо сиздин партияга иштеген адамдар кайра эле сизге нааразы болуп, медиа-каражаттарга интервью беришти, «Асанбеков үгүт маалында бизди иштетип алып, акчасын бербей жатат» депчи. Эми бул жолу да шайлоого иштеген адамдар сызга отуруп калбайбы?
– Иним, сиз маалыматты алган билимдүү адамсыз. Эгер мен партиянын ички позициясын, принцибин, идеологиясын сатып кетсем, саясий терс көрүнүшкө аралашып кетсем, анда ошол адамдардын таарына турган кажети бар болчу. Партия таптаза турат, өзүм таптазамын, эгер ушул партиянын идеясы деп киришсе эмне себептен таарынып жаткандарын билбей жатам. Демек, партиянын мүчөсү эмес, жөн эле күнүмдүк оокат менен саясий түшүнүгү жок эле аралашып алышып, орусча айтып коёт «упущенная выгода» деп, ошону албай калып эле, анан мага таарынымыш болуп жатышат. Мына мен деле жүрөм го, улам бир шайлоого катышып.
– Сиз өзүӊүздү кыргыз Путини катары атап келесиз да. Анан сиз окшошкуӊуз келген кыргыз саясатчысын таба алган жоксузбу? Же бул сиздин Орусияга болгон симпатияӊыздын белгисиби?
«Мен Обамамын, мен Путинмин» деп айткан эмесмин. Бүгүн социалдык маселени 1 миллион миграциядагы адамдар чечип жатат. Аларга болгон сый-урмат бар. Тарыхка жараша сырттан келген саясатчылардын бири мен экенмин. Жөн эле келбей Москвадан келгеним төп келип калыптыр. Ошонун негизинде чыккан сөз. Анан дебатты дагы бир жолу карап көрсөӊүздөр болот. Ошондо сурап калышты «сиз Путинди тааныйсызбы?» деп. Эми Путинди ким гана тааныбайт. «Жакшы тааныйм» деп айткам. «Путин жи­берди, Обама жиберди» деп эч качан айткан эмесмин. Бул элдин арасындагы чыгып жаткан «желаемое за действительное» деп коёт.

Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектерден түшүрүлүп, кыскартылып берилди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(17)
28.09.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
((((путин путит этпесин жаман жолго кетпесин
28.09.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул байкебиз жакшы депутат же ажо болмок чынында.
28.09.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кана эми, Путиндей лидер келсе бизге
28.09.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
калп суйлойт телевизордон мен кыргыздын Путинимин дегенин баарыбыз укканбыз
04.10.2015. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza5566,мен укбадым эле да :)
28.09.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ии ий, сен кимсин дагы Путин ким.Айырманар ат менен тоодой!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-28 12:51:56
28.09.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aziret-92, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
28.09.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aziret-92,тажабадынырбы баягы эле саясатчылардан? жаны саясатчы жаны идея да. Путин Путинда Россиянын президенти ага салыштырып болбойт мумкун ушул адам бийлике келсе Путин жолдо калаттыр...
28.09.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Путиндин тырмагына да арзыбайсынар
28.09.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Путинге окшошкум келбейт деп Путинге окшошом дегенде да решило аламбы дебейби бир Путинге мин саясатчын чогулуп суйлогон бир созуно тен келе албастырсынар.Путин ким Ельцин кризиске белчесинен батырган Россияны дуйнодогу мен деген ири державага айлантты а силер суйлогондон башка не жакшылык кылдынар кыргызга которулом онолом деген элди конторуп ойронун чыгарып келесинер эгемендикти алган кундон бери
28.09.2015. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kubat_1973,жакшы жазыпсың. Бул жигит чыкканда өзүнө катуу пиар жасап жиберген. Анан анын сөзүнө ишенип, иштешели деп баргандарга алгылыктуу деле ишинин планын айта албаптыр
28.09.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
решило эмес окшошо аламбы
29.09.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асанбековду колдойм!
30.09.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Путиндей болсонор кана бироонор....жеп еле жататсынар иштегенинердин дайыны жок еле.....Бираз карасанар болот еле кошуналардын онугуп жатканын,биздинда жашагыбыз келди Ошолорго окшоп..
01.10.2015. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечектеги президент!
04.10.2015. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mr_exclusive, козунуз ачыкбы ?
04.10.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким бул озу,кайдан чыккан ?Путинге окшошкум келбейт деп,озун кыйын сезип.Окшошмок тургай Путиндин басып кеткен изине да тен келбейт .Оозун коптуруп чон суйлоп,эмне кылып коюптур Кыргызстан учун.Партияндагы иштеген адамдардын ыраазычылыгын ала албай журосун нааразы кылып.Ошол учун журосун да улам бир шайлоолорго кайра-кайра катышып.Максатына жете албай калдыбы ичин ачышып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо