№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
Буга чейин эле шоу чөйрөсүндө «ырчы Аскат Мусабеков жубайы, кыл кыякчы Залина Касымова менен ажырашып кетиптир» деген кептер болуп келген. Бирок эки тарап теӊ бул тууралуу ооз ачышпай, кептин чын-бышыгы дайын эмес эле. Жакында эле «Аскат мырза ажырашмак тургай, экинчи ирет үйлөнүп, наристелүү болуптур» деген кабарды кулагыбыз чалды.
Ырчы бул жөнүндө: «1 уул, 1 кызым бар экенин билесиздер. Ал эми 3-балам тууралуу сиздерден угуп жатам. Башканы жашырсам да, баланы кантип жашырмак элем? Алгач үйлөнөйүн, үйлөнсөм сөзсүз сиздерге кабарлайм»,- деп жооп берди. Ырчынын бул жообу анын учурда башы бош экенинен кабар бергендей.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |