Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НУРАЙЫМ АЗЫКБАЕВАГА ТҮРКМӨНСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ СЫЙЛЫК ТАПШЫРДЫ

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж

– Нурайым, Түркмөнстандын президентинин колунан сыйлык алыптырсыӊ, куттуктайбыз!
– Рахмат! «Алтын Асыры» медалы менен сыйланып кайттым. Бул медаль биздеги Эмгек сиӊирген артист деген наамга барабар экен. Фестивалда сөзү, обону Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовго таандык «Ак гүлдөрүм сага» деген ырды аткардым.
– Фестивалга кантип катышып калдыӊ?
– Кыргызстанга кайсы өлкөнүн башчысы келбесин, президенттик оркестр өз өнөрүн тартуулайт. Анда сөзсүз ошол өлкөнүн тилинде бир ыр аткарууга аракет кылам. Негизи, баш-аягы 20 тилде ырдай алат экем. Гурбангулы Бердымухаммедов Бишкекке келгенде да оркестрим менен резиденцияда концерт бергенбиз. Ошондо ал менин ырдаганымды жактырып, «жакында фестиваль болот, оркестриӊер менен концерт коюп, улуттук аспаптарыӊарды биздин элге да тааныштырып кеткиле» деп чакырган эле. Ошентип барып калдык. Алгач гала-концерттин алдында сыйлык тапшыруу аземи болуп, эл алдында мага бул сыйлыкты тапшырды. Мен өзүмдүн, элдин атынан кыргыз, орус, түркмөн тилдеринде сөз сүйлөдүм.
– Фестиваль Түркмөнстандын борбор шаарында өттүбү?
– Алгач Ашхабадга бардык. Бирок фестиваль Каспий деӊизинин жээгинде өттү. Алар мага өздөрүнүн улуттук көйнөктөрүн тиктирип даярдап коюшуптур. Бирин гала-концертте, экинчисин сыйлык тапшыруу аземинде кийдим.
– Жогоруда оркестрим деп калдыӊ, ошол туурасында да айта кетсеӊ?
– Атам түзгөн «Эне-Сай» тобунда тарбияланып келе жаткан таланттуу адамдар жана өзүм окуткан скрипкада ойногон кыздар-балдарды чогултуп оркестр түзгөнбүз. Жалпы 20 кишиден турат. Атам Курмангазы Азыкбаев президентибизге сунуштап, президенттик оркестр болгонбуз.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
28.09.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмгек синирген деген наам бекер окшойт ал жакта барып ырдаса бере салып
28.09.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандайча бере салды экен менде да мудок ой болтат эмгек синирген деп
28.09.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурайым эн таланттуу ырчы азаматсын ХХХХ ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-28 11:24:00
28.09.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza5566, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
28.09.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президенттин ырын ырдап жатса ананчы ))) жаш эле кыз анан неге улуу коргозот озун.
28.09.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Нурайым! Кыргызстандын атын дагыда далай жерге тааныта беришине тилектешмин. Чынында аябай таланттуу кыз.
28.09.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурайым дагы ажырашып кетти деп уктум эле?
28.09.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Taalaibek.,укпай эле ажыраштым деп супер инфого интервью берген го.
29.09.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга то0бо деп ойл0нуп жазсанар... Оюнарга келгенди оттой бербей...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо