МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

№674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Адел, ал сени талаага таштабасына ишенесиӊби?
– Ишенем.
– Жоопкерчиликти моюнуна ала албасачы?
– Анда ошол боюнча бул жерден жоголом. Азыр мага жардам берип коюӊуз.
Адел жалынып жатып дарбазаны ачтырды. Болжолдогон жерде Тимур турган экен. Жетип көкүрөгүнө урунган Аделди жыттап алды.
– Сени аябай сагындым.
Энтигип ыйлап жиберген Аделдин көзүнүн жашын аарчый берди.
– Болду эми, ыйлабачы.
– Сен эч нерсени билбейсиӊ. Менин боюмда бар.
Тимурдун эми эле кумарлуу кучактап турган колдору бошоӊдой түштү. Адел ага тике карады.
– Бул сенин балаӊ, экөөбүздүн балабыз. Эми сен артка кайта албайсыӊ, Тимур.
– Бул тууралуу кимдер билет?
– Күйөөм билет, бала өзүнөн эмес экенин да билет. Жашоомду тозокко айлантты. Болгону бала сенден экенин билбейт.
– Эми эмне кыл дейсиӊ?- деди чарасыз күбүрөгөн Тимур.
– Бизди бул жактан алып кет, суранам сенден!- Тимур көкүрөгүнө жабышып турган келинди артка түртө албай же анте албайм деп айта албай түйшөлдү. Чындыгында,
Аделди унутам деп ойлоп жүргөн эле. Утурумдук көӊүл ачуу бат эле унутулат дегени менен, анын элеси көз алдына тартыла берчү. Кандайдыр бир белгисиз күч аны Аделге тартып жаткандай. Алаксыйын десе такыр алаксып кете албай койду. «Бул чын эле сүйүүбү? Мен чындап эле болгондо да Карыпбек Абышевичтин аялын сүйүп калдымбы? Эгерде ал билсе соо койбойт. Ушунча жылдан бери элдин көз алдында жүргөн ата-энем эмне дейт?» деген ойлор менен алышып жүргөн эле. Бүгүн чыдамы кетип, бир көрүп алуу үчүн келген. Бирок мындай тагдырдын белеги күтүп турганын билген эмес эле.
Биринчи жолу ушундай абалда калышы. Аделдин тиктеп турганын көрүп көзүн ала качты.
– Тимур, сен мени сүйөсүӊбү?
– Унута албай койдум.
– Анда сени эмне кармап жатат?
– Эх, жашоодо сүйүү менен баары бүтүп калбайт тура. Атам баары бир бул нерсени колдобойт. Өзүмдүн аброюма да доо кетет. Күйөөӊ бизди жайыбызга коёт дейсиӊби?
Бул Аделдин акыркы үмүтү эле. Денеси муздай түштү. Эч нерсе дебестен артка кетенчиктеп, анан шарт бурула үйдү көздөй жөнөдү. Мына, эки-үч мүнөттөн кийин бул аял ичиндеги баласы менен кошо жашоосунан жоголот. Тимур ушул ойду ойлогондо артынан чуркап жетип колдон алды.
– Жүрү, кеттик. Атама баарын түшүндүрөбүз. Ал мени түшүнөт.
– Жаным, ардагым, мени таштабасыӊды билгем.
Моюнуна асыла берген Адел ыйлап жиберди.
– Ыйлаак десе, дайыма эле ыйлай бересиӊ.
Жашын сүрткөн Адел жарк эте күлүп жиберди. Экөө кол кармаша тез эле машинеге жетип, зуу жөнөп кетишти.
Тимур дагы да ойлонбой кадам жасады. Аделди ээрчитип барып ата-энеме айтсам макул болот деп ойлогон эле. Эшигинин жанына келип, бирок босогону аттай албай туруп калышты.
Ушул учурда эшик ачылып, сыртка чыгып келе жаткан апасы аларды көрүп калды.
– Тима, сенсиӊби? Караӊгыда эмне кылып жүрөсүӊ?
– Апа, мен...
– Жаныӊдагы ким?- деп келиндин жүзүнө үӊүлө берген апасы таӊ кала түштү.
– Апа, үйгө киреличи, мен баарын түшүндүрүп берем,- деди Тимур. Болгон окуяны айтып, ата-энесинин маӊдайында отурду.
– Былжыраганыӊды токтот!- деп столду тарс эттире уруп тура калды атасы. Ак чачтары сербеӊдеп, көзүнөн чаар чымын учуп кетти. – Мен сени ушуга даярдадым беле, былжыраган акмак? Сенин теӊиӊ ушулбу, ыя? Бирөөнүн аялын жетелеп келип жыргатып салгансып алам дейт!
– Ата, биз бири-бирибизди...
– Үнүӊдү бас, акмак! Муну азыр кайсы жерден алып келсеӊ, ошол жерге жеткирип бер! Эгерде антпесеӊ, өзүм Карыпбек Абышевичке чалып алып кет катыныӊды деп айтам.
– Ата, сен антпейсиӊ, ата, токто!
Бөлмөдөн чыгып кеткен атасы Карыпбектин номурун тере баштады.
– Алло, досум, уйкуӊ мынча катуу, коюнуӊда жаткан катыныӊ кайда жүргөнүн билесиӊби?- деди ачуусуна туттугуп.
– Эмне деп жатасыӊ?
– Урматтуум, сен азыр уктап жатсаӊ, жаш катыныӊ менин уулум менен кол кармашып үйүмдө отурат. Тез кел да, эсирген секелегиӊди алып кет. Мен куттуу босогомду
аттатпайм!- Тимурдун атасы ачуусу менен дагы далай нерселерди айтты да, телефонду коюп койду. Бөлмөгө кирип келип аялына сөөмөйүн кезей берди.
– Ушунун баарына сен күнөөлүүсүӊ! «Балам токтолот, жаш» деп калкалап жүрүп ушуну кылдыӊ! Мен бул үчүн эмне гана кылбадым? Чет өлкөдө окуттум. Кадырлуу башымды ийип кимдерге гана барбадым? Мунуӊдун кылганы ушул. Бирөөнүн аялын алып келип үйлөнөм дейт.
– Ата, макул, мен акмакмын. Бирок Аделдин ичиндеги небереӊди эмне кылмаксыӊ?..

(Уландысы кийинки санда)

Жакында...
Жанардын жашоосунун бир бөлүгү Москванын метролорунда өтчү. Жумушка бармай-келмей... Бирок ал капысынан дал ошол метродон өзүнө өтө эле тааныш жүздү көрүп чочуп кетти. Жок, мындай болушу мүмкүн эмес! Ал өлдү деген, азасын күткөн, канча ирет жоктоп ыйлаган адамдын жүзү болчу. Анын түбөлүккө жумулган көздөрүн, көгөргөн, муздаган эриндерин өксүп ыйлап өпкүлөбөдү беле?! Өзү көмбөдү беле?! А бул тирүү жүрөт го... Кантип?! Мындай болушу мүмкүн эмес. Көргөн көздөргө ишенүү кыйын болду. Бирок тагдыр ага бул эле эмес, мындан башка да чечилгис түйүндөрдү, ойго келбес бурулуштарды даярдап койгон болчу. 
Урматтуу окурман, чыныгы жашоодо кездешкен окуялар баяндалган «Джи» сериалын сунуштайбыз. Сандан санга калтырбай окуӊуз!


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 661-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 662-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 663-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 664-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 665-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 666-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 667-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 668-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 669-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 670-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 671-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 672-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 673-сан
Комментарийлер(19)
05.10.2015. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен биринчи
05.10.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен биринчи
05.10.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzyk jerine kelgeendeeeeeeee baikuw kelin emne bolotken emi.
05.10.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен учунчу экемин го
05.10.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен тортунчу , йолки эми не болот?
05.10.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен 4чу дагы бир жума кутуш керек
05.10.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карыпбек Абышевич экоону соет турбайбайбы )))
05.10.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талашып сарсана болбогула мен давноо кооруп буткомун киносун хахахах
06.10.2015. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dasta,корсонуз айтып койунузчу аягы кандай болот???
05.10.2015. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх суйуу. Мен да суйгум келтат
05.10.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болот эми
06.10.2015. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бир нерсе болот ...
06.10.2015. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне болот экен аа???
06.10.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ХХХ эле койбойбу Адел.,
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-06 14:01:10
06.10.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adik01219, этика нормаларын сактаңыз!
07.10.2015. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экөө тең чыныгы акмак турбайбы! Чала болот дагы... Ушул нерсенин (ойноп жүргөндүн) арты качан жакшылыка алып келчи эле?
08.10.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аделдин тагдыры эми эмне болот абдан табышмактуу болуп калды гоо
09.10.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барын эле кыжалатсынарго..
Болотурган иш болот да..
28.11.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ уландысын кайактан окусам болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо