Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАЛИБДЕР ООГАНСТАНДЫН КУНДУЗ ШААРЫН БАСЫП АЛЫШТЫ

№674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж

28-сентябрда түнкү саат 3төр чамасында талибдер Ооганстандын Кундуз шаарына кол салышкан. Ал күнү кечинде согушкерлер шаардын теӊ жарымын өздөрүнө каратышса, эртеси толугу менен басып алышкан. Учурда шаардын борборунда согушкерлердин желеги желбиреп турат. Мындан тышкары талибдер шаардагы түрмөдө отургандардын бардыгын эркиндикке чыгарып жиберишкендери да айтылууда. Дүйнө коомчулугу Кундузду басып алуу согушкерлердин 14 жылдагы алгачкы чоӊ ийгилиги катары баалашууда. Мындан соӊ Ооганстандын өкмөттүк аскерлери шаарды бошотуп алуу үчүн согушкерлерге каршы чабуул баштаганы кабарланган. Соӊку маалыматтарга таянсак, өкмөттүк армия талибдерден шаардык түрмөнүн жана провинциянын полиция башкармалыгынын имаратын кайтарып алышты. Буга кошумча АКШнын согуштук учактары да согушкерлерге абадан сокку урганын НАТО билдирүүдө.
Айта кетсек, Кундуз шаарынын калкы 100 миӊден ашуун жана шаар аркылуу бир катар стратегиялык жолдор кесилишет. Ал эми провинциянын өзү Тажикстан менен чектешкендиктен, согушкерлерден коӊшулаш тажик туугандар да чочулап турган чагы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
05.10.2015. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дуйнодо тынчтык болсо экен.
05.10.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынчтык эле болсунчу...
05.10.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынчтык болсунчу
05.10.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун карап турушат башкалар.Бут дуйнонун кучу жетсе керек эле.
05.10.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тажик менен кыкен бекем болуш керек етиет шарт!
06.10.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыр заман белгилери уруш коп болуп жатат олум кобойду
06.10.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Золотой миллиард деген чын окшойт.
06.10.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Орусия Сирияга чабуул урса, Америка Афганстанга чабуул урса.. Канча деген адам өлдү го... Эми кудай өзү сактасын кыргызстанымы
07.10.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле акыр замандын белгилери болуп жатат.. согуш көбөйгөнү, ар кандай агымдардын көбөйүшү...
07.10.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адамдын оозунда болсо Алланын кулагында дейт,эмнеле акыр заманды чакырып атасынар,Бир нерсе болсоле кыяматтын белгиси деп,кудай озу сактап тынчтык болуп балдарыбыздын жакшылыгын королу десенер
07.10.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meka_060790, акыр заманды чакырбасак да келүүчү нерсе да, күн өткөн сайын өлүмгө жакындагай, барган сайын акыр заманга жакындайт экенбиз...
08.10.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман деген тушунунукту туура тушунуп туура кабыл алыш керек. Акыр заман десе эле адамдардын кырылып калганын тушунуу туура эмес деп ойлойм. Дуйно учун эн глобалдуу маселелердин бири болгон учунчу дуйнолук согуш башталып кетсе, ошол жаман. Ал эми акыр заман деген эски адамдардын тушунугу. 21-кылымда жашап жатабызбы деги элдер?!
08.10.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман келе жатат деген ушул да.адамдар бири бирин кырып жатып эле жок болобуз.
11.10.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асманда учуп коргошун,
Ааламда согуш болбосун.
Аккалпак кыргыз жеримде,
Ар дайым тынчтык орносун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо