Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МОСКВАДА ЗОРДУКЧУДАН КАЧКАН КЫЗ 7-КАБАТТАН КУЛАП КЕТКЕН

№674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж

Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиздин көпчүлүгү Орусиянын аймагында тиричилик кылып, ар кандай жумуштарда иштешет. Көр тириликтин айынан бирөөнүн жеринде иштеп жүргөн жарандарыбыздын арасында оор кырдаалдарга туш болуп, запкы жегендери да көп. Төмөндөгү окуяда өз жердешинин көрсөткөн зомбулугунан качам деп көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан кулап кеткен кыргыз кызы тууралуу сөз болмокчу.

«ОРУСИЯНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ»
20-сентябрда Орусиянын борбор калаасы Москва шаарынын Демьян Бедный көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен зордуктоо кылмышына шектелип кыргыз жараны колго түшкөн. Анткени андан бир күн мурун ал ушул үйдүн батирлеринин биринен 20 жаштагы кыргыз кызын зордуктоого аракет кылганда, кыз 7-кабаттан кулап кетип, оор абалда ооруканага жеткирилген.
Бул окуя тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМинин маалымат кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жергиликтүү полиция кызматкерлеринен кыргыз жарандарына тиешелүү маалымат түшкөн. 19-сентябрь күнү ооруканага К.А. аттуу 20 жаштагы Кыргызстандын жараны оор абалда келип түшкөн. Анын жамбаш сөөгү сынып, көкүрөк сөөгү менен өпкөсү жабыркаган жана башка орчундуу жаракаттарды алган.
Орусиядагы биздин өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин маалыматына караганда, 20 жаштагы кыз 7-кабаттан кулап кеткен жана анын кулап кетишине себепчи болгон адам да Кыргызстандын жараны. 19-сентябрда Шавкат Акимов аттуу Талас облусунун тургуну болжол менен күндүзгү саат 3 менен 6лар аралыгында Москва шаарындагы батирлердин биринен өзүнүн мекендеши, 20 жаштагы К.А. аттуу кызды зордуктоого аракет кылат. Күч колдонуп анын аялуу жерлерин ачып, кийимдерин тытып керебетке сүйрөп барыптыр. Кыйноо жолу менен зордуктап жатканда кыз каршылык көрсөтүп жатып эптеп бошонуп ашканага качып чыгат. Жабырлануучу кылмышка шектүүнүн кайрадан зордуктоосунан коркуп ашкананын балконунан алдыӊкы кабаттын балконуна секирип түшүүнү көздөйт. Бирок ал кармана албай, 7-кабаттан жерге кулап түшкөн. Учурда бейтаптын абалы оор дешүүдө. Окуя болгондун эртеси бул кылмышка шектүү катары Шавкат Акимов аттуу 31 жаштагы жаран окуя болгон батирден колго түшүп, Москвадагы убактылуу кармоочу жайлардын бирине киргизилген. Бул кылмыш боюнча Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 131 (зордуктоо) жана 132-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

«ЭКИ КҮНДӨ 200 МИӉ РУБЛЬ АЛЫП КЕЛБЕСЕӉ, ООРУКАНАДАН ЧЫГАРЫП КЕТ ДЕП ЖАТАТ»
Жабырлануучу окуяга кандайча туш болгонун апасы Гүлшан айымдан сурап билдик. Гүлшан Абдиманапова учурда бир буту жумушта, бир буту ооруканада болуп жатканын айтат. «Азыркы тапта кызымдын абалы оор, эсине келип сүйлөп калганы менен кыймылсыз абалда»,- дейт ал.
– 2009-жылдан бери Москвада иштеп, бала-чакамды багып келем. Бул кызым 5 баламдын экинчиси. Атасы Өзгөндө турат, бирок аны менен чогуу жашабайбыз. Атасынын туугандарына да окуя тууралуу кабар бердик. Учурда кызымды кантип Кыргызстанга алып кетебиз деген маселе менен жүрөбүз. Бүгүн оорукананын врачтары «койка үчүн 200 миӊ рубль төлө, мындан сырткары операцияга да 600 миӊ рубль керек. Башка жардам бере албайбыз. Айтылган каражатты бербесеӊер, бейтапты ооруканадан чыгарып кеткиле» дешти. Кызымды сөөктөрү бөлүнгөн абалда каякка алып барарымды билбей жатам. Бул абалында Кыргызстанга алып кетиш үчүн учактын билетине эле 150 миӊ рубль керек экен. Доктурлардын аны алып барып кайра келиши, медициналык жабдууларды кошкондо эсебим жетпей кетет. Кызымды ушундай кырсыкка кириптер кылган адамга наалат! Учурда бутум жеткен жердин баарына арыз жазып, жардам сурап кайрылып жатам.

«ҮЙҮМДҮ ЖЫЙНАП БЕР ДЕП ЧАКЫРЫПТЫР»
– Кызым Москвадагы Туризм институтунда 3-курста окуйт. Ишемби, жекшемби күндөрү кошумча жумуш таап иштечү. Буга чейин кыймылдай албай калган кары-картаӊ адамдардын үйүн жыйнап иштеп жүргөн. «Үй жыйнап берем» деп интернетке жарыя илип койгон экен. 19-сентябрь, ишемби күн болчу. Кызым «үйүмдү жыйнап бер» деген чалуу боюнча айтылган дарекке барса, батирде жалгыз жигит бар экен. Анын ою бузулуп, үй жыйнап жүргөн кызыма кол салып, зордуктоого аракет кылып баштаптыр. Акыры мына ушундай окуя болуп жатат. Кийин ал жигиттин ошол батирдин 1 бөлмөсүн ижарага алып жашаарын билдим. Экинчи бөлмөсүндө башка үй-бүлө жашачу экен. Ошол күнү үйдө андан башка киши болбоптур.
Үч күн кызымдын дайынын билбей, такыр байланыша албай койдум. Сарсанаа болуп издеп жүргөнбүз. 3 күндөн кийин гана мага Москва шаардык Боткин атындагы клиникалык ооруканадан телефон чалып билдиришти. Барсам кызым жандандыруу бөлүмүндө экен. Учурда абалы оор. Эптеп бутуна тургузуп алсам, Кыргызстанга алып кетет элем. Орусиядагы биздин элчилик азырынча тобокелге барбай турушумду айтышууда. Себеби доктурлар «кызды жолдо алып жүргөн учурда ден соолугуна кепилдик бере албайбыз» дешүүдө. Учурдан пайдаланып мекендештеримден жардам сурайм.

«БЕЙТАПТЫ АЗЫРЫНЧА КЫРГЫЗСТАНГА АЛЫП КЕТҮҮ КООПТУУ»
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева маселени жеӊилдетүү иш-аракеттерин көрүп жатышкандыктарын айтат.
– Окуя 19-сентябрда катталган экен. Бизге бул боюнча маалыматты жергиликтүү полиция кызматкерлери билдиришти. Учурда жабыр тарткан жаранга көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын жеӊилирээк жолун издеп жатабыз. Орусиянын мыйзамы боюнча, бардык чет өлкөлүк жарандар эгер медициналык камсыздоосу болбосо, жеӊилдетилбеген баалар менен акы төлөйт. Бейтаптын андай камсыздоосу жок экен. Элчиликтин атынан аталган оорукананын жетекчилигине жана Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу катын жолдодук. Эгер жеӊилдетүүлөр же кандайдыр бир жардам болуп калса, бейтапка алгачкы операцияны бул жактан жасатып, андан соӊ Кыргызстанга жөнөтүүгө аракет кылабыз. Коомчулук да бекер турбай, бирин-экин каражат топтоп жаткандыгынан маалыматым бар. Элчилик болгон мүмкүнчүлүгү менен маселенин чечилишине күч жумшоодо. Эгер оорукана жетекчилиги бекер операция жасоого макул болбосо, авиакаттам аркылуу Кыргызстанга алып кетүү жолдорун да сүйлөшүп жатабыз. Бирок кыздын азыркы абалында бул өтө коркунучтуу.
«Учурда окуя боюнча Орусиянын укук коргоо кызматкерлери иш алып барышып, тергөө иштери жүрүүдө»,- дейт ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү. Элчилик болсо тергөө иштерине аралашпаганын билдирди. «Бизге деле тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ашыкча маалыматтар берилбейт. Бардык нерсе жергиликтүү мыйзамдардын негизинде ишке ашат»,- дейт элчилик кызматкерлери.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(63)
05.10.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай уурсун сендей ззокурду келесо
05.10.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Депутаттар шайлоого карата миллиондогон акчаларды керексиз эле чачышты бирок ушундай жардам сурагандар чыксале таппай каласын аларды,Кудай учун жардам берип койушса болот.
05.10.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне дешти да билбей калдым турмодо чирип кетсин
05.10.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми турмөдө сени зордуктайт дечү беле
05.10.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх жаман болуптур жараткан Аллахым шыфаа берсин
06.10.2015. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол акмакты да жетинчи кабатка алып чыгып туртуп жибериш керек .Бир жакшына кызды майып кылып
06.10.2015. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш кыз жакшы болуп кетсин кудай шыпаасын берип,уй жыйнайм демекчи,менин да бир досум уй жыйнайм деп интернетке жарыя берип койгон экен,бир жигит звонок кылып,массаж кылганды билесинби деп сураптыр,ошон учун сак болгула кыздар!
06.10.2015. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Потриоттор каякта журушот ыя??? Кыйын экен ушу кызга жардам беришсин??Же зордуктаган айбанды барып тел.тартып алып жарыя кылышсын.Кыргызстанда мвндай мээси иштебеген эркектер да бар деп
06.10.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurzada1992,айтканына кошулам. Жаман окуя болуптур, баарыбызга ыйман берсин кудайым.
07.10.2015. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurzada1992,тууптура
06.10.2015. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип жардам берсе болот экен , апасынын номерин берип кое аласыздарбы ? Мен Санкт Петербургда элем , сураныч ...
06.10.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omur_alay,"Сбербанк" картанын номери: 4081 7810 4382 9614 1651 (Гүлшан Абдиманапова М. картасы) Жардам көрсөтүүнү каалоочулар мага купуя менен жазып койсоңуздар болот. Апасынын номерин берем.
08.10.2015. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлжан Асанкожоева,гулшан еженин номерин жазып коюунчу сураныч купуя киралбай койдум 89268641631
06.10.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафурлах бир жакшына кыз олум менен алышып оор абалда жатат. Аллахым дартын берген шыпаасын берсин,апасына сабыр берсин Амиинь. Ушул абал га салган баланын жазасын берсин.
06.10.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намыстуу Кыз экен.зордогон эркектерди жанагысын кесип ташташ керек зокон чыгарыш керек болбосо улана берет. Атып таштасан тез кутулуп каласын оной эле олуп калат. Тугунон кесе камалып чыгып деле эчкимге бара албай жазасын алат.
06.10.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жардам көрсөтүүнү каалоочулар мага купуя менен жазып койсоңуздар болот. Апасынын номерин берем."Сбербанк" картанын номери: 4081 7810 4382 9614 1651 (Гүлшан Абдиманапова М. картасы)
06.10.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бир кудай озу билет ал комнатада андьп олтурбаган сон окуяньн чоо жайьн корбогон сон бирдеме деш кьйьн
06.10.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ким билет эмнеден эмне чькканьн
06.10.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордукчу [moderated] окшойт. Патриоттор ХХХХ ХХХХ ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-07 09:51:14
07.10.2015. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lilia11, провокация жаратпаңыз! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
06.10.2015. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кызга акчалай жардам берүү үчүн банктан шот ачтырса жакшы болмок экен.. Россияда иштеген мекендештер мындай нерсени депутаттарга караганда жакшы түшүнөт..колдорунан келген жардамын беришмек...Эртерээк сакайып кет!! Тиги зөөкүр гө жараткан Аллах өзүнүн жазасын берсин!!!
07.10.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrashit.Satylganov, саламатсызбы!
Комментарийлердин арасына журналист банктагы эсеп номерин жазып кеткен. Байланышсаңыз болот.
07.10.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кана патриоттор кайдасынар???!!! ХХХХ ХХХХ ХХХХ ХХХХ???ким билет балким ушул патриоттун биридир.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-07 09:53:29
07.10.2015. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
svan,алар чыныгы жигит эмес учун да алсыз аял кишиге кол которуп 10чактысы жалгыз кызга кучун корсотот да бул ХХХ да ошолорун катарындагы ХХХ.Биз патриоттор мындай жардам корсоттук оор акыбалдагы кызга деп видео киргизсе чыныгы эркек аталышмак.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-07 09:54:12
07.10.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mira28, этика нормаларын сактаңыз! Азырынча эскертүү!
07.10.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
svan, провокацияга жол жок! Эскертүү!
07.10.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаh сактаптыр кызды, шыфаа берсин! Аллаh өзү жардам берсин! Берки заалымды сот жазасын берсин, бирок Аллаhтын жазасы катуу!
07.10.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандайга акмакчылык
07.10.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак эркектер толуп кетти, ушундайлар жакшылык корбосун. Байкуш кыз мен куракту эле экен. Айыгып кетсин
07.10.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оздорун патриот атагандар эркектик, адамдык сапаты жок эн алсыз экендиктери белгилуу го. Патриоттор дагы ушул акмактын катарындагы эле сойруйгон немелер да 10 20 болуп алышып кыздарга калп эле куйгон болуп оздорунун арам ойлорун ишке ашырат ошол видеого тартып, токмоктоп эле тим болот дейсинерби алардын максаты башка, ойлору арам. Иши кылса алар дагы ушундай эле зордукчу наалат баарына.
08.10.2015. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аравиядан Кыргызстанга келген Human Apple International кайрымдуулук коомунун мучосу Али Аюб деген жардам бериши мумкун !
адрес:Бишкек ,Джал Юго-Западный ,Детский госпиталь 65
АЛЛАХ жардам берсин сиздерге !!!
08.10.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоого аянбастан акчаларын чачкан талапкерлер жардам берип коюшса болмок!Сооп иш кылсанар.
09.10.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
все просто осуждает бла бла бла а толка нету.не подумайте что я поддерживаю насильника нет!и я осуждаю и проклинаю.я к тому что у нас изменились восприятие и взгляды на мир и на все . а самая главная ценности и образ жизни у нас сегодня не правильное(по моему мнению). почему не правильное? потому что все женится(выходит замуж) под 30-40 а надо девушки от 15-20
парни 18-22 и тогда строить семью будет означать новостройка. а сегодня это перестройка, это очень сложно. от этого разрушаеться
09.10.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
семья
09.10.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
и что мы в итоге получаем? таких слабых людей(зверей)!!!
11.10.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да кыз айыгып кетсин а ушундай эркектерге ыйман берсин
11.10.2015. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаа берсин ылайым,дартты берген шыпаасын кошо берсин,бул кундорду корбогондой болуп кетсин,апасына Кудайым сабыр,ден-соолук берсин,узаак жашап бактылуу болгула
11.10.2015. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым озундон башка эч кимге муктаж кыла корбо
14.10.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олгону калса кочодогу жайнаган бузулган кыздарга барбайбы 10гулунун бири ачыла элек кыздын бактысына балта чаппай, анан келип кыздары кунолошот намысы жок деп.Кудайым озу шыпаасын берип сакайып кетсин.Тиги балага наалат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо