№674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
«Жөжөнү күздө санайбыз» демекчи, өлкөбүздө үгүт иштери аяктап калганда жылдыздарыбыз шайлоодон тапкан кирешесин санап кирген мезгил. Биз да бул нерсеге кызыгып, жылдыздарга«үгүт иштеринен тапкан каражатыӊызды кайда жумшайсыз?» деген суроо менен кайрылдык.
АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ:
– Мен «Бир бол» партиясынын үгүт иштерине жардам берип жатам. Керектүү жакка сарптай турган деле көп каражат албайм. Албетте, жол кире, тамак-аш, жатакана партиянын эсебинен. БАКЫТ БАЙСАРИЕВ:
– Быйылкы үгүт иштерине катыша албай калдым. Жайында 3 партиядан сунуш түшкөн. Бирок аз калганда менин ставкамды көп дештиби, айтор, келише албай койдук. Бир партияга күнүнө 300 доллардан төлөп бергиле деп айткам, 1 ай иштесем, эӊ эле көп дегенде 10 миӊ доллар болмок. Бирок алар «бизде алып баруучуга анча акча бөлүнбөйт» деп макул болбой коюшту. Бир партиянын администратору «тапканыӊдын 30 пайызын мени менен бөлүшөсүӊ» дейт. Мен «1 ай маӊдай терим менен иштейин, анан силер орто жолдон 30 пайыз ала бересиӊерби?» деп айттым. Бир чети үгүт иштерине катышпаганым деле жакшы болуптур. Ал жакта ырчылар, алып баруучулар катаал шартта иштеп, мейманканага батпай калгандар бейтапканага түнөгөн учурлар болуп жатыптыр.АЯНА КАСЫМОВА:
– Бардык чыгармачыл адамдардай эле мен да үгүт иштеринен тапкан каражатымды клип тартканга, жаӊы ырларды жаздырганга жумшайм. Мындан сырткары окуума керектейм. Билимимди өнүктүрүү максатында кошумча ийримдерге барсамбы деп турам. Ата-энем менен тапкан акымдын ондон бир бөлүгүн кайрымдуулукка сарптайбыз деп кеӊешкем.НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА:
– Быйылкы үгүт иштеринде жолдошум Максат экөөбүз чогуу иштедик. Буюрса, шайлоодон тапкан акчабызга батир сатып алсакпы деп пландап жатабыз. Экөөбүздүн теӊ үйүбүз бар, бирок кыймылсыз мүлктү алып койсок зыяны жок. Максат экөөбүздүн чогуу иштеп тапкан үйүбүз болуп калат да.ДОБР:
– Үгүт иштеринен тапкан каражатым үй салууга жетпейт. Үй-бүлөбүз менен салып жаткан тамыбыздын курулуш иштери көптөн бери акча тартыштыгынан улам токтоп калган эле. Буюрса, ошол үйүбүздүн ичин жасалгалаганга жумшайм.НУРМАТ САДЫРОВ:
– 2013-жылы жол кырсыгына кабылып, мен айдап жүргөн байкемдин унаасы жарабай калган болчу. Үгүт иштеринен тапкан каражатыма байкеме унаа сатып бердим. Учурда айдап жүргөн унаамды алмаштырышым мүмкүн. Ошондой эле чыгармачылыгымды өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Буюрса, хит ырларды жаздырып, клип тарттырам. Күзүндө концерт берүүгө камынып жаткам. Бирок элдер бекер концерттерге сугарылып калды. Ошондуктан ал планым артка жылды.
Динара Абдыкадырова,
Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |