Ростислав Ященко, «Азия Микс» командасынын оюнчусу: «КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАТРИОТУ БОЛГОН ОРУС БАЛАМЫН»

№674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж

«Азия Микс» командасындагы кыргызча так сүйлөгөн орус жигитин билет чыгарсыз. Мына ошол жигит Ростислав Ященко «айылда кыргыз досторум менен жарамазан айтып жүрүп эле кыргызча үйрөнгөм» дейт. Сахнада, тасмада, кала берсе жашоодо да шайыр жүргөн Ростислав биздин гезитке алгачкы жолу маек берип жатканын айтат. Анда Кыргызстанды сүйгөн орус жигити менен маек назарыӊыздарда.

РОСТИСЛАВ ЖӨНҮНДӨ

Толук аты-жөнү – Ростислав Ященко, достору үчүн жөн эле Рося
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 27-февраль
Туулган жери – Ноокат району, Найман айылы
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин театр жана кино бөлүмүн бүтүргөн.
Баалаган күлкү жаратуучусу – Сергей Светлаков, Дмитрий Соколов
Жакшы көргөн тамашасы – Күтүлбөгөн жерден айтылган тамашалардын баарын жактырат

– Салам, Ростислав! «Азия Микс» командасы Орусиянын КВНиндеги Жогорку Лиганын жарым финалына өттүӊөр. Оюнга даярдыктар кандай?
– Саламатсыздарбы?! Жарым финалга даярдыктар мыкты. Азыр биз команда менен Москвадабыз. Жеӊишке болгон мүмкүнчүлүгүбүз башка командалар менен бирдей эле деп ойлойм. КВН – бул спорт эмес, канча мыкты даярданба, жакшы тамашаларды койбо баарын көрүүчүлөр, калыстар чечишет. Айрымдарга күлкүлүү болсо, кээ бирлерине күлкүлүү эмес болот. Андыктан биз болгон аракетибизди жумшап, эӊ күлкүлүү тамашаларды жазуу менен алекпиз.
– Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы жылуу мамиле силердин жеӊип калууӊарга таасирин тийгизиши мүмкүнбү?
– КВН саясаттан алыс. Эки өлкөнүн ортосунда кандай мамиле болбосун ал оюндун жыйынтыгына таасирин тийгизбесе керек. Балким, мен, биздин команда билбеген нерселер бар чыгар, баарын көрө жатарбыз.
– Кеп нугун жеке өзүӊө бурсак, сендеги таланттын эпкиндерин качан байкагансыӊ?
– Бала бакчада жүргөндө эле элдик ырларды жаттап айткан активдүү бала болчумун. Ал эми КВНге алгачкы жолу 1-класста катышкам. Анда Славян университетинин командасы менен чыгып, аталган окуу жай тууралуу ыр айткам. Ошондон бери КВН менин жашоомдун бир үзүмү болуп жүрөт. Мени Орусиянын 1-каналынын эфиринен көрүү апамдын кыялы эле, биринчи жолу көргөндө көзүнө жаш алып абдан толкунданыптыр.
– Кыргызча сүйлөгөнүӊдү угуп калган элек, азыр көпчүлүк жаштар кыргыз тилин билишпейт да, сен кантип үйрөндүӊ эле?
– Кичинемде Рамазан деген досум бар эле, мен ага орусча, ал мага кыргызча үйрөттү. Ал экөөбүз Рамазан айында жарамазан айтып жүрүп эле кыргызча жакшы сүйлөп калдым. Бирок 1-классымда борборго көчүп келип орус мектепке киргем, апам мени кайсы мектеп жакшы болсо, ошол мектепке окуткусу келчү. Ошентип жүрүп көп мектеп котордум. Орус мектепте окугандыктан кыргызчаны да унута баштадым. Бирок азыр адабий тилде сүйлөөдөн кыйналганым болбосо, күнүмдүк пикир алышууда кыргызча жакшы эле сүйлөйм. Акыркы күндөрү досум Аскат Табалдиев «учургуч», «жаргылчак» деген кыргызча сөздөрдү үйрөтүп, тилимди сындырып жатат.
– «Азия Микс» командасына кантип кошулуп калгансыӊ?
– «Азия Миксти» чогуу түзгөнбүз. 11-классымда КВНде ойноп жүргөнүмдө Элдияр Кененсаров көрүп калып, чогуу иштешели деп Казакстанга чакырган. Ал жакка барып 1-курсумда Казакстан КВНинин чемпиону болгонбуз. Андан кийин «Большие люди», «KG club» долбоорлору түзүлдү, баарында чогуу иштедик. Кесибим актёр болгону менен, өзүмдү КВНден таптым. КВНчи деген кесип жок, ошого өзүмдү шоуменмин деп эсептейм. Анткени бизде тойлор көп, кыз узатуу, тушоо той, үлпөт той, кыскасы, ушул тойлордо алып баруучулук кызматты аркалайм.
– Көпчүлүк КВНчилердин максаты Москваны багындыруу эмеспи. Сенин максатыӊ да Москваны багындырып, ошол жакта иштеп калуубу?
– Ооба, Москва шаарын багындыруу ар бир КВНчинин кыялы болуш керек. Бирок ал жакта иштеп калгым да, жашагым да келбейт. Чыгармачылыгымды Кыргызстанда калып, ушул жакта жашап улантсам дейм. Дүйнө жүзүнө белгилүү боло турган долбоорлорду ойлоп тапкым келет. Мага сахнада даяр тамашаны аткарып койгонго караганда, ошол тамашаларды жазган жагат. Мына ошолорду юморду сүйгөндөр деп ойлойм. Дагы бир максатым дейминби же кыялымбы, айтор, сиздерге күлкүлүү угулушу мүмкүн, бирок Бишкек шаарынын мэри болуп, шаарга өзгөртүү киргизгим келет. Элди күлдүрсөк эле бизди маскарапоз деп ойлошот, ошондуктан олуттуу маселе чечүү деле колдон келерин далилдесем дейм. Кыскасы, Кыргызстандын патриоту болгон орус баламын.
– Кеп нугун жеке жашооӊо бурсак, жүрөгүӊ бошпу?
– Сүйлөшкөн кызым бар, аты Наталья. Ал ири уюмдун директору, кээде анын жумушуна кол кабыш кылып турам. Экөөбүз көп жылдан бери чогуу жүрөбүз.
– Көп жылдан бери чогуу болсоӊор, үйлөнүү тою жакын экен да?
– Мен бул нерсеге такыр башкача көз караштамын. Өзүм көп үйлөнүү-үлпөт тойлорду алпарып көрүп-билип калгангабы, азыркы коёндой окшош тойлор мен үчүн эместей. Үйлөнүү той мен жана сүйүктүүм үчүн эле болушу керек. Түгөйлөр тойго чейин чогуу жашоо-тиричиликти көрүшү керек. Бизде болсо сүйдүм-күйдүм, анан той, үйлөнгөндөн кийин көйгөйлөр чыгат да, аны көтөрө албай ажырашкандарды көрүп жүрөм. Андыктан үйлөнүү той мен үчүн эӊ акыркы орунда турат. Башкысы – түгөйлөр ортосундагы мамиле, көйгөйлөргө туруштук берүү жана чогуу жашап, бири-бирин сынап көрүү.
– Маегиӊе ыраазычылык.

«Азия Микс» – бул менин үй-бүлөм, оюнчуларга бир тууганымдай мамиле жасайм».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(21)
05.10.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын Рося, тилин сынганы жактыда.
05.10.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyaldar orundalat , Rosya!!!
05.10.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын,ийгилик!!!
05.10.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодец, респект. А можно убрать из команды эту узбечку.
06.10.2015. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец ;) удачи
06.10.2015. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Рося акыры районду котордунор Баккыт братан экоон )))
06.10.2015. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жердешим болмок экенсинго борборго кочуп кетпегенинде биздин айылда торолгон экенсин
07.10.2015. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
windows.kg,jerdesh-perdesh degender besyat da.
09.10.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
windows.kg,кочуп кетсе да торолгон жери эсеп жержешин болот
06.10.2015. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодеееец.ты просо супер
06.10.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйомго суйом .
06.10.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын!!!ишинерге ийгилик дагы да коп коп тамашаларды аткара бергиле!
07.10.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nege videosu jok?
07.10.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин коментим жок го...
08.10.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zara-919, саламатсызбы!
Себеби, сиз бул макалага комментарий жазган эмессиз.
07.10.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы. Кыргыз кыз жокпу командага кошуп алганга.
08.10.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сары молодец. КВНде бир гана Кыргызстан улутка болушпойт тажик,казак,озбек,кытай,турмон,орус деп. Бул балдарды Орто Азия колдош керек себеби ушул балдар Орто Азиянын улутар арасындагы достукту даназалап келет.
09.10.2015. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Рося,алга!Сендей кыргыздын азаматтары кобое берсин.Экобуздун туулган кунубуз,жылыбыз бир экен.
10.10.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар Азия микстин балдары кобу кгуста дан чыгышкан
10.10.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулар менен сыймыктанам!!! Молодцы. Ийгылик силерге.
10.10.2015. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Патриот деп ушундай эркектерди айтат.Ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо