Сагынбек Момбеков, ырчы, обончу: «ОТУНБАЕВА БЕРГЕН УНААНЫ БАКИЕВ АЛЫП КОЙГОН»

№674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж

Саясий ырларды гитара менен ийинине жеткире ырдаганы, анан калса өзүнө гана тиешелүү болгон өзгөчө аткаруу манерасы менен таанымал Сагынбек Момбековду маекке тарттык. Ал оппозицияда жүргөн күндөрү, чыгармачылыгы, ырлары тууралуу кенен кеп куруп берди.

Блиц-анкета

МОМБЕКОВ САГЫНБЕК ЖАМАНКУЛОВИЧ
1954-жылы
– Таластын Бакай-Ата районунда төрөлгөн
1973-1978-жылдары – Медициналык институтта окуган
1978-80-жылдары – Аскердик милдетин өтөгөн
1980-жылдан тарта – Эл арасында ырдап келет
Репертуарындагы ырлар: «Сат, сат», «Кайф заман», «Кайдыгерлик», «Аппак кар», «Тамаша айтсам күлөсүӊбү?», «Чыркырайт чындык», «Корком» жана башка (жалпысынан 300дөй обон, ыр, күүлөрү бар)

– Сагынбек агай, сизди эл «Сат, сат», «Кайдыгерлик», «Кайф заман» өӊдүү ырларыӊыз менен тааныйт. Мына ушул ырлар кандайча жаралып калды? Эмнеге жалаӊ коомдогу терс көрүнүштөрдү ачыктаган ырларды ырдайсыз?
– Адатта ырчылардын көбү сүйгөндө ырдайт го, мен күйгөндө ырдайм деп койсом болот. Бирок жалаӊ эле саясий багыттагы ырларды ырдабайм. Жаш кезимде үйлөнүп, бир кыздуу болгондон кийин аскерге кеттим. Москвада аскердик милдетимди аткарып жүрүп жубайыма арнап «Тамаша айтсам күлөсүӊбү?» деген ырымды жараткам. Кийин бул ыр аябай популярдуу болуп кетти. Азыр да ырдалып жүрөт. Мындан сырткары балдарга да арналган ырларым бар. Эл оозунда көп ырдалгандарынын бири «Тоголонуп топтой, топтой, тоӊобуз деп коркпой, коркпой» деген саптары бар «Аппак кар» деген ырым да бар.
– Кечиресиз, ушул «Аппак кар» деген ырды балалыкта мен да ырдагам. Бирок сиздики экенин билбептирмин...
– Сен эле эмес, көбү биле бербейт. Мунун сөзүн акын Шайлообек Дүйшеев жазган. Ал экөөбүз филармонияда бирге иштеп калганбыз.
– Демек, сиз филармонияда артист болуп иштеген экенсиз да?
– Кайдан?! Мен көшөгө түшүргүч, отургуч ташыгыч болчумун. Чыгармачылыкка жакын болоюн деп эле кирип алгам. Бирок жетекчилер мени артист кылбай коюшту. Ошентип иштеп жүргөн кезде Шакеге келип, «балдарга арнап ыр жазчы, ошолор ырдай турган ыр жараталы» дедим. Кыш болчу. Филармониянын жанындагы мектепте балдар кар киши жасап, томолонуп-жумаланып ойноп жатышкан. Шакеге «мына буларды карап эле жазчы, топтой тоголонуп ойноп жатышат» десем, Шайлообек «болду, Саке» деп ойлонгон боюнча үйүнө кетти. Эртеси текстти көтөрүп келиптир. «Аппак кар» ошентип жаралган.
– Мени артист кылбай коюшту дедиӊиз...
– Мектепти бүтүп борборго келсем, Искусство институтуна кабыл алуу бүтүп калыптыр. Жөн эле жүрмөк белем, окуй берейин деп медициналык институтка тапшырып, ал жакка өтүп кеттим. Бирок көӊүлүӊ жок болсо окугуӊ келбейт экен. Тиш доктур болмокмун, боло албадым. Ооруп, жан дүйнөм кысылып чарчап кеттим. Студенттерге өлүкканадагы өлүктөрдү ташытышчу, мен да өлүктөрдү ташып жүрөм, бирок жан дүйнөмдө ырчы болгонумду элестетем. Ошентип жүргөн күндөрдө азыркы жубайым менен таанышып баш кошуп, аскерге кетип калдым. Аскерден келип музыкалык билимим жоктугунан филармонияга кара жумуштарды жасаган жумушчу болуп кирдим. Акырындап сахнага чыгып артист болуп кетем дегем. Бирок мени билими жок деп чанып коюшту.
– Антсе да кайсы бир күнү сахнага жол ачылгандыр...
– Элдин баары аккордеон менен ырдап жүрсө, мен гитара кучактап жүрүп калдым. Элдей болуп аркырайт, жаркырайт деп мактоо ырын эмес, «Кайдыгерлик» деп боздободумбу.
Сахнага ырдап чыкканым да өзүнчө окуя. Бир концертте ал кездеги популярдуу ырчы Асанкалый Керимбаев 8-9 ыр ырдады, калгандары да. Анан арасына бирөөнү кошуш керек да. Ошондойдо күнүгө жумушка гитарасы менен келген мен эптеп кыпчыла калып, концерттин жүрүшүндө кошулуп кеттим. «Жөн эле гитара чертесиӊ» дешкен. «Ооба» деп туруп «Кайдыгерлик», «Күтмөй» деген коомчулуктагы көйгөйлөрдү ачыктаган ырларды ырдап таштадым.
«Кайда барсаӊ күтмөй, күтмөй.
Кайда барсаӊ эсеп,
Кайда барсаӊ кезек.
Бүтпөй турган күн дагы бүткөн өӊдүү,
Жадакалса, өлүмдүн да арты ким деп күткөн өӊдүү» деген саптары бар эле. Муну уккан эл дүркүрөтө кол чаап, жакшы кабыл алды. А мен сахнадан чыгып эле качып жөнөдүм. Концерттин режиссёру Таштан Жолдошбеков деген киши артымдан келе жатат, мен токтобойм. Акыры жетип келип, «Саке, көрсө, сенде талант бар турбайбы. Мындан кийин ырда, мен тоскоол болбойм» деген.
– Эми, агай, саясий өӊүттөгү ырларыӊыз тууралуу сөз козгойлу. Кантип митингдерде ырдап калдыӊыз?
– Акаевдин кезинде Кыргызстан Швейцария болот деп чыкты. Укмуш өнүгөбүз, жыргайбыз деди. Ошондо отуруп алып «Кайф заман» деген ырды бийликке тийишип ырдагам. «Кайф заманды» ырдап жатканда «А кайф заман, а кайф заман» деп созом. «Акаев заман» дегендей эле угулат. Бийликтин камчысын чапкан УКМКнын кызматкерлери артымдан аӊдып жүрө беришчү. Алар сураса, «кайф заман деп ырдап жатам, Акаевиӊе тийишкен жокмун» дечүмүн. Митингдерге бирөө-жарым чакырып ырдап бер деген эмес. Өзүм барып ырдап баштагам.
– Кезинде бийликтеги адамдар менен да жүрүп калганыӊыз бар. Ыраазычылык катары белек бергендери да болгон дешет? Мисалы, ошол эле Бакиев Волга унаасын бериптир деп жүрүшөт...
– Жо-ок. Муну мен «Отунбаева берген байталды Бакиев келип кайта алды» деп күлүп жүрөм. Волганы Роза Отунбаева тышкы иштер министри болуп турганда берген. «Акаевди кетиргенге сенин да салымыӊ бар, жөө жүрүпсүӊ, муну пайдаланып тур»,- деп мамлекеттин эсебиндеги унааны берген. Кийин аны Бакиев алып койду.
Бийликтеги адамдар менен жүрүпсүӊ деп калдыӊ, ал боюнча айтсам, мен оппозицияда эле жүрөм. Улам бирине үмүт артып, ушулар оӊдойт деген ишеним менен элди ойготоюн деп ырдайм, анан эле бийлик алмашканда кемчилик көрсөм бетке айтып салмайым бар. Ооба, Алмазбек Атамбаев менен да, Роза Отунбаева менен да жүрдүм. Эсимде, бир ирет Таластан Роза Отунбаевалар болуп келе жатып Өтмөк ашуусунан жол тайгак болуп унаабыз жүрбөй калды. Ошондо «эже, эми капотко жатыӊыз, ошентип унааны оорлотуп ашуудан чыгалы» деп аны капотко жаткырып өткөнбүз. Далай эле оор күндөрдү өткөрдүк.
2009-жылы президенттик шайлоодо Атамбаевге колдоо көрсөтүп ырдадым. Ошондо шайлоо учурунда Икрамжан Илмиянов мага бир ай шоопур болгон. Икрам экөөбүз
Атамбаевден мурун жер-жерлерге барабыз, мен ырдап элди чогултам, анан Атамбаев келип сүйлөйт. Ошондогу оппозициячылар Сагынбек Момбековду бара-бара унутуп кетишти. Мага могуну бергиле деп деле сурабайм. Бирок менин да эмгектеримди баалап коюшса болмок. Мен да күн-түн дебей элим ойгонсун, демократия үчүн күрөшсүн деп үй бетин көрбөй гитарамды алып аракет кылганмын да.
– Үй бетин көрбөй 20 жылдан ашык ырдапсыз же бир наам албаптырсыз. Өкүнбөйсүзбү?
– Жок, өкүнбөйм. Ырдасам элим үчүн ырдадым. Наамым жок, бирок мен эл ырчысына айландым. Жеӊил-желпи бир нерсени ырдап ырчы болуп, Эл артистин алгандар да бар. Балким, мен деле ошентсем эбак Эмгек сиӊирген артист наамын алып калмактырмын. Бирок мен чындык деп көгөрүп ырдай бердим. А чындык деген ошол наам бергичтерге, бийликке көп жага бербейт да.
– Азыр эмне иш кылып жатасыз?
– Азыр айылдамын, Бакай-Атада. Күнөскана куруп, ошону үй-бүлөм менен иштетип жатам. Байбичем болсо «болду эми, тынч жашайлы» дейт. Комуз менен күү жаратып, кыӊылдап ырдап калам. Кээде чакырган жерлерге барып ырдап коём. Бирок азыр да адилетсиз, акыйкатсыз көрүнүштү байкасам, бетке айтып жибермейим бар. Унчукпай тура албайм.

Мирлан Өмүралиев
star@super.kg


"Отунбаева берген байталды Бакиев келип кайра алды" дейт Сагынбек Момбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
03.10.2015. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик!!!
Медиа-портал
03.10.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз!!! Чарчабай кайра чыгармачылыкты чыйралтыныз.
Медиа-портал
03.10.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырларын кайра-кайра уктум. эн сонун маек . дагы жаны ырларды кутобуз. Саясатчыларды сындаш керек.
Медиа-портал
03.10.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул байке Текебаев байке экообу дайымале оппозицияда калып калышат) Ошол убагында ырдаткандар акчасын убагында беришкендир... Чыгармалары жакшы, ийгилик!
SUPER.KG видео
03.10.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче копчулук укпаган дагы башка ырларыныз бар экен. Жалпы ыр топтомдорунузду жыйнап Супердин порталына жуктоп койсонуз соонун болоор эле..
SUPER.KG видео
03.10.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилетсиздиктин "козун чыгарган" сиздей адамдар коп болсун деп тилейм.
Медиа-портал
03.10.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Отунбаева берген байталды, Бакиев келип кайра алды"- деген создору жакшы экен, бирок бул создор менин чон атамдын ырларынан алынган экен деп ойлоп калдым, себеби чон атам убагында советтик бийликти сындап
Маленков берген байталды,
Хурущов келип кайра алды,
жургуло балдар, ээр токумду которуп,
уйду коздой кайталы
деп ырдаганы эл оозунда калган
SUPER.KG видео
04.10.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакты. Гитараны кантип уйронсом болот
05.10.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев замана Акаев заман сонун жазылган
05.10.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
отунбаева берген машинаны бакиев алып койгону жакты, отунбаеваны бакиевден кийин келген деп жургон экем:-)
05.10.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
отунбаева берген байталды,бакиев келип кайра алды деген созу жакпады мага,бакиевдей эч кайсы президент иштебеди окшойт.
07.10.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lensk, ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ.Бакиев учурунда эмнени кыйратты жаш балдардын жанын кыйып кыргызстанды канга боеп качып кетти
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-07 17:03:47
07.10.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdf, аймактык бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган! 1 күн БАН!
05.10.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бакиев кеткенден кийин келди элего Роза ханышабыз анан бир волга учун келип алып койуптурбу?
06.10.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shariparaiana,

Жакшылап окусан макаланы. Тушунбой туруп эле суйлой берет экенсин да сен.
07.10.2015. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shariparaiana,"Okuu, okuu jana okuu "W.I.L.
08.10.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FSB,бул Лениндин созу эмес. Куранда айтылган соз
07.10.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shariparaiana,жакшылап окусан Волганы Роза Отунбаева тышкы иштер министри болуп турганда берген деп жазылып турат ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-07 17:02:37
07.10.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdf, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! Эскертүү!
07.10.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Момбековдун ырларын кайдан тапса болот?
07.10.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanchik9, саламатсызбы!
Биздин "Медиа-порталдагы" тизмеде бар:
http://www.super.kg/media/?search_term=издөө...&search_author=973&media_search=1&x=11&y=8
07.10.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат. Таптым коптон бери издеп жургом.
08.10.2015. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ. Кантип аудиоклип жуктосо болот форумга?
08.10.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanchik9, саламатсызбы!
Аудио жүктөө жоболору: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007
20.04.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сагынбек ага, сиздин ырларыңыз мыкты, сизди анык демократ акын деп баалаш керек.Эмгек сиңирген артист, Эл артистин албасаңыз да сиз мыктысыз, бетке айткан адамды бири да жакшы көргөн эмес,сизди эл баалайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо