Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Анжелика, «2014-жылдын сахна ажары» наамынын ээси: «ООБА, ӨЗҮМДҮ ПИАРЛАЙМ. БУЛ БААРЫНЫН ЭЛЕ КОЛУНАН КЕЛЕ БЕРБЕЙТ»

№674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж

Дүйнөдөгү эӊ сулуу аялзаты – бул кош бойлуу айымдар. Алардын бири ажарына чыгып, бүгүн-эртеӊ көз жарам деп турган ырчы Анжелика менен баарлаштык. 3-наристесин күтүп жаткан бул айым жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маек курду.

– Кандайсыӊ, Анжелика? 3-наристеӊди күтүп жатасыӊ. Кош бойлуу кезиӊ кандай өтүп жатат?
– Жакшы, чыгармачылыктын үстүндө өзгөчө өтүүдө. Февраль айынан бери гастролдо жүрөм. Ош, Баткенге чейин барып келдим. Бүгүнкү күнгө чейин үгүт иштерине катышып жатам. Балам курсагымда эле жүрүп менин ырларымды жаттап бүттү го (күлүп). Баары «наристеӊ сөзсүз бийчи же ырчы болот» деп тамашалап жатышат. Кудайга ыраазымын, кош бойлуулугум жакшы өтөт. Ысып, суусаганым болбосо, бир нерсеге талгак болуп кыйналбайм.
– Ай-күнүӊө жетип калсаӊ, балага зыяны тиет деп кооптонбой элесиӊби?
– Ден соолугум жакшы болгонунан кооптонгон жокмун. 40 мүнөттүк жол жүрүп Ошко самолёт менен барып келгеним болбосо, унаа менен узак жолдо жүргөн жокмун. Учурда Бишкек шаарындагы үгүт иштерине катышып жатам. Концерт көп убакытты албайт. Балким, үйдө отурсам буулугуп кетмекмин. Күндө боёнуп, жасанып элдин алдында ырдоо мага стимул берүүдө.
– Наристенин ким болушун тилек кылып жатасыӊ?
– 2 кызыбыз бар экенин билесиздер. Улуусу Айыма 2-класста окуйт. Кичүүбүз Элима 5 жашта. Элимага «уулбу же кызбы, курсагыма башыӊды жөлөп сурасаӊ?» деп калам. Ал «Мен кыз болушун каалайм. Анткени аны жумшайм, чачын тарайм. Эмнеге Айыма эле мени жумшай бериши керек?» дейт. Жолдошум экөөбүз кыз же уул деп күткөн жокпуз. Кудайым 5 жылдан кийин наристе берип жатат. Анын аман-эсен төрөлүшү маанилүү. УЗИге барганда «ымыркайдын жынысын айтпагыла, мен үчүн ден соолугу башкы орунда» дейм. Эгер уул төрөлүп калса, Умар деген ысымды камдап койдук. Ал эми кыз болсо, эки кызымдын аттарына уйкаштырып ысым тандайбыз.
– Кайда барба сени жолдошуӊ жандап жүрөт. Мындан улам «бийлик Анжеликанын колунда» дегендер да жок эмес...
– Мен жолдошума баш ием. Атабыздын сөзүн эки кылбашыбыз керек. Муну кыздарым да билишет. Эгер аял тыӊ болсо, балага жакшы тарбия берет, жолдошун да жакшы карайт, иштейт. Акыркы учурда жолдошумдун жанымда көп жүргөнүнүн себеби кош бойлуулугума байланыштуу. «Бир нерсе болуп кетсечи» деп кооптонуп, мени эч кимге табыштай албайт. Менин жанымда жүргөндө анын жүрөгү тынч болот.
– Маегибиздин нугун чыгармачылыкка буралы. Сен тууралуу биографиялык тасма тартылып жатканын укканбыз. Ага качан күбө болобуз?
– «KG club» долбоору тарабынан тасмага тартылуу сунушу түшкөн. Сценарийи менин жашоомо окшошуп кетет экен. Фильмде ырчы айымдын сахна артындагы кыйынчылыктары, сүйүнүчү, кайгысы баяндалат. Менин каарманымдын апасынын ролуна актриса издеп, келбети жагынан окшошун таппай койгонбуз. Апамдын актриса болом деген кыялы бар болчу. Ал бул тасмага чейин эле аталган долбоордун кастингине барган эле. Тартуучу топ «сага апа таптык» деп өзүмдүн апамдын сүрөтүн көрсөтүп жатышпайбы (күлүп). Ал «50 жашта болсоӊ да кыялыӊ орундалат турбайбы» деп кубанды. Ошентип экөөбүз бир тасмада роль жаратып калдык. Кинонун бет ачары кыш айларына пландалган.
– «Аялдын амалы кырк эшекке жүк» деп коюшат. Айтсаӊ, амалкөйлүгүӊдү кандай учурларда колдоносуӊ?
– Албетте, аялзаты амалкөй болуп жаралганбыз. Мен күнөөлүү болсом жылмайып, күнөөмдү моюнума алып, адамды жибиткен жакшы сөздөрдү айтып көӊүлүн жубатып алам.
– Адамдарга маанайыӊа жараша мамиле жасайсыӊбы?
– Мага көп учурда «бой көтөрөсүӊ» дешет. Мен болгону ким кандай мамиле жасаса, өзүнө жараша жооп кайтарам. Мени жактырбаган адамга жакшы сүйлөп жагынайын деп аракет кылбайм. Андай нерседен өткөм. Баарына эле жага бербейсиӊ да. Ал үчүн периште болушуӊ керек.
– Кол алдыӊдагы кызматкерлерге кандай жетекчисиӊ?
– Кол алдымда эч ким жок. Кызматташкан адамдарым десем туура болчудай. Биздин жумушта «мен жетекчи, сен жөн гана жумушчусуӊ» деген түшүнүк жок. Ортодо келишим түзүлсө ал кагаз боюнча калып, адамгерчилик, достук мамиле биринчи орунда турат.
– Сүрөттөрүӊдү социалдык тармактарга жүктөп жатасыӊ, көз тиет деп корккон жоксуӊбу?
– Жолдошум менен түшкөн сүрөттү көп жарыялагым келбейт. «Бакыт тынчтыкты жактырат» дейт, ошого ишенем. Эки кызым кош бойлуу кезимде бир да жолу сүрөткө түшпөптүрмүн. Сүрөткө түшсөм эле бир нерсе болчудай туюлуп, кооптоно берчүмүн. Мунусунда болсо аялзатына келген бактылуу убакытты сүрөт менен кармап калууга эмнеге болбосун деп атайын фотосессия кылдым.
– Сени өзүн «пиарлаганды» жакшы көрөт» дешет...
– Интернеттеги баракчаларыма сүрөт жүктөбөй калсам, күйөрмандарым «эмнеге сүрөт жүктөбөй калдыӊыз, жеке жашооӊузда бир нерсе болдубу?» деп жазышат. Эгер мунун баары «пиардай» туюлса, анда ооба, өзүмдү «пиарлап» жатам. Негизи, сүрөттөрүм аркылуу айымдарга стимул бергим келет. Жөн отурбагыла, жарашыктуу кийингиле, өзүӊөрдү карагыла, балдарыӊарга кам көргүлө деген ойду жеткизсем дейм. Бул нерсе ар бир адамдын эле колунан келе бербейт болуш керек (күлүп).
– Жолдошуӊдун депутаттыкка талапкер болуп жатканын кулагыбыз чалды эле. Бирок тизмеден көрүнбөйт...
– Жолдошума 5 жыл мурун саясатка аралаш деген сунуш түшкөн. Мени менен акылдашканда «жакшы иштерди жасоо – ар бир инсандын милдети. Аны депутат болбой туруп деле жасаса болот. Сен депутат болсоӊ, бирөөнүн сөзүн угушуӊ керек. Айткан сөзүӊдөн кайтпаган сага кыйын болот» дегем. Ошондон кийин бул сунушту кабыл алган эмес. Азыр депутаттыкка талапкер болгон байкесине жардам берүүдө. Саясатка келүү үчүн тажрыйба топтоо керек. Учурда такшалып жатат. Балким, кийинки чакырылышка аттанып калышы мүмкүн.
– Маегиӊе рахмат, аман-эсен көз жарып ал!


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Анжелика: "Ооба, өзүмдү пиарлайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  21 
Комментарийлер(157)
Медиа-портал
07.10.2015. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уулгоооо...... Супсулуу кыздааа Анджела.....
07.10.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец
07.10.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжеликанын уккулуктуу голосу да жок го бир да ырын уккун келбейт бул ич куйгондук эмес андан коро супер инфо уну жагымдуу ырчылар м.н маек кургулачы сураныч
SUPER.KG видео
07.10.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын кандай экенин жанында жургондо Гана билсе болот,бирок бул эже мага аркетчилдилиги мн аябай жагат,
07.10.2015. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айчурок иманаливага коруном деп аракет кылганы мн, ага жетпейт да
07.10.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
2014 сахна ажары емес, сахна ХХХ десе туура болмокко))))) тамаша албетте сулуусун бирок куусунго менимче
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-08 10:05:59
08.10.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aruwka.89, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! 5 күн БАН!
07.10.2015. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Башыма жун чыккандан бери Анжелика ырдап келгенин билем Бирок бир да ырын толук укпагам. Ырчы деп Г Сатылганова, Каныкейлерди айтаар элем ырларын уккан сайын уккун келет. Башкалардын деле бакыты тоодой Бирок алар ар кадамын суротко тартып соц сайттарга чаптабайт го. Бул коралбастык эмес мен Анжеликанын ордунда болсом уялмакмын "20 жылдан ашык сахнада журом бир ават ырым жок кой ырчылыкты жыйыштырайын уят" деп.
08.10.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АНжелика сулуулугу сулуу бирок косметика менен,анан ашыкча эле бой которуп озуну башкача сезип алганынан жана жасалма боло бергенинен коп адамдар жактыра бербейт болушу керек деп ойлоймун!
09.10.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Santta, ким жактырсын жасалманы.
08.10.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
анжелика жагат мага.кумирим дагы.силерди эч ким кыйнабайт анжеликаны ук деп.анжеликанын куйормандары болбосо АЛА ТООГО аншлаг менен концерт бербейт эле го.эмгекчил..амалкой..бут баарынн конулун таап суйлойт .прям поражаюсь ушундай кыйын эже..анжелика керек болсо элита ырчылардын катарына кирет.анжелика эже дагы спокойная мен Анжелика эжедей сулуу..бай..бактылу болсом вообще жер менен баспайт болчумун..мисирейип
08.10.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжелика уйдо жакшы кожейке деп коргондой эле айтасыгарго, ал кочодо жакшы. Кууу
09.10.2015. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжеликада ун жок жеткиликтуу эмес. Эмгектенет бирок эл арасына тарабайт ырлары. Бир жалп этип очкон ырчылардын ырлары да кыйла эл арасына тарайт эмеспи. Озун - озу пиарлап рейтингин тушурбой келет. Аракетчил чындыгында.
Айчурокко кошулуп эле аты чыккан.
09.10.2015. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир курбум да айткан эле. Анжеликанын мунозу начар. Салонуна кирсен кыздарына начар мамиле кылат, апасы менен акча талашып урушкан деп. Жогоруда колдонуучулар да айтып отту ушу сыяктуу коргон билгендерин.
Уй-булосу сырттан бактылуу корунот, уй-ичинде да бактылуу болсун! Неси болсо да аман болсун!
09.10.2015. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким эле бул? Видео коралбай жатам го Супер Инфо?
09.10.2015. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sayana, саламатсызбы!
Видео ырчы Анжелика тууралуу. Телефон менен киресизби? Жоопту купуя менен жөнөтсөңүз.
09.10.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Сарыбаев, Омурбек Андарбеков деген алтын ундор менен маек кургулачы.
09.10.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dobrajelatel, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
Медиа-портал
09.10.2015. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтыш керек сулуулук жагынан сулуу эле, эми ото болбосо дагы сахнага ылайыктуу.Бирок бир дагы хит ыры жок, эптеп бир демелерди ырдай берет.
09.10.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алган эри жарашса, кара катын ак болот
09.10.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG Элмурат деген да ырчыбыз бар эле сураныч ошол жигит жонундо да маалымат бериниздерчи!
09.10.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sezim.A, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
09.10.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пиарлаш ар кимдин колунан келе бербейт депсин,эмнеге андай деп ойлойсун,озунду эр ойлосон,озгону шер ойло!!!
09.10.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсыздарбы Супер Инфо,Роза Аманова Алтынай Нарбаева Саламат Садыкова,Гулнара Кахарова,ырчы жигиттерден Автандил ушулардан деле интервью алып койунуздарчы жана уйуно коноко барып чыгарышынарды биз куйормандары кутобуз,баякы эле Мирбек Нурлан.Насип Анжелика Дайыр ушуларды аябай коп чыгарасынар андай болсо эл тажап кетет деп ойлоймун!
09.10.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sandrana, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
09.10.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур. Бактысы озуно кут болсун. Жакшы аман-эсен коз жарып алыптыр, кыздуу болду деп окуп калдык. Мен озумдун уч кызым бар, кудайым кааласа уч кыз тороп, аларды эрезеге жеткирген аял бейишке чыгат деп коет.
09.10.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белгилуу кайсы ыры бар?
10.10.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сын айтып кыйын болуп кетишет тимеле
10.10.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика эже томондогу коментарийлерге коп конул бурбаныз,тем боле боюнузда болсо,жон гана кулагыныздын сыртынан кетириниз.Чынында бул бакыттын баарына татыктуу айымсыз!))
10.10.2015. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу боло бер. Унундон башкасы баары сонун.
10.10.2015. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш талкуулапсыңар бул кыз ким өзү?
11.10.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzstanda yrdyn maiyn chygaryp jakwy yrdagan yrchylardan 5 6 ele bolso kerek azyrkylar kalp ele 2 yr jazdyryp talanty jok ele akcha mn ele zvezda bolup juruwot chyndap jivoi yrdatsan nol da
12.10.2015. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Анжелика жагат сулуу айым жана 3-чусун коз жарганы жатат дагы жылсайын торой берсин, мага озгочо уну да жагат ырлары да уккулуктуу анан озунун кылыгыда бир укмуш суйлоп атканда уккун эле келет
12.10.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shazi, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
Медиа-портал
14.10.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм Анжелика кызыныздын омуру узун болсун! Бул жалган дуйнодо уч кыз тороп, остуруп кыздарынын бактысына кубо болгон айымдар чын дуйнодо бейиш элинен болушат дейт. Сиз бактылуусуз, жеке жашоонузда да чыгармачылыгынызда да ийгиликтер коштоп журсун! Сизди аябай сыйлайм.
12.01.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ит үрөт..Кербен жүрөт.."-дешет. Каттуу тийсе кечиргиле бирок, ал алдыда болгону учун силер артынан суйлоп жатсанар керек. Анын ырын угуп же укпашынар, анын кылык жооруктары силерге жагыш жакпашы НЕ ВАЖНО. Анын оз жашоо принциптери бар.!
Бактынызга коз тийбесин..Ийгилик!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо