БЕШИК БООӉОР БЕК БОЛСУН!

№674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж

«Автомат» атыккан төкмө акын Жеӊишбек Жумакадыр 25-сентябрь күнү уулдуу болду. Мындан сырткары акындын 3 кыз, 1 уулу бар. Мураскерлүү болгонуна кубанган Жеӊишбек мырза: «Учурда уулумдун да, энесинин да саламаттыгы жакшы. Атын Нурбелек койдум»,- деп сүйүнүчү менен теӊ бөлүштү.
Ырчы Гүлзада Рыскулованын да үй-бүлөсүндө толуктоо болуп, 24-сентябрда жолдошуна балканактай уул төрөп берип, кубанычы артып турган маал. Энелик мээримин төгүп, баласынан чарк айланып турган Гүлзада айымга куттук айтып, азыноолак суроо узаттык.
– Бешик бооӊуз бек болсун! Кичинекей чоӊоюп жатабы? Кыйналган жоксузбу?
– Рахмат! Төрөт жеӊил болду, уулум 3 килограмм 900 грамм салмакта төрөлдү. Курман айт күнү жарыкка келгендиктен, чоӊ атасы «өз аты менен төрөлдү» деп Курманбек
деген ысым ыйгарды.
– Кимге окшош экен деген суроо көп берилет эмеспи. Өзүӊүз кимге окшоштуруп жатасыз?
– Көргөндүн баары эле «атасына окшош экен» деп жатышат. Мен кара торумун, балам атасына окшоп ак жуумал. Мага деле окшош жактары бар.
– Адатта улуу балдар апасын бөбөгүнөн кызганат эмеспи. Агасынын инисине болгон мамилеси кандай болуп жатат?
– Балам «качан төрөлөт?» деп күн санап, бөбөгүнүн төрөлүшүн аябай күттү. Азыр ал 12 жашта, кызгана турган учурдан өтүп калды да. Бош убактысы болсо инисин эркелетип жанынан чыкпайт.
– Кыргызда баланын кыркы чыгып, эне тыӊыганча төркүнүндө болот эмеспи. Азыр каяктасыз?
– Шаарда, өз үйүбүздө элемин. Төркүнүмө барган жокмун. Азыр жолдошум кол кабыш кылып жеӊилимди жерден, оорумду колдон алып жатат.
– Уулуӊузга өмүр, сизге ден соолук каалайбыз!

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(6)
05.10.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
келечектеги ырчылар жарыкка келишиптир да омурун берсин.
05.10.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала торолгону эле жакшы. Ыймандуу балдар болуп чоноюшсун
06.10.2015. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ымыркайлар аман-эсен торолуп,чоңоюп,ата-энелериндей кыргыздын жакшы уулдарынан болушсун, Алардын ата-энелерине да ден-соолук, ийгилик каалайм
06.10.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кабар экен! Бешик боо бек болсун!!! Гулзада Курманбекти катыра ырдачуу эле мына эми мынтип Курманбекги озуно насип боултур!
06.10.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курбан айт болсо керек Курман айтпы же
08.10.2015. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жениш мырза бешик боо бек болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо