ДЖИ (сериал)

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

Эмнегедир ошол жылы сентябрь абдан жамгырлуу болгон эле. Жанар таң эрте университетти көздөй кол чатырга жашына чуркап бара жаткан. Үчүнчү курс... Кесиптик сабактар башталган кез... Нөшөрлөп төгүп жаткан жамгырдан качып, шашып бараткандардын арасынан бирөө көзүнө илине калды. Жаанды да, жаандан качкан элди да тоготпойт, шашпайт. Кыз экен. «Буга эмне болгон? Бирөөгө таарынган неме го» чуркап баратып ушуну ойлогонго үлгүрдү. Кыздын жанынан төрт-беш кадам өтө бергенде кыз капысынан:
– Бизде чыныгы мырзалар калбай калганбы?- деп кыйкырып жиберди. Жанар токтой калды.
– Сен мага айтып жатасыңбы?
– Биз дароо эле сенге өттүкпү?
Жанар унчукпай катып туруп калды. Сөз таппагандыктан эмес, тек гана кыз жакындай бергенде анын көздөрү Жанарга укмуштуудай жагымдуу туюлуп кетти. Сууланган чачтары анын жүзүнө жабышып, бир ажайып.
– Ме!- деди Жанар кол чатырды сунуп. Бул ирет кыз дендароо боло түштү. Ак көйнөк, кара шым кийип, тим эле мектеп окуучуларындай жасанган жигит жок эле дегенде кечиресиз деп аны менен катарлаш басып, кол чатыр алдында аны менен таанышууга аракет кылат деп ойлогон. Бирок жигит кол чатырды карматты да, андан ары сумкасын башына коё сала кээде көлчүктөрдү чалпылдата кечип чуркап кетти.
Жанар аудиторияга жылмайган боюнча кирип келди. Бул жылмаюу сабактар аяктаганча анын ууртунан тараган жок. Окуу жайдан чыкса, жамгыр дале жаап жатыптыр. «Хе, сулуу көздөр үчүн кол чатырыңды садага чаптың эле. Мына эми, шөмтүрөп жүрө бер» деп өзүн-өзү шылдыңдап алды да, чуркап жөнөдү. Аялдамага чейин жетип алса ал жерден баш калкалайт да, андан ары автобус менен үйүнө жетип алат. Тилекке каршы, аялдамада баш калкалап тургандар абдан көп экен. Ал четте тагдырына баш ийип, жамгыр алдында тура берди. Автобус келе жаткан жокпу деп жолду карай бергенде машина зуу өттү да, жол жээгине чогула түшкөн суу Жанардын башынан бутуна чейин чачырап жатып калды. Кум аралашкан суу анын оозуна да кирип кеткен эле. «Туй ата, ушул эле жетпей жатты эле!» Жанар кейип жиберди. Ак көйнөгү баткак сууга чыланып, эртең мененки майрамга барчудай болгон түрүнөн кабар жок. Калп эле кийимдерин күүмүш болуп маңдайын караса, автобуста эртең менен анын кол чатырын алган кыз отурат. Жанарды карап жылмайып алган. Бүктөлгөн кол чатырды кармап, автобустун айнегине тык-тык этип эки-үч ирет чаап күлүп койгону жигитти жиндентип жиберди. Жанардын күлгөнгө дарманы жок эле. Автобустун өз үйү жакка барбасын билсе да түшүп алды. Элди аралай түз эле жылмайып отурган кыздын жанына келди.
– Алган нерсени кайра бериш керек,- кол чатырды кыздын колунан орой жулуп алып, таарынган түр менен алдыга өтүп кетти. Аялдамадан жерге түшкөндөн кийин гана үйүнөн чыкканда окуу жайга барып-келгенге эле жол кире алганын, азыр кол чатырын ала коём деп кете турган жол киресин коротуп койгонун түшүндү. «Туй ата!» деди ал ичинен.
– Чоң жигит!- капысынан артынан кыздын үнү угулду. Караса тигил кыз турат. – Сага кыздарга кандай мамиле кылышты үйрөтүшкөн эмес беле?- кыз орусчалап сүйлөп жатты.
– А сага алган нерсени кайра бериш керек деп үйрөтүшкөн эмес беле?-Жанар кыргызча жооп берди.
– Акыл-эсиң ордуңдабы? Бейтааныш эле кишиге кол чатырыңды таштап коюп, анан кайра доолайсыңбы? Азыр мени автобустан көрүп калбасаң, кол чатырың эсиңе да келбейт болчу.
– Сага жакшылык кылган адамды шылдыңдап күлгөн туура эмес.
– А мен сени шылдыңдаган жокмун. Жөн эле күлдүм.
– Айырмасы канча?
– Айырмасы, шылдыңдасам мына, лох деп күлмөкмүн. А мен сенин түрүңдү көрүп алып мына, клоун деп күлдүм,- кыз буларды айтып жатып кармана албай дагы жылмайып алды.
– Сен аябай сулуу экенсиң. Бирок ичиңде ит өлүп калыптыр,- Жанар бурулуп басып кетти.
– Ах, сени! Эмне мынча оройсуң? Мени менен жадакалса тыңыраак сүйлөшпөй туруп ичиңде ит өлүп калыптыр деп кантип айтып жатасың?- кыз безилдеп анын артынан калбай келе жатты.
– А сен эмне, өзүңдү жакшы адаммын деп ойлойсуңбу?- Жанар суроолуу тиктеп токтоп калды.
– Ооба, жаман адам эмесмин.
– Анда жол киреге 5 сом берчи. Үйгө кете албай жатам,- Жанар кызды жылмайып тиктеп койду.
– Күлкүлүү экенсиң.
Жигиттин жылмайганы анын азыр эле ашып-ташып жаткан таарынычын жок кылып жиберди.
– Бересиңби 5 сом?
– Менин да жол кирем калган жок. Үйгө акыркы акча менен бара жаткам, сенин артыңдан түшүп келе берип...
– А мен кол чатырымды алам деп... Баса, менин атым Жанар.
– Меники Арууке. Мен бул жерге жакын эле жашайм. Сенин үйүң алыспы?
– Жаңы конушта.
– Жүрү анда, менин үйүмө чейин жөө баралы. Анан сага үйдөн акча алып чыгып берем. Экөө жөө басып жөнөштү.
– Кол чатырыңды кайра алдырып жиберем деп коркуп жатасыңбы?
– Эмнеге?
– Бүктөгөн боюнча эле кармап келе жатасың го,- деди кыз жылмайып. Жамгыр нөшөрлөп жаткан. Жанар да күлдү.
– Мына,- кол чатыр жазылды.
– Дайыма жигиттерге өзүң биринчи тийишесиңби?
– Хе, мен сага тийишкен жокмун. Эртең менен кол чатырымды унутуп калыптырмын. Анан универге баратсам, сен келе жатыптырсың. Жок дегенде ушул жигиттин кол чатырынын алдында жетип алайын десем, мага кармата салып кетип калдың. Баса, мен чын эле сулуу бекеммин?- кыз жылмайып алды.
– Ооба.
– Сыртым эле сулуу бекен?
Жанар жооптун ордуна тек гана күлүп койду. Аздан соң алар көп кабаттуу үйдүн алдына келишти.
– Тура тур, мен азыр,- Арууке подъездге кирип, аздан соң колуна акча кармап чыга келди. Бул окуядан кийин алар күнүгө жолугушчу болушту. Кандайдыр бир керемет күч буларды жакындата берди...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(22)
12.10.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо мен биринчи экемин. Жакшы чыгарма окшойт.
12.10.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ушуну кутмой болобуз бир жума.
12.10.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай кызыктуу окуя баарыбыздын башыбыздан откон, болгону келтире жаза албайбыз да... Студенттик кундор эске тушот экен.
12.10.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз олуп калат окшойт ээ же Жанар жоготуп алабыыы.....
12.10.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
прям корейский сериал коруп баштагандай болдум))
12.10.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык окшойт.
12.10.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аты эмнени тушундурот болду экен???
12.10.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык чыгарма екен тез бутуп калганы жаман болду дагы бир жума кутмой екенда еми
12.10.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле жакшы чыгарма экен,анан админ ДЖИ деген эмнени тушундурот жазып коёсуздарбы?
12.10.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Джи джи мага жакты чото джи.
13.10.2015. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы чыгарма окшойт.
13.10.2015. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы окшойт. Тагдыр оюунунан бери эле аябай кызыктуусун окуй элекпиз
13.10.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты))))
15.10.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
джи деген англис тамгасынын окулушу окшойт го. суроттогу кыздын далысында жазылып турат. менимче жанар олот окшойт
16.10.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А менимче кыздын эгизи бар. Кыз олуп калат. Анан метродон коруп калат. Анан ал экоо такыр башка адам. Апасы торогондо кедей болуп ошол учун кызын бироого берип койгон ж.б.у.с.
19.10.2015. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ, Сыймык Бейшекеевдин ырларын жуктоп койосуздарбы сураныч
19.10.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abytovka,
Саламатсызбы! Аткаруучунун өзүнүн суранычы менен порталдан ырлары алынган.
19.10.2015. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корей кинолоруна окшошуп кетет экен.... Сайттагы чыгармалардын китептерин кайдан тапсак болот??
23.10.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой биринчисинби, онунчусунбу айыпмасы канча. жаза бербегилечи тажатып "мен биринчии" деп кичинекей балдардай болбой
25.10.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
marmelad009, ха ха Алар окугандан башта Мен биринчи деп жазып койуп анан окушса керек
20.06.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээн башынан баштап кантип окуйбуз?
28.09.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элестетип окусаң ох чиркин сонунго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо