КАРГЫШ ТУКУМ КУУЙТ

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

Илгери мал уурдагандарды, адамдарга запкы көрсөткөндөрдү карышкырдын тарамышын кармап алып "ушундай карышып кал!" деп каргашкан экен. Эл арасында "Каргыш 7 атага чейин кубалайт" деген сөз бар. Мындай күчү бар каргыш деген эмне жана андан кантип кутулууга болорлугу элдик үрп-адат менен түшүнүктө, динде жана парапсихологияда кандай караларын чечмелейбиз.

«ОЙЛОП СҮЙЛӨБӨСӨҢ, ӨЗҮҢ ЖАБЫР ТАРТАСЫҢ»
Бердигул Темирбаев, тарых илимдеринин доктору, этнограф:
– Каргыш – бул адамдардын алгачкы коомунан бери келе жаткан түшүнүк. Ата-бабаларыбыз айтылган каргышка жараша адам өмүрүнө оору-сыркоо же кырсык аралашат, же тукумсуз болуп калат же көз жумуп кетет деп жөнү жок каргагандан карманышкан. Турмуштук каргыштан мисал келтирсек, Жеңижок Көксулууну жубайлыкка аларда Көксулуунун мурунку кайненеси «ылайым көшөгөң көгөрбөй калсын!» деп каргаган экен. Ошондон улам баласыз калган делет. Бул «баш чанды» деген түшүнүктөн улам айтылган.
«Кожожаш» эпосунда Сур эчкинин каргышынан улам Кожожаш аскада калып өлөт. Бул жаныбарлардын наалатына калбоо тууралуу эскертүү.
Кээде чоң апалардын балдарын «жаштайыңда жайрап кал!»,"өлүгүңдү көрөйүн!" деп каргап жатканын угуп калабыз. Эгер каргыш жетип небере чарчап калса эмне болот? Бата сыяктуу эле каргыштын да касиети болот. Андыктан "ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" дегендей, ойлобой каргап алып өзүбүздү, жакындарыбызды да жабыр тарттыруудан оолак бололу.

«МАЙЫП, ООРУКЧАН ЖАНА ЖАКЫРДЫН КАРГЫШЫ КАТУУ ТИЕТ»
Чубак Жалилов, диний аалым:
– Каргыш сөзүнүн синоними болуп «наалат» сөзү эсептелет. «Наалат» арабдардын «лаанат» деген сөзүнөн алынган. Ичтеги жек көрүү, кордук, жаны ачыгандыктан улам айтылган жаман сөз. Динде 3 адамдын: майып, оорукчан жана жакырдын каргышы катуу тиет деп айтылат. Ошондой эле өздөрүн азапка салган же карыганда бакпай койгон ата-эненин баласына каргышы, мусапырдын жана укугу тебеленген алсыз адамдын каргышы да катуу тиет делет.
Каргыштан кутулуу үчүн өзүн каргаган адамдан кечирим сурап, эгер ага материалдык жактан зыян келтирген болсо, анын ордун тургузуп берүүсү кажет. Эгер бала ата-энесинин (же бир тууганынын) каргышына калса жана алардын көзү өтүп кетсе эмне кылуусу кажет? Аларга арнап дамамат куран окуп, кеч болсо да кечирим сурап, алардын жек-жааты менен катташуусу зарыл. Каргыштан кутулбаса, кийин акыретте азабын тартат.

«АК АДАМДЫ КАРГАСАҢ, КАРГЫШ ӨЗҮҢӨ ТИЕТ»
Индира Исманкулова, парапсихолог, астролог:
– Сөздүн сыйкыр күчү бар. Каргыш – бирөөгө жамандык, бактысыздык алып келүү максатында айтылган сөз. Башкача айтканда, каргоо менен бирөөгө негативдүү энергияны жиберүү. Мисалы, кээ бир кайненеге жакшынакай эле келини жакпай калат да, кылдан кыйкым таап отуруп кетирип жиберет. Келин, албетте, жаман көрүп, каргайт. Каргыш кайненеге тийип ал ооруйт, кырсыктайт же башка болот. Эгер ак адамды каргасаң, анда каргыш ага тийбей, айланып өзүңө тиет.
Элде илгери бөрү жан-жаныбарларга, адамдарга көп зыянын тийгизгендиктен адамдар аны "карышып калгыр!" деп каргап жүрүп, аты карышкыр аталып кеткен деген уламыш бар. Андыктан эл запкы көрсөткөн адамды "карышкырдай карышып кал!" деп бөрүнүн тарамышын кармап каргашат.
Негизи, Жаратканыбыз каргышка калган адам менен кошо каргыш айткан адамды да сүйө бербейт. Ал бирөө жамандык кылып жатса да кечиримдүү болуп, аны каргаганга жетпөөнү талап кылат. Бирөөгө жаман айтпай, аяр мамиле жасап, кыянаттык кылбаган адамга байлык, ден соолук, бакыт токтойт. Көп адамдын каргышы тийген адам соо калбайт.
Сизди бирөө ак жеринен каргап жатса Кудайга койдум десеңиз, аны Жараткан өзү жазалайт. Каргыштын эң жаманы – «тукумуң соолгур, жатының куурагыр, көрүңдө өкүргүр!» дегендер. Кыскасы, каргышка калбоого да, каргыш айтпоого да аракет кылыңыз.
Кокус каргышка калсаңыз, анда андан кутулуу үчүн каргаган адамдын алдынан өтүңүз. Каргыштан өз учурунда кутулбаса, тукум кууй берет. Убагында каргыштан кутулбаган чоң атасы үчүн небере ага куран окутуп, бей-бечараларга дайыма жардам көрсөтүп, сообун чоң атасына багыштаса, анда укум-тукумга өткөн каргышты алып сала алат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(22)
12.10.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жинин келгенде эмне дегенинди озун билбей каласын
06.11.2015. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahali,жинин келгенде оттой куйосун ошондо сени шайтан поддержка кылат , оттуда эмне учурот ? Кенечно суу ))) ошон учун жинин келгенде барып даарат алсан жакшы болот деп уккам )))
12.10.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin kainenem kargangandi jakshi korot baaribizdi kargait bolbogon sozdor mn.tolko kuomdu kargabait bashka uul kizdar,koshuna,tuugan,taksist it mishik:)))) but kargait.meni da kargaganin ugup kalgam.aitsam kechirim surait men da kechirim suraim bir nerse nito kilip koisom kechirip koi dep kuchaktaship,obushup kaira ele kargai beret:). Bul durumda emne kilam. Ar kyny ele boloor bolbos nersege kargai berse emne bolom and
14.10.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
prenses, durum degen kyrgyzcha soz emes.
06.11.2015. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Komrad,бул журумдо же мындай боло берсе деп жатат ))
12.10.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жесир менен жетимдин да каргышы тиет деп уккам. Кудай сактасын, бирок абайлап суйлош керек.
12.10.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каргыш Ислам дининде эн чон 70 куноонун бири эсептелет. Каргыш айткан адамдын каргышы айтылган адамга жетпесе озуно кайтат. Ошондуктан эн туурасы ачууга алдырбай, каргыш айтуудан алыс болуу керек. Айтылган соз ,атылган ок. Ойлонуп суйлойлу.
12.10.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени чочутуп койду бул макала.. Базарда сатуучу болуп иштейм, Орусияда. Жакында эле бир өзбек аял менен кер- мур айтыша кетип, "менин жашыма жетпей кал!" деп каргап салды эле. Күйөөмө айтсам, "ар кимдин болбогон сөзүнө эле сарсанаа боло бересиңби, ар ким оозуна келгенин айта берет" деп жубатып койду эле.
12.10.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tynara81,Чочулап кайра кайра ошол айтылган соз эсинизге келе берсе "астагфирлох" деп кооп айтыныз
12.10.2015. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kobra86,Эң туура айтын
13.10.2015. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба туура. Ар бир ооздон чыккан соз жерге себилген дандай болот экен. Анан ал осуп кобоюп тушумун берет экен. Соз да ошол жерге себилген дан сыяктуу.Жакшы созду коп суйлосон жакшылыктарды оруп аласын,ал эми жаман создорду коп айтсан жашооно жамандык келет. бироону каргасан озуно кайтса да мейли Бирок ал озуно кайтпайт,бала-чакана,небере-чеберене,жакындарына тиет ошол каргыш келип.
13.10.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макала менида ойго салып койду.Каргыш жонундо маалыматым такыр жок эле.Окуп алып тан калдым.Мендагы жиним келгенде озумду кармана албай коп жаман создорду айтып салам.Арасында каргапда салат элем.Кудай озу кечирсин тооба калдым
14.10.2015. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Астагфуриллах...кудай сактасын,суук создон.Каргыштан корком мен да,бирок каргабайм эч,кудайга койдум деп коем ушунчалык эле откоруп жиберсе.
14.10.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата энесин таштаса, анан жетимдерди боздотсо жазасы болот, анан жон эки адам уруша кетсе душман болуп калып каргаса каргыш тие берсе анда адамдаркаргыштан олбойбу тугоп. Билбейм дагы, бул менин жеке оюм.
14.10.2015. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгер жесир аялды кайын журт жагынан кордосо эмне болот.Атам мн жалгыз агам торт жыл мурун каза болуп кылышты, азыр апамды атамдын бир туугандары уйундон кууп жатышат анткени уй чон атабызга каталып калган , эми апама келип бул чон атамдын бир тууган иниси балдары мн келип уй талашып жатышат малды апама ээ кылбай жерлерин оздору билип айдап алышкан.Апама биз алып кетели десек мен карыганда кайда барам ушул жерден олом деп ыйлап отурат.Агам олгондо журогу да оорулу болуп калды
15.10.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janila76, албетте коз ачып коргон куйоосу менен жашаган жайы жылууда. Сотко кайрылсаныздар
14.10.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да кудайга койдум дечуу элем эми мен атамдын туугандарын апамдын коз жашы тийсин деп каргачуу болдум
14.10.2015. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгер мен ушинтип каргасам озумо тийиши мумкунбу..?
15.10.2015. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym ozu ke4irsin.
men da bilbei bir tuuganyma bolgon 4yndykty aityp salsam.ozun4o kuduranat.
anyn adaty owondoi karganmaiyn4@ tura albait.any kandai tuwunso bolot
15.10.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Каргыш, сени каргайбы, сен бироону каргайсынбы, АЛЛАХтын таразасынан отот" деп таятам мени жоошутуп койчу эле. Ошентсе да каргыштан ото корком.
16.10.2015. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kundu-z,кошулам абдан туура айтылган соз.
16.10.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulaza, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо