Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЗИЯНЫН ЭҢ СУЛУУ СПОРТЧУСУ САБИНА АЛТЫНБЕКОВА

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

Казакстандык Сабина Алтынбекова учурдагы эң таанымал волейболчу кыз. Ал өткөн жылы болгон волейбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда көзгө илинип, сулуулугу менен интернет жылдызына айланган.

Аты-жөнү – Алтынбекова Сабина Абаевна
Жашы – 18
Улуту – Казак
Волейбол боюнча Казакстан курамасынын оюнчусу.

ЖОМОКТУН БАШТАЛЫШЫ
Былтыр Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн мелдеште Казакстан курама командасы жетинчи орунду гана камсыздаган. Бирок өзүнүн курамындагы спортчу, 17 жаштагы Сабина Алтынбекова жергиликтүү калктын сүймөнчүгүнө айланып, атагы чыга келет. Таң калтырганы – Сабина негизги курамдын оюнчусу эмес эле. Кадимки окуучу кыз, анча чоң эмес шаардын жашоочусу. Мектепте окуп, спорт менен машыгат. Азия чемпиондугуна катышкан спортчу көз ачып-жумганча жылдызга айланып, аталган мелдештин эң сулуу спортчусуна айланат. Мындай окуя жомокто гана эмес, жашоодо да болору дагы бир ирет тастыкталгандай.

БИРИНЧИ ОРУНДА ВОЛЕЙБОЛ
Сабина Казакстандын Актөбө шаарында туулуп-өскөн. Атасы лыжа спорту менен алектенсе, апасы волейбол менен машыккан. Мектепти Алматы шаарынан аяктап, учурда жогорку окуу жайдын биринде дене тарбия факультетинде билим алат.
«Алгач атасы экөөбүз кызыбыздын волейбол ойношуна каршы элек, бирок өжөрлүгү менен ушул деңгээлге жетип отурат. 18 жаштагы Сабинанын салмагы 59 килограммды түзүп, бою 182 сантиметр. Бутунун узундугу 124 сантиметр. Бул моделдик бизнес үчүн керектүү көрсөткүчтөр, андыктан моделдик агенттиктерден күн сайын сунуштар түшөт. Бирок кызым спортту биринчи орунга коюп, Казакстан волейболуна салымын кошкусу келет»,- деп билдирет апасы Нурипа.

АНИМЕ ЖҮЗҮ
Сабина 16 жашынан тарта «Алматиночка» командасында ойноп, Казакстандын жаштар курама командасына чакырылат. Ал Азия чемпиондугундагы алгачкы оюндан тарта жергиликтүү журналисттердин «курмандыгына» кабылып, сүрөттөрү интернет желесине жайылат. Буга казак спортчусунун япондордун анимесиндеги жүздөргө абдан окшоштугу күйөрмандардын кызыгуусун жараткан. Аниме белгилүү болгондой, Чыгыш Азияда өтө популярдуу.
«Сабинанын интернет жылдызга айланышы анын спортто ийгиликке жетишине терс таасирин тийгизет. Азия чемпиондугунда күйөрмандар толук курамды эмес, Алтынбекованы гана колдоп жатышты»,- дейт Казакстан курамасынын машыктыруучусу Нурлан Садиков. Чындыгында, ар бир оюнда Сабина топко аралашкан сайын аны кызуу колдоп, кол чабуулар угулуп турган.
«Алгач анча деле маани берген эмесмин. Бирок жергиликтүү тургундардын өзүнүн улуттук курамын эмес, Казакстанды алдыга сүрөшү таң калычтуу болду. Мен жөнөкөй казак кызымын. Мынчалык атактуу болуп кетерим түшүмө да кирген эмес»,- деп өз ою менен бөлүшөт Азиянын эң сулуу спортчусу.

ЭҢ СУЛУУ СПОРТЧУ
Сабина аталган мелдештен кайткан соң Казакстанда да белгилүү боло баштаган. Социалдык түйүндөрдө #LoveSabinaItynbekova хэштеги менен ага сүйүүсүн арнашса, Instagram баракчасына 300 миң, Twitter`ге 30 миң жана Facebook баракчасына 250 миң күйөрманы жазылууга жетишкен. Ошондой эле бир канча интернет-порталдар «Эң сулуу казак спортчусу» наамын ыйгарууга жетишишкен. Мындан тышкары Азиянын бир канча беделдүү фирмалары жарнамага тартылуу сунушун киргизишсе, моделдик агенттиктер чакыруусун токтотушкан эмес. Бирок жөнөкөйлүгү менен айырмаланган Сабина өзүн спорттон гана көрөрүн билдирген.
Спортчу быйылкы жылдан тарта команда которуп, эми Япониянын командасына кошулду. «Атактуулуктун терс жактары эми көзгө даана байкалып, тажатып жиберди. Тажрыйба топтоо үчүн чет өлкөгө чыгуум туура чечим болот»,- деп айтат спортчу.

Интернетте Сабинанын «моэ» стилиндеги (аниме каарманы) сүрөттөрү абдан популярдуу.

«Daily Mail» гезити Сабина Алтынбекова кандай гана мелдешке катышпасын, анда мелдештин өзү тууралуу эмес, Сабина жєнїндє көбүрөөк маалымат чыгат деп билдирген.


Адилет Керимбек улуу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(36)
12.10.2015. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Охооо классс
12.10.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай,татынакай экен)))))ийгилик
12.10.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Красавица экен. Молодец экен. Модель болуп кетпей.
12.10.2015. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жылдыздуу экен
12.10.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу кыз экен узун бойлуу
12.10.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик калайбыз казак боордошторго
12.10.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдар акылды,талантты кечириши мумкун, ал эми сулуулукту эч качан кечирбейт.(с) Ийгилик!
12.10.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Класс!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-12 13:47:17
12.10.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сулуу деп айтууга татыктуу. Боенуп чаптанган суллулар коргуло эми
12.10.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздикилер ушундай сулуу, куйормандары коп болсо эле жылдыз оорусу менен ооруп, асмандан суйлоп калышат, кээ бироолорго окшоп "мен популярдуумунбу" деп сурашып
12.10.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле аябай татынакай экен
12.10.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мага да жакты,бул кыз спорт тармагында ле өзүнүн сулуулугун далилдеп клйуптур. Башка кыздар сулуулар сынагына чыгып, өзүнүн сулуулугун далилдеп кыйналышып жатат.
12.10.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чындап сулуу кыз экен ийгилик
12.10.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки жаш суйуп турмуш куруп жашаса алардан сулуу балдар торолот демек бул кыздын ата-Энеси бири бирин ото катуу суйот экен
13.10.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактардын спорт сайттарынын окурмандары Сабинадан тажап "башканы жазгылачы" деп калганда бизге да жарыяландыбы?)) "Бутунун эле узундугу болбосо башка кыздардай эле" деген комменттерге кошулам. Кыргыздын кыздарына жетпейт)) А так Ийгилик!
13.10.2015. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле татына кыз экен, ийгилик))))
13.10.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийбесин. Нукура сулуулук!
13.10.2015. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
14.10.2015. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suluu kyz eken iygilik jash sportchuga boiuda ayabai uzun eken
14.10.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куурчак кыз экен го.......
14.10.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооба казакстанда интернеттен тушпой калганына коп болду. Бирок ошого татыктуу го. Биздин кээбир тын чыкма ырчы кыздарыбыз да жанылыктан тушпой мээни кайытып атпайбы, аларга караганда бул кыз айтыла берсин.
14.10.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Komrad,бир жагынан сага кошулсам,экинчи жагынан биздин деле сулуу,жакшынакай, бой көтөрбөгөн акылдуу кыздарыбыз деле көп го.Биз өзүбүздү басмырлап, кемчиликтерибизди оркойтуп көрсөтө бербегенибиз оң го,башкалар окуса күлүп жүрбөсүн, кыргыздын кыздары начар экен деп
14.10.2015. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апасыда оппогон сулуу кыргыз кыздарда бар!
15.10.2015. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизден да бир кыз чыгып журдуго волейбол ойногон
15.10.2015. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ой тооба кыргыздарды озубузду качанга чейин кеп кыласынар,бираз ойлонуп,кыргыздын баркын да билгиле да.сиздерден казак кызы сулуу,а кыргыз кандай деп сураган жокго.темага ылайык коммент,жазсанар,кыргыздарды дароо аралаштырып жамандабай,бизде деле бар нукура сулуулар жок эмес.боенгондор коруп алгыла деп коет дагы,казактар боенбойт бекен.
15.10.2015. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кыздын ойунун кайсыл жактан коро алабыз
15.10.2015. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ бар екен бул кыз тууралуу маалыматтар, оюндары. Чындыгында без макияж абдан сулуу екен
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-15 09:44:53
15.10.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ishani, курамы окшош сайттарды жарыялоого тыюу салынган! 3 күн БАН!
15.10.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир газетадан окуп калдым эле... Баткендик бир жигит ушул кызга суйуусун билдирип...кат жазып колун сураган экен...Админ маалыматыныз жокпу бул жонундо?
16.10.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
X-peria,ха ха ха,ичим ооруп калды куло берип.Кантсин Эми суйуп калса:)
16.10.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сулуу экен. Бою, буттары узуун. Кирпиктери тогулуп, жылдыздуу жкен
17.10.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супсулуу кыз экен
18.10.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бою аябай узууун экен. Супер
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо