№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
Кыргызда илгертен үй-бүлөнү кожоюн башкарат, бардык керектөөлөргө каражатты табуу милдети эркекте. Ал эми аял бала багып, тамак бышырып, үй-бүлө очогун жылуу кармашы керек деген түшүнүк бар. Бул биздин канга сиңген талашсыз нерсе. Бирок заманга жараша бул түшүнүккө өзгөрүү кирип жаткан маал. Айрым айымдар жашоодогу бир катар оор сыноолордон улам башкаруучулук тизгинин колго алса, кээ бирлери жолдошунун жардамы менен ийгиликтерди багынтып келет. Бүгүн биз айымдардын лидерлигинен улам жаралган маселелер, андан кантип чыгуунун жолдору тууралуу сөз кылабыз.
ЛИДЕР АЯЛ КЕЗИККЕН МАСЕЛЕЛЕР
ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Айымдарга кеңеш:
Мырзаларга кеңеш:
Жылдызкан Жолдошова, Жогорку Кеңештин депутаты: «АКЫЛДУУ АЯЛ ЭЧ КАЧАН КҮЙӨӨСҮНҮН ЭРКИНДИГИН ЧЕКТЕБЕЙТ»– Мен «аялдарды сыйлаш керек» деген жазылбаган мыйзам иштеген муунда чоңойдум. Кайсы жакка барба эркектер аялдарды алдыга өткөрүп, колдоп, сыйлап турушчу. Ал эми саясатка аралашып, элдин ишеничине кирүү үчүн бир топ тайгак жолдон өтүүгө туура келген.
Албетте, жумуштан ийгиликке жетүүдө үй-бүлөңдүн, жолдошуңдун колдоосу абадай зарыл нерсе. Мен бул жактан жолдуумун десем болот. Жолдошум экөөбүздү чоң сүйүү бириктирген. Бирок ынтымактуу, бактылуу үй-бүлө курууда махабаттан да улуу нерселер бар. Алар: ортодогу сый-урмат, ишенич, колдоо, түшүнүшүү. Ушулардын арты менен жолдошум экөөбүз бактылуу мамлекет куруп, 2 уул, 6 неберени тарбиялап келебиз. Үй-бүлөлүк маселелерде кимдики туура болсо ошого жараша экинчибиз эпке келип, артка чегинебиз. Аялзатынын негизги милдети – жылуу очок куруу. Демек, аял үй-бүлөсүнө да, жумушуна да керектүү өлчөмдө убакыт бөлүп, баарына жетишүүсү зарыл.
Жаратылыштын мыйзамына ылайык, эркектер эркин келишет, андыктан акылдуу аял эч качан күйөөсүнүн эркиндигин чектебеши керек. Канчалык эркиндик берген сайын өмүрлүк жарың өзүндө ошончолук жоопкерчилик бар экенин сезет.
Кенже Кененбаева, «Тимур» эмерек чыгаруучу фирмасынын директору:«ЖОЛДОШУҢ КОЛДОБОСО ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕ АЛБАЙСЫҢ»– Аял негизи бала багып, тарбиялап үйдө отурганы туура. Бирок азыр заман башка. Колдон келсе иштеп акча таап, жолдошуңа жардам берсең жаманбы? Бир киши тапкан акчага караганда эки адамдыкы кошулса пайдалуураак эмеспи. Албетте, аял иштеши үчүн биринчи кезекте үйүңдө бардыгы талаптагыдай болуш керек. Балдарыңдын курсагы ток, кийими таза, үй жыйналуу дегендей. Мен баарына жетишүү үчүн күнүнө 4 саат эле уктайм.
"Тимур" фирмасы 2002-жылы негизделген. Мен эмеректердин дизайнын иштеп чыгууга кызыгып, атайын дизайн-интерьер боюнча билим алгам. Азыр бардык эмеректердин дизайнын өзүм тартам. Жолдошум ишти түптөп берген соң башкаруучулукту мага тапшырган. Аял киши эркекке караганда так, жоопкерчиликтүү болот, бизге ишеним көбүрөөк. Кол алдымда 40тай киши эмгектенет, катаал башкаруучумун десем болот.
Эгер аялды күйөөсү колдобосо, ал ийгилик жарата албайт. Жараткан күндө да түшүнбөстүктүн айынан үй-бүлө эки ажырым жолго түшүп кетет. Аял киши эч качан эркекке теңелбеши керек, канчалык кыйын сүйлөсөң алар ошончолук каршы чыгышат. Аялдар күйөөсүнүн мүнөзүн жаттап калышат эмеспи. Ошого жараша эркекти бат эле көндүрүп, жөнгө салып койсо болот, башкача айтканда, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды алдын алууда аялдын амалкөйлүгү чоң роль ойнойт.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы! Маалымат такталып, каармандын өзүнүн айтуусу боюнча берилген.
тобоо неге а неге а
качан эле эркек киши аял кишиден коркчу эле