САЛЯНОВАНЫН КҮЙӨӨСҮ 7 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

Экс-башкы прокурор, эми Жогорку Кеңештин депутаты болууга даярданып жаткан Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровду Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 3-октябрда 7 жылга шарттуу кести. Эске салсак, Бакыт Абдыкапаровго «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү», «алдамчылык» беренелери боюнча айып тагылган эле. Буга чейин Бакыт Абдыкапаров үй камагында болуп келген.
Аида Салянова күйөөсүнө карата козголгон кылмыш иштерин өзүнүн саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп жарыялаган.
Белгилей кетчү жагдай, 6-октябрда мамлекеттик айыптоо Биринчи Май райондук сотунун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жөнөттү. Негизинен мамлекеттик айыптоо Бакыт Абдыкапаровду 7 жылга катаал көзөмөлдөгү колонияга кесүүнү жана үй-мүлкүн конфискациялоону өтүнүшкөн. Башкы прокуратурадан: «Бардык айыпталуучулар шарттуу түрдө гана кесилгенине нааразыбыз, бул чечимди жокко чыгаруу үчүн аракет кылабыз»,- деп билдиришти. Демек, Бакыт Абдыкапаровдун кайрадан сот залына барып калышы ажеп эмес.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(6)
12.10.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
закон баарына бирдей иштеш керек камаса камалсын башкасына сабак болот!
12.10.2015. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде азыр акыйкат жок болуп баратат акча берип чыгып кетет го менимче
12.10.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр кимисиники чын деп ойлойсун, угуп отурсан баары эле туура суйлоп жатат...
12.10.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шарттуу турдо кескени ачыка эле кесилгениби?
13.10.2015. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакында бул деле ооруп калат анан чет олкого "дарыланганы" кетет. Ошону менен бутот 7 жылы
13.10.2015. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шартуу кесип убара болбой эле коюшса болмок экен.Уйронгон адат калабы дегендей,мурдагыдай эле алып жутуп ичип жеп,ойноп кулуп журо берет байкебиз буйруса."Мамлекетке ири олчомдо зыян" келтиришип алып эле журо беришет кабагым кашым дебей.А колунда пулу жок байкуштарды тоок урдаса эле 5 жылга кесип салышат(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо