Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИШКЕКТЕ 5 МИЛЛИОН СОМ УУРДАГАН КИБЕР КЫЛМЫШКЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

Бишкекте "банкоматтар аркылуу жарандардын банктардагы эсебинен акчаларын уурдаган" деп шектелип 22 жана 23 жаштагы 2 жигит кармалды. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Украинага барып, мыйзамсыз жасалган жабдууларды сатып алып, аларды кантип колдонуу керектигин үйрөнүшкөн. "3 айдын ичинде ИИМдин иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өлкөдөгү банктардын биринин адистери менен биргеликте шектүүлөрдү аныктоо жана алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча иш жүргүзүшкөн. Керектүү маалыматтар чогултулган соң Чүй облусунун 23 жаштагы С.В. аттуу тургуну жана Бишкек шаарынын 22 жаштагы Ж.Р. аттуу тургуну колго түшүрүлдү. Алар жарандардын жалпысынан 5 миллион сомун уурдашкан",- деп билдирет мекеме. Мындан тышкары Бишкек ШИИББи ушундай кибер кылмыштарды жасаган адамдар Кыргыз Республикасында биринчи жолу кармалганын баса белгиледи.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(5)
12.10.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Уурдаган болсо, ошол чириген байлардын счетторунан чечип алса керек акчаларды. Карапайым эл болоор-болбос акчасын банкта эмес банкада эле кармашат го.
12.10.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wave.,банкада... Ошол созун учун плюс бастым сизге...
14.10.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чиновник элдин эсебинен байыгандардыкын уурдашкан болсо,, азаматтар экен.
15.10.2015. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"ИИМдин кызматкерлери эмнени кыйратышып атат" деп ойлогон оюм туура эмес экен,ууруларды тапкан кызматкерлер азамат экен. Жалаң эле байлар эмес,жөнөкөй адамдар деле банкта кармайт болуш керек,акчаларын.Кээ бирөө балдарын окутканга,же аларга үй-жай алып берели деп,машина,эмерек алам деп чогултуп жаткан акчаларын салат,үйдө сактаганга караганда, банкта сактаган жакшы го.Үйдө турса,же ууру кирет же өзүң жок кылып коёсуң.Анын үстүнө биздин эл жакшы эле жашайт,кафелерде күндө той,көчөдө машина жайнайт
23.11.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хакерлер деп койчу беле буларды? Кантип уурдашты уйронуп алсам жакшы болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо